Ырчы Кенже КѲБѲКОВАДАН «Чачыратма манты» тамагы

Kobokova1 Kobokova2 Kobokova3Керектелүүчү азыктар:
Эт, камыр, бөдөнөнүн жумурткасы, картошка, сабиз, пияз, каймак. Булардын көлөмү жасап жаткан тамагыңдын көлөмүнөн көз каранды болот.

Жасалуу ыкмасы:
– Чачыратма мантысы – тез даярдалуучу тамак. Алгач камырын жууруп, кичинекей тоголок кылып жайып, бууга бышырып алабыз. Андан соң камырдын бетине каймакты сүйкөп, төрт бурчтук кылып бүктөйбүз. Бөдөнөнүн жумурткасын сууга тоголок боюнча бышырабыз. Ал эми эт, картошка, сабиз, пиязды майда төрт бурчтук кылып туурап туруп кууруп алабыз. Баардыгы даяр болгондон кийин тарелкага алгач камырды тизип, үстүнө фаршты салып, анан жумуртканы кооз кылып тизип коебуз. Баса, атайын салатка арналган жалбырактар менен кооздоп койсок ашыкча болбойт. Мына ошону менен биздин чачыратма мантыбыз даяр болот.