УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР, КЫМБАТТУУ ЭМГЕКЧИЛЕР!

Salymbekov 2“Эмгек” саясий партиясынын жана жеке өзүмдүн атыман бардык кыргызстандыктарды 1-Май – Эмгек майрамы менен куттуктайм!
1- Май жалпы кыргызстандыктар үчүн жаңырууга, ѳсүүгѳ багыт берген ЖАЗдын жана ЭМГЕКтин майрамы катары ѳтѳ зор мааниге ээ. Анткени анын негизин адамзатты жаркын келечекке жеткирген адам жана анын талбаган эмгеги түзүп турат.
Биз үчүн бул майрам эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин, ынтымагынын жана эмгектин салтанатынын майрамы болгон жана болуп кала берет!
1-Май – ар күнү маңдай тер агызган эмгек менен эртеңки күндү байыткан, өлкөнүн, өзү жашаган аймактын, өзүнүн үй-бүлөсүнүн бакубаттуулугун арттырган эмгекчинин майрамы. Бул майрам баарыбыз үчүн биримдиктин жана өз ара түшүнүшүүнүн майрамы болгон жана болуп кала берет! Бир гана талыбаган жана жаратман эмгек биздин телегейибиздин тегиз болушун камсыз кылат.
Тынчтыктын, эмгектин майрамы сиздерге жакшылык, ден -соолук, бакыт жана Кыргызстаныбыздын гүлдөп өнүгүшүнѳ багытталган жаратман эмгектин кубанычын тартуулап турсун! Уул-кыздарыңыздар жана жакындарыңыздар ар убак сиздерди кубантып, иштериңиздер өргө карай жылып, өзүнүн жемишин берип турсун!

“Эмгек” саясий партиясынын тѳрагасы Аскар Салымбеков