Улукбек КОЧКОРОВ, ЖКнын депутаты: «Алсыз эркектер аялзатына кол көтөрөт»

Жогорку Кеңеште билими, интеллектуалдык деңгээли депутаттык мандатка татыктуу саналуу гана депутаттар бар экени эч кимге деле жашыруун эмес. Келечектен көптү үмүттөндүргөн, патриот эл өкүлдөрүнүн бири Улукбек Кочкоров менен саясаттан тышкары өңүттө маек курдук.

— Улукбек мырза, сөз нугун балалыктан баштасак, мектепте окуп жүргөн кезиңиз тууралуу айтып берсеңиз?
— Мен Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептен билим алгам. Алгач, мектеп босогосун аттаганымда бою эң кичинекей балдардын катарын толуктасам, мектепти аяктап жатканда бою узун окуучулардын катарына кошулдум. Айтор, ата-энебиздинби, же мугалимибиздин катуу талап коюп окутканынанбы – мектепти жакшы окудук. Эсимде, 4-класста окуп жатканда мугалимдер мага мактоо баракчасын беришкен. Мен ал кезде жылдык чейректен төрт сабактан «4» деген баа алган элем. Алган баама карабастан мага мактоо баракчасын берип койгондо «бул баракчага мен татыктуу эмесмин!» деп өзүмдү аябай жемелегем. Бирок, ошол мактоо баракча менин билим алып, жакшы окушума бир топ эле түрткү берип, жыл сайын мактоо баракчаларына ээ болдум. Жакшы окуп эле тим болбостон, убагында мектептин, райондун атынан футбол, баскетбол, волейбол оюндарын ойноп, алдыңкы орундарды багындырып жүрдүк. Айрым учурларда оюндун аркасынан сабактарга да катышпай, мугалимден тил уккан күндөрүбүз да болгон.

— Канча бир туугандын арасында чоңойдуңуз? Ата-энеңиз сизге кандай тарбия бере алды деп ойлойсуз?
— Биз орто жетишкен кызматкерлердин үй-бүлөсүндө туулуп-өсүп, татыктуу тарбия алып чоңойдук. Алты бир тууганбыз: эки кыз, төрт уул. Ата-энебиз бизге татыктуу тарбия берди деп ойлойм. Айрыкча, апам бизге «эмгекчил болгула» деп көп айтчу. Негизинен, биз тамеки  эгип, өрүк терип, мал багып чоңойдук. Апам бизди эч качан бош жүргүзчү эмес. Эгерде өзүбүздүн үйдө жасаганга жумуш жок болсо, атамдын, апамдын бир туугандарына барып жардам берчүбүз. Апам «үйдө бош отургуча туугандарга барып жардам бергиле. Алар да эртең келип жардам беришет. Колуңдан жакшылык келсе аны аябагын, бара-бара акыбети кайтат» деп көп айтчу. Биз кээде «апам жок жерден бир иш таап чыгат» деп таң кала күлүп калчубуз. Бирок, мына ошол ата-энебиздин тарбиясынын аркасында көптөгөн бийиктиктерди багындырдык деп айта алам. Мен эле эмес, менин бир туугандарым да өздөрүнө татыктуу кесиптин ээси болуп, коомдо өз ордуларын табышты. Мен бул үчүн ата-энеме терең ыраазычылыгымды билдирем.

— Жогорку окуу жайын аяктаган соң жумуш таппай кыйналган учурлар деле болсо керек?
— Биз жогорку окуу жайына тапшырганда шаарга өзүбүз келип, жатакана издеп, бир топ кыйналган күндөр башыбыздан өткөн. Мен жогорку окуу жайын аяктагандан кийин негедир Бишкекте мүмкүнчүлүктөр көптөй сезилип, айылга барбай, шаарда иштеп калгым келди. Ошол учурда ата-энем чалып «Балам, келбейсиңби? Жакындарыбызга дипломуңду майлап берели» дегенинен улам барсам, атам: «Балам, бул жерде эле иштеп кал. Жумуш да таап койдум» деп калды, мен ага макул болгон жокмун. Ошондо атам «Балам, Бишкекте калып иштейм деп атасың, мен сага бир ай убакыт берем. Бул мөөнөттүн аралыгында кесибиң менен иштеген жумуш тапсаң шаарда каласың. А эгерде базарга чыгып, же башка иштерди иштей турган болсоң, айылга келесиң. Сени кийин «Ата, сиз мени шаарга жибербей койгонсуз» деп күнөөлөбөсүн деп мүмкүнчүлүк берип жатам» деп шаарга узаткан эле. Ошол бир айдын ичинде Бишкектеги бир топ ишканага резюмемди берип, өзүмдү сунуштап жүрүп, акыры бир ай болгондо Свердлов райондук администрациясынын финансы бөлүмүнө бюджет боюнча жетектөөчү адис болуп кызматка орношуп калдым. Ал ишке орношуп калышыма ошол жерде иштеген Гүлнара деген эжекебиз себепкер болгон. Бирок ал эже менен менин эч тааныштыгым жок болчу. Мен алигүнгө чейин ошол эжени эстейм. Себеби, ал өзүмдүн эжем, өзүмдүн энем катары мени жетелеп жүрүп баарын үйрөткөн. Биздин коомдо, мамлекетибизде, айланабызда дал ушундай адамдар бар экенине мен ыраазымын. Бүгүнкү күндөгү ийгиликтеримдин башаты ошол жерден башталган болчу.

— Жубайыңыз, балдарыңыз тууралуу айтып бербейсизби? Келинчегиңиз менен кандайча таанышып, баш кошуп калдыңыздар эле?
– Мен кеч үйлөндүм. Апам дайыма «Жамандык-жакшылыкта катышып турганга өзүбүз тараптан эле болсо. Бир элден, бир жерден болсо» деп айтып калчу. Кийин «Балам, кайсы жерден болсо да ала берчи. Биз да небере жыттап, небере чоңойткубуз келет. Кыргыз эле болсо болду, ала бер» деп айта берчү (күлүп). Ошентип, жыйырма жети жашымда үйлөндүм. Келинчегим менен инилерим аркылуу таанышып, бири-бирибизди жактырып, 2001-жылы баш кошконбуз. Биз кыз-жигит болуп деле көп сүйлөшкөн жокпуз. Бирок, бири-бирибизди жакындан билиш үчүн төрт айдай жолугуп жүрдүк. Эң башкысы, бири-бирибизди түшүнөбүз. Төрт балабыз бар: үч уул, бир кыз. Улуу уулум Таалай – учурда 6-класстын окуучусу. Кызым Айганыш 3-класста окуйт. Андан кийинки уулдарым Амир менен Сабир бала бакчага барышат.

— Жаштык, мастык кылып, келинчегиңизге кол көтөргөн учурлар деле кездешсе керек?
— Кудай сактасын, андай болгон эмес. Негизи эле мен аялзатына кол көтөргөн эркектерди колдобойм. Андай кылган адамдарды эч түшүнө да албайм. Алсыз эркектер аялзатына кол көтөрөт. Айрым учурларда кол көтөргөнгө караганда башкача көз караш, же айтылган сөз андан да катуу таасир бериши ыктымал. Сенин ошол көз карашыңды көргөндө эле келинчегиң баардыгын түшүнүшү мүмкүн. Мен бир көз караш менен болбосо да, сөз менен түшүндүрүп, ортодогу маселени чечкенге аракет кылам.

—  Балдар туура эмес иш кылса атасы «апаңа окшошуп калгансың го» деп калат эмеспи. Сизде да мындай учурлар кездешпей койбосо керек?
— Менимче, ар бир ата тамашалап ошентип айтып коет болуш керек (күлүп). Балдарым да, кызым да кеч келгенде «Ата!» деп алаканы менен менин алаканыма чаап коюшат. Бул «мен мектептен беш алдым» деген сөз. Алаканыма канча жолу чапса, ошончо беш алган болот. Эгерде сабактан келгенде алаканыма чаппай калса, баа алган эмес болот. А мен анда тамашалап «Кызым, бүгүн апаңа окшошуп калгансыңбы?» деп күлүп калам. Чын-чынына келгенде, балдарымдын сабагынан тарта кийим-кечесине чейин апасы карайт. Бул жагынан алганда балдарым апасына жакын.

— Балдарыңыздын эсиңизде калган кылык-жоруктарынан айтып бербейсизби?
— Эсимде, бир жолу кичүү уулумду кечинде «Жатпайсыңбы!» деп урушуп коюп өзүм жатып алгам. Эртең менен турсам уулум мени аябай коркунучтуу, ачуум келип аткандай кылып, а өздөрүн апасынын жанына корголоп тургандай кылып сүрөт тартып коюптур. Мына ошол сүрөт мага аябай таасир берген. Ошондон кийин катуу ачуум келген күндө да балдарымды катуу урушпаганга аракет кылам.

— Келинчегиңизге көп каражат коротосузбу же машинаңызгабы?
— Негизи үйгө, балдарга эмне керек болсо баардыгын келинчегим алат. Артынан түшүп деле канчасын өзүнө иштетип, канчасын балдарга иштетип атат деп эсептебейм. Ал эми автоунаама бензин куюп, майын алмаштырганым эле болбосо, көп деле каражат сарптабайм.

— Кыргызда “Ачуулуунун астынан чыкпа” деген макал бар эмеспи. Жиниңиз келгенде кимден чыгарып аласыз жана ачууңузду кантип басасыз?
— Негизинен, мен өтө токтоо, оор басырыктуу элемин. Ооба, айрым учурларда үйдө туура эмес иш, же туура эмес сөз болуп кетсе урушуп коюшум мүмкүн. Бирок, ачуум тез эле жазылып кетет. Жазылгандан кийин “туура эмес кылып койдум, кантип күнөөмдү жуусам экен” деп ойлонуп, өзүмдү жемелеп калам. Кээде келинчегиме да катуу айтып коем. Ал баардыгын түшүнүп, байкап, мени алаксытууга аракет кылат. Ошонун негизинде биздин казан-табактарыбыз кагышпай калат (күлүп). Мен келинчегимдин ушул сапатын баалайм. Бирок, жумуштан дайыма өзүмдү кармап, жумуштагы кызматкерлерге эч убакта ачуумду чыгарбайм.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА