“Замандаштан” чыккандар жаңы партияга биригет

Zamandash“Замандаш” партиясынын катарынан айрым мүчөлөрү чыгып кеткени белгилүү болду. Алардын катарында партиянын тең төрагасы Рустам Маманов, Баткендин мурунку губернатору Арзыбек Бурканов, Жалал-Абаддын мурунку губернатору Асан Шакиров, Нарындын мурунку губернатору Канатбек Муратбеков, ЖК депутаттары Назарали Арипов, Замир Бекбоевдер, аны менен катар эле Таалайбек Тургунбаев, Константин Куценко, Станислав Епифанцев, Григорий Зозуля, Александр Степанюк, Галина Кетова жана Любовь Ардаминалар бар.
Рустам Мамановдун айтымында, “Замандаштын” катарынан чыгууга партиянын ичиндеги интригалар, пикир келишпестиктер себеп болгон. Партиянын катарынан чыккан дагы башка мүчөлөрү партия Муктар Өмүракунов баштаган багыттардан, баалуулуктардан тайып баратканы анын катарынан чыгууга себеп болгонун белгилешкен. Ал эми “Замандаштын” учурдагы жетекчилиги партиядан мүчөлөрүнүн кирип-чыгып туруусу мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтып, партия мурунку беттеген багытынан тайбаганын белгилешүүдө. “Замандаштын” негиздөөчүсү Муктар Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекеева “Замандаш” мурун кандай идеологияны көздөсө, азыр деле ошондой баалуулуктарды колдойт. Эч кандай деле кескин өзгөрүүгө барган жок. Ал эми учурдагы кырдаалды утурумдук маселе катары карасак болот. Анткени бардык партияларда эле ушундай өйдө-ылдый маселелер болуп жатпайбы” деген оюн билдирди.
Рустам Маманов учурда аларга КСДП, “Республика Ата-Журт” жана “Ата Мекен” партияларынан алардын катарына кошулууга сунуш түшкөн, бирок алардын баарынан баш тартышканын айтат. Биздин ишенимдүү булактарыбыздын маалыматына караганда, алардын баары Канат Исаев жетектей турган “Кыргызстан” деп аталган партияга биригери күтүлүүдө.
Айрым маалыматтарга караганда, “Замандаштын” ичиндегилер “ар-намысчы” Каныбек Иманалиевдин барганына дагы каршы болуп жатышат. Каныбек Иманалиев өзү менен кошо кеткен он депутатты кошо ушул партиянын катарына кошууга бел байлап жатканы тууралуу ишенимдүү булактардан билдик. “Замандаш” болбой эле “Ар-намыс” болуп калабызбы?” деген партия мүчөлөрүнүн пикиринин да жөнү бардай…

Акылбек Чынтемиров