Токон Мамытов, “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы:«Кумтөрдү» улутташтырууну колдойм, бирок талаптарым бар»

Tokon Mamytov-Жогорку Кеңеште “Кумтөр” маселеси каралганы турат. “Кумтөр” маселеси кандай чечилчүдөй?
-Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт бекиткен 50-50% менен биргелешкен ишкана түзүү жагы каралууда. Бирок бир чоң көйгөй — убакыттын тардыгында. Сүйлөшүүлөр кийинки алты айда эле жанданды. Буга чейин 200 млн доллар боюнча кылмыш иши чыкты. Чуркап жүрүп августтун аягында баштап, эми октябрь, декабрь, январь, февраль айларында жолугуштук. 4-5 айда, чынында, бир жылдык жумушту жасап койдук. Көп маселелер чечилди. Чечилбей аткандары да бар.

-“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев көтөргөн “Кумтөрдү” улутташтыруу маселеси боюнча оюңуз кандай?
-“Кумтөрдү” улутташтыруу бир чети кыргыз баласы, кыргыз жараны катары мен үчүн кызык, муну колдосо болот. Бирок, улутташтыруу десек, анда мен бир нече талаптарды коймокмун. Биринчиден, улутташтыруунун программасын көрсөтүп, экинчиден, юридикалык жана финансылык маселелерди ачык-айкын чечип алуу керек. Кенедей эле “Ак кеме” мейманканасы боюнча эл аралык сотто утулуп калып, айлабызды таба албай, канчалаган каражат төлөмөр болдук. Ал эми “Кумтөр” ишканасы өтө чоң нерсе. Эл аралык сотто кантип жооп беребиз? Экология маселесин кантип чечебиз? Тоо тектери карьердин үстүнө жылып келатат, аны токтотуу, призма, пирамида салуу үчүн миллиондогон долларларды кайдан табабыз? Көп нерселерди: жардыруучу зат, химикат, күйүүчү-майлоочу майларды чет өлкөлөрдөн сатып алуу керек. Ушул маселелерди ким чечет? Улутташтыруунун жоопкерчилигин ким алат? Эгер улутташтыруу идеясы ишке ашпай калса, жоопкерчилиги кимде болот? Азыр кыйкырып аткандар “Мен маанайым түшүп турганда айтып койдум эле, ошого ишенип алып, ушундай кылдыңар беле?! Ойлонуп койсоңор болмок” деп чыкса, анда кандай болот? Ушул суроолорго жооп бере турган программаны, ишке ашыра турган кишини көрсөм, анда улутташтырууга негиз бар турбайбы деп кош колдоп колдоого алмакмын. 1992-жылдан берки кагаздарды окуп чыккандан кийин көп маселенин башын ачыш керек экен деген ойго келдим. 2009-жылдагы келишимдин 2003-жылга салыштырмалуу бир топ жылыштары болгону менен, төбө чачыңды тик тургузган учурлары бар экен. 1-2 келишимди үстүртөн окуп алып, сүйлөй берүүгө болбойт.

-Сиз коопсуздук кызматында иштеп жүргөн кездерде “Кумтөргө” тиешеңиз болду беле?
-“Кумтөргө” тиешем болгон эмес. Чалгындоо жана контрчалгындоо тарабында иштегем. Бир гана жагы, 1998-жылы цианид төгүлгөн учурда комиссия мүчөсү элем. Коопсуздук органында жетекчи болуп турганымда жалпы маселеден кабарым бар болчу. Бирок маселени бүгүнкүдөй таанып билгенимдей Улуттук коопсуздук кызматынан да кабардар болгон эмес элем.

Коррупциялык схеманы ачыкка чыгаруу
-Токон Болотбекович, буга чейин алтын-кен тармагында иштебей, Коопсуздук кызматында 30 жылдан ашык иштесеңиз дагы, “Кыргызалтынга” жетекчи болуп келип, өзүңүзгө негизинен коопсуздук жана коррупциялык схеманы ачыкка чыгаруу милдети жүктөлгөнүн айттыңыз эле. Мындагы коррупциялык схеманы ачыкка чыгаруу боюнча иштерди аягына чыгара алдыңызбы?
-Негизи көп эле жерде, өзгөчө жалпыга маалымдоо каражаттарында “Кыргызалтында” коррупция схемасы иштеп атат деген маалымат тарап атпадыбы. Жетекчи болгондон кийин менин максаттарымдын бири катары – кемчиликтер менен күрөшүү, коррупциялык схема болсо, аны, уурулукту жоюп, башаламандыкты тартипке келтирүү болду. Коррупциялык схема боюнча эч жактан тапшырмаларды күтпөй эле, өзүбүз багыттарды аныктап, программа түзүп, күрөшүүнү баштаганбыз. Ишканадагы тармактык жетекчилер менен биргеликте 1-2 жолу башкармалыктын жыйынын чакырып, анда Улуттук коопсуздук кызматынын да пикирлерин уктук. Чынын айтканда, ууруларды колунан кармап албагандан кийин “мунун колу туткак, тигинин колу туткак экен” дегендей, далилсиз айта албайм, элди суракка алып, жазага тартууга менде укук жок. Ошол себептүү уурулук фактысын жоюу үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен жолугуп, азыр “Кыргызалтында” милиция бөлүгүн уюштуруп атабыз. Булардын чыгымын көтөрүү, бүт шартын түзүү жагы биздин эсебибизден. Уурулукту, уурдаганга мажбурлагандарды токтотобуз деген ишенимибиз бар.
Чынын айтканда, имиш-имиш сөздөр көп. Мисалы, ушул жайда “Макмал” алтын кенинде уюшкан кылмыштуу топ өкүлдөрү бир баланы сабап кетиптир деген сөз жүргөндө, ал учурдагы ИИМ министри Абдылда Суранчиевге кайрылганбыз. Биздин бала ИИМ жетекчилиги күтүп аткан күнү, эртеси да келбей, өзүн сабагандар менен келишип алышканын айтыптыр. Бирок гезитке “мени эч ким укпай койду” деп интервью берип, кайра башкача сүйлөптүр. Ошентип биз тараптан да мүчүлүш кетип атат, балким, ал өзү дагы уюшкан топ менен байланышта болушу мүмкүн.

-Кара-Балтадагы аффинаж заводунда 25 килограмм алтын уурдоо боюнча да маалымат чыкты эле, ал такталдыбы?
-Ырас эле жаңы жыл алдында да аффинаж заводунда 1 жылдан бери 25 кг алтын уурдалыптыр деген күбүр-шыбыр жүргөн. Аны текшерүү үчүн эки комиссия иштеп, анча-мынча фактыларды тааптыр. Бирок 25 кг уурдалды дегени аныкталган жок. “Ушундай шек бар, маалымат такталган эмес, бирок аныгына жетип бергиле” деп УКМК, ИИМге кайрылдык. Заводдо инвентаризациялоо бүтө элек, марттын 5-10дорунда аягына чыгат.

-Сизди да “Кыргызалтынга” келээри менен чоң сумма каражатка ээ болуп калды деген маалыматтар тарабадыбы?
-Ооба, “Токон Мамытов келе калып, жарым миллион сомго ээ боло калды” дешти. Чынында, ал каражаттын чоо-жайы мындай болду: Биз депутат экенибизде 5-6 кишинин пенсиясын “Силер эми депутат болдуңар” деген шылтоо менен кыркып салышкан. Ошол депутататтар сотко кайрылганбыз. Кыргызстан боюнча иштеген пенсионерлердин баары эле пенсиясын да, айлыгын да алып жатышса, биз эмне, башкача бекенбиз? Пенсияга жетиш үчүн биз дагы 30-40 жылдап иштегенбиз. Конституциялык палата арызыбызды жөндүү деп тапкан. Бирок эки жылдан бери ал каражатыбыз төлөнүп берилген эмес. Эки жылдан кийин Социалдык фонд ошол акчаны которуп, меникинин жалпы суммасы жарым миллиондон ашык сом болду. Ушул көйгөйдү чечип бергени үчүн Өкмөткө да ыраазы болдум. Жакында декларация толтуруп, жарым миллион сомумду дагы көрсөтүп койдум.

-Буга чейин Өкмөт “Кыргызалтынга” 354 миллион сом карыз экенин айттыңыз эле, карыздар төлөнүп берилдиби?
-354 миллион сом өз учурунда, 2011, 2012, 2013-жылдары “Кыргызалтын” тарабынан өкмөткө төлөнүп кеткен экен. Сиздер да туура түшүнүӊүздөр, экономикалык абал оор болуп турганда өкмөттөн ошол акчаны кантип сурайбыз? Ошентсе да “Кыргызалтынга” азыр акча керек болуп турат. “Кыргызалтынга” тиешелүү Терек-Сай, Макмал, Солтон-Сары алтын кендеринин тамтыгы чыгып калды. Терек-Сай алтын кени 56 жылдан бери иштеп келатат. Макмал 1998-жылы эле жабылыш керек болчу. Солтон-Сары толук кандуу катары эсептелгени менен ал сезондуу, кышкысын 4-5 ай иштебейт. Ошентсе да аны да, Макмалды да токтотпой иштетип келатабыз. Макмалда дагы 1400 кг, Солтон-Сарыда 400-500 кг алтын кени бар. Терек-Сайда жаңы фабриканы иштеткенге 300-400 млн сом керектелет. Кээ бир сабатсыз чиновниктер “Алтындын үстүндө олтуруп алып акча жок деп айтасыңар” дешет. Мисалы, Макмалдын көчөлөрүндөгү таштарды терип алып иштетсең, андан алтын чыкпайт, кум менен шагыл эле чыгат. Алтын-кен тармагы айыл чарбасындагыдай эмес, азыр эгип коюп, күзүндө түшүмүн жыйнап алгыдай. Мында 1 млрд акча сарптасаң, үзүрүн 3-4 жыл күтүшүң керек.

-Сиз келээрде “Кыргызалтын” ачык акционердик коому банкроттук абалга кептелгени айтылып келди эле, андан бери ишкана кантип жашап атат?
-Чынында, азыр деле абалыбыз оор болгону менен, банкрот абалындабыз деп айтуудан алысмын. “Кыргызалтын” ААКына караштуу автобаза, Кара-Балтадагы аффинаж заводу, цех, мейманкана, пансионат бар. Ушулардын эсебинен жардам берилип, акча каражаты оошуп кетип атат. Макмалды жаап салганга да болбойт, бул Тогуз-Тородогу ири ишкана, 1300дөй адам иштеп атат. Ар биринин артында үй-бүлөсүндө 6-7ден кишинин жашоосу кандай болот? Макмал эскирсе дагы, эки айлап токтосо дагы, калдыктарын чогултуп, иштетүүдөбүз. Макмалдын жанындагы Кылдоо деген жерде алтын- кени бар, алтын запасы 5-6 тонна. Муну “Кыргызалтынга” өткөрүп берүүнү суранып атабыз. Эгер өкмөт бизге өткөрүп берсе, 300-500 млн сом талап кылынат.
Биз кризистик программа түздүк, долбоорлорду даярдап койдук. Бирок алтын кени өзгөчөлүү тармак экен. Акча каражатынын тартыштыгы бизге тоскоол болууда. Бир топ инвесторлорду тарттык. Сингапур, Сауд Аравиясы, Германия, Венгрия, Англия, Кытайдан инвесторлор келип атышат. Бир фирма 18 миллион долларды берүүгө даяр. “3 алтын кениңерден башка дагы кайсы алтын кениңер бар?» деп сурашууда. Ал эми өкмөт жогорудагы аталгандардан башка кендерди иштетүү боюнча бизди тендерге катышууга чакырууда. Тендерге өз каражатыбыз болбогондон кийин, чет элдиктер менен биргелешип катышуу үчүн 7 фирмага сунуштарыбызды бердик. Бул маселе боюнча март-апрель айларында инвесторлордун келиши күтүлүүдө.

“Айдоочу, катчы, жардамчы да ала келгеним жок”
-“Кыргызалтынга” жетекчи болуп келип, коопсуздук жагдайын караганыңыз, коррупция боюнча иш жүргүзгөнүңүз жамаатта адам катары сизди ыңгайсыз абалга калтырган жокпу?
-Чынында, “Кыргызалтын” жамаатына ыраазылыгымды билдиргим келет. Баары болбосо дагы, теңинен көбү жакшы адистер экен. Мен ушуларга таяндым. Жамаат болгондон кийин ар бир кенде өздөрүнүн кишилерин жетекчиликке сунушташат. Бирин уксаң, экинчи тарабы таарынат. Ошондуктан бөлүм начальниктери ж.б. кызматтарга конкурс жарыялап, өзүм ал комиссияга кирген жокмун, комиссияны орун басарым жетектейт.

-Баш-аягы канча кишиге кылмыш иши козголду?
-Эсептөө палатасы, Ревизиялык комиссия жана өзүбүздүн ички комиссия 14-15 фактыны ачып, укук коргоо органдарына өткөрүп берди. 50-60 киши суракта жүрдү. Мен кызматкерлерге жыйналыш өткөрүп: “Силерди ууру деп айта албайм, ишти тергөө амалдары, сот териштирип аныгына чыксын” деп түз эле айттым. Жамаат да туура көрдү. Бул кызматка калем сабымды жана блокнотумду гана көтөрүп келгем. Жадакалса айдоочу, катчы, жардамчымды да ала келгеним жок, баары – ушул жамааттын кишилери. Эгер кетип кала турган болсом да, калем сабым менен блокнотумду гана көтөрүп кетем.

-Депутаттык шайлоого барасыз да?
-Ооба, шайлоого барайын деген оюм бар.

-Мурда “Ар намыс” партиясы менен шайлоого бардыңыз эле, азыр КСДП менен барат деген маалыматтар айтылып жатат?
-“Ар-намыстын” тизмеси менен депутат болуп келгем. Азыр эч бир партиянын мүчөсү эмесмин. Эгер кайсы бир партия, маселен, КСДП чакырса, сунуштарын карап көрөм. Болбосо башка партиялардын да сунуштары болсо, ойлоном.

Маектешкен Айгүл Бакеева