Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Кыргызстандагы үч-төрт бактылуу адамдын бири менмин»

Akun

– Кайсы жасаган иши ңизди сыймыктанып айта аласыз?
– Укук коргоо жаатында жасаган иштерим – жакында эле Ысык-Көл шеринесин өткөрдүм. Мындай шеринелерди үч жолу өткөрдүм. Бир эмес үч жолу акыйкатчы болдум. Парламенттин шайлоосунда ишенимге татыдым. Бул аябай чоң нерсе. Андан сырткары, Кыргызстандын тарыхында “кыргыз энциклопедиясына” ту ңгуч укук-коргоочу деп менин аты-жөнүм кирди. Адам укуктары боюнча Борбордук Азиядагы кызыл китепке КМШ укук коргоочуларынын бири катары катталдым. Мындан сырткары, миңдеген адамдарга жардам бердим.

– Ар бир үйдүн өзүнүн жазылбаган мыйзамдары болот эмеспи. Сиздин үйбүлө ңүздө кандай мыйзамдар бар? Салтты бекем кармайсыздарбы?
– Албетте, жазылбаган мыйзамдар бар. Мен дарбазадан сыртка чыкканга чейин жеңеңердин сөзүн угуп, алардын айткандары менен болом. Башкача айтканда, дарбазага чейин кожоюн эмесмин. Анткени, мен үй жумушун аткарбайм. Андай иштердин бардыгын үйдөгүлөр кылат. Кыргыздын бардык салттарын бекем кармайбыз дегенден алысмын. Бирок ата-энени, улууларды сыйлоо, келген конокторду төргө отургузуу, колго суу куюп берүү, учурашуу деген сыяктуу салттардын баардыгын кармайбыз. Мындан сырткары, балдарымдын бардыгы шаарда окугандыгына карабастан үйдө кыргыз тилинде гана сүйлөшөбүз.

– Мүнөзүңүздө таарынчаактык сапаттарыңыз барбы? Негизи эле өзүңүздүн кайсы сапаттарыңызды жактырбайсыз?
– Менин таарынчаактык сапатым бар да. Кээде үйдөгүлөргө, кээде саясатчыларга таарынам. Бирок, ал таарынычымды жүрөгүмдүн түпкүрүндө кек кылып сактабастан алардын бетине айткан соң, тез эле жазылып кетем. Мага жапкаган сапаттарымдын бири бул – ачууланганым. Бир заматта ачуум келип, жиним кайнап чыгат.

– Өзүнүн атасы менен тең адамга турмушка чыгып жаткан жаш кыздарга болгон көз карашыңыз кандай?
– Эми алар кыргыздын ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан каада-салт, үрп-адаттары менен кабардар эмес болуш керек. Мен аларды бир жактуу күнөөлөй албайм. Анткени, алардын укугу. Улуу адамдар аларга үй алып берет, жакшы жашоого шарт түзүп берет. Ага чейин ал кыз кыйналып жүргөн болсо. Ошондон улам өзүнөн улуу адамдарга турмушка чыгып алып жатышпайбы. Биз алардын тандоосуна эч нерсе дей албайбыз да.

– Эркектер ушакка жакын дешет. Сиздин пикириңизде мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Билбейм. Илгерки кыргыздын чыныгы эркектери ушак деген эмне экенин билишчү эмес. Малды, жайытты, санжыраны сүйлөшүшкөн. Азыр аялдар эмес эркектер ушакчы болуп баратканына өтө кейийм. Эркектер майдаланып баратат. «Эркектер казанда, аялдар базарда» болуп жатпайбы. Иши жок эркектер эмне кылышат? Ушак айтышат да. Ал эми иштеген, кызматы бар эркектердин ушак айтканга убактысы деле жетпейт.

– Үйдө маанилүү маселелерди ким чечет?
– Маанилүү маселени мен чечем. Бирок, кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей үйбүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүп туруп акыркы чечимди мен кабыл алам. Кээде кеңешпей чечип алып өкүнүп калган учурларым болот.

– Бактылуулук деген эмне?
– Бактылуулук деген күнүмдүк ишинен ырахат алуу. Жумушка көңүлдүү барып, көңүлдүү кайтуу. Кыргызстанда үч-төрт бактылуу адам болсо, алардын бири менмин.

– Эки жаш турмуш кургандан кийин алардын сүйүүсү балага өтүп кетет дешет эмеспи. Иш жүзүндө кандай?
– Бул жөн гана айтылган сөз. Сүйүүнү акырына чейин баалай албаган адамдар ошондой деп ойлоп калат. Сүйүү үйлөнгөнгө чейин кандай болсо, үйлөнгөндөн кийин деле ошондой эле сакталып кала берет. Албетте, балага да өтөт. Бирок, аялга, сүйгөн жарга болгон сүйүү башкача да.

– Үйбүлө ңүздө казан-аяк кагышканда ким биринчи компромисске барат?
– Көпчүлүк учурда мен барам. Эгерде жеңең кыйкырып, ачууланып киргенде «мына күн күркүрөй баштады, азыр эми жаан жаап, каарга айлана баштайт» деп чыгып кетем. Айланып басып жарым сааттан кийин келсем кыйкырбай, баягы ачуусу тарап кеткен болот. Кээде мен дагы компромисске барбай коем. Мындай учурда жеңеңер барууга аргасыз болот.

– Эл алдына чыгып сүйлөчү сөздөрүңүздү жаттап алып айтасызбы же?
– Жок, мен жаттабайм. Саясатта жүргөн адамды түн ортосунда тургузуп алып сурасаң деле айта берет да. Бирок, чооң жыйындарга чыгаар алдында айтчу оюмду топтоп, сүйлөчү сөзүмдү бекемдейм. Биринчи чыгып сүйлөгөндү жаман көрөм. Чоң жыйын болсо биринчи чыгып сөз сүйлөсөң бир аз жаңылыштыктар кетип калышы ыктымал.

– Сизди өкүндүргөн нерсе?
– Адам бул жашоодо көп иштерди аткарып, көп нерсеге жеткиси келет эмеспи. Анын сыңарындай, мен дагы көп нерсени аткара албай атам. Мисалы, менин өмүр-баяным жөнүндө бир чыгарма жазайын деген оюм бар. Ѳзүм деле очерк, макала сыяктуу публицистикалык бир чыгарма жазсамбы деп даярданып жүрөм. Анткени менин башыман өткөн окуялар өтө кызыктуу. Ошонун баарын жазсам дейм.

– Алгачкы жолу кайсы кызматта иштеп канча маяна тапкансыз? Тапкан акчаңызды эмнеге жумшадыңыз эле?
– 1977-жылы Токмоктогу эт комбинатында терилерди сорттоп, ошол жерден көп акча алганбыз. Ал акчага балдар-кыздар менен Алматыга саякаттап барып келгенбиз. Ошол мен үчүн башкача таасир калтырган.

– Студенттик күндөрдөгү кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
– Окуп жүргөндө Г.Абрамович деген абдан катуу, аксакал мугалим микро-геологиядан сабак берчү. Сабагына кечигип келген студенттерди кайра кууп чыкчу. Бир күнү он чакты студент сабакка кечигип келди. Аларды “бараны” деп айтып жатпайбы. Анан мен чыга калып: “Вы не имеете право их оскорблять, они не бараны, они кыргызы” деп экөөбүз урушуп кетип, мени лекциясынан чыгарып жиберди. “Бул студент мага баш ийбейт, бул баланы окуудан чыгарабыз” деп деканатка азыр берип салды. Мен анын үстүнөн “адамдардын укугун тебелейт” деп ректорго арыз жаздым. Ректорат териштирип, окумуштуулар ке ңешинде карап, ал жакта он алты киши бар экен, он алтынын тогузу мага добуш берип бир добуш менен ал мугалимди жеңип кеткем. Ошондон кийин мен студенттердин укугу менен күрөшүп белгилүү болуп кеткем.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

«Эгерде жеңең кыйкырып, ачууланып киргенде «мына күн күркүрөй баштады, азыр эми жаан жаап, каарга айлана баштайт» деп чыгып кетем. Айланып басып жарым сааттан кийин келсем кыйкырбай, баягы ачуусу тарап кеткен болот.»

«Менин таарынчаактык сапатым бар да. Кээде үйдөгүлөргө, кээде саясатчыларга таарынам. Бирок, ал таарынычымды жүрөгүмдүн түпкүрүндө кек кылып сактабастан алардын бетине айткан соң, тез эле жазылып кетем.»