Жамал Сейдакматова, КР эл артисти: “Жараткан ар бир образым – менин мугалимим”

Jamal Seydakmatova
КР Эл артисти Жамал Сейдакматова узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанымал. Жамал эже бүгүн Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова сыяктуу залкарлардан алган сабагы, бала чагы, жаш курагы, жараткан образдары тууралуу эскерет.

“Атам менин академик болушумду каалаган”
– Жамал эже, сизди залкарлардын таалимин алган, азыркы артисттердин анабашы деп билебиз. Ошондо да ийгиликке кантип жеттим деп ойлойсуз?
– Андай деле ийгиликке жетем деп ойлогон эмесмин.Чынын айтсам, баш көтөрбөй, кесибиме берилип эмгектене бердим. Албетте, улуу муундагы залкар артисттердин чыгармачылыгыма салымы абдан чоӊ. Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Муратбек Рыскуловдон алган таалим-тарбиям ийгилигимдин ачкычы болду. Булар ар бир аткарган ролдорун жан дүйнөсүнөн өткөрүп, жүрөгү менен аткарышканы өмүр бою жадымда калды. Алар сахнаны “супара” деп ыйык санашкан. Ушундай адамдардан сабак алуу мага чоӊ сыймык.

– Бала кезиңизден эле артист болом дечү белеңиз?
– Ооба, себеби апам Каракол шаарындагы театрда иштеген. Балалык кезимди кыялдануу менен эскерем. Ата–энем көп жылдар бала көрбөй жүрүшүп, мен төрөлүп калыптырмын. Биздин үйдүн жанында жашаган туугандардын дагы балдары жок эле. Бардык үйгө мен эрмек болуп, эрке өскөм. Атам башкарма болгондуктан, үйгө коноктор абдан көп келчү. Өзүмдүн жоргом бар эле, аны минип чоӊойдум. Он жашка чейин эркек баланын кийимин кийип, эркектердей сөгүнүп да койчумун. Темир -чоӊ айыл, бирок ичинен Кашат, Темир деп бөлүнөөр эле. Ошол эки айылдын ортосунда ээн жер бар эле, ал жер кышында муз болуп тоӊуп калчу. Бир түгөйү жок конькимди бир бутума кийип алып, кечке чейин муз тепчүмүн. Ошентип “эркек бала” болуп жүрүп, аялзатына тиешелүү нерселерди үйрөнө албай калыптырмын. Кийин анын азабын тарттым.

– Ата-энеңиз бул кесипти тандашыңызга кандай карады?
– Ата-энем каршы болду, өзгөчө атам, себеби мен №5 гимназияны “беш” деген баалар менен аяктагам. Атам менин академик болушумду каалаган. Бирок жүрөгүмдө артист болом деген ой күчтүү эле. Ал учурда жакшы окуган окуучуларды Москвага, жогорку окуу жайларга атайын адамдар келип алып кетишкен. Мени дагы Москвага алып кетебиз деди, атам болсо техникалык окуу жайына тапшырышымды каалады. Ошондуктан инженердик-технологиялык факультетке тапшырып, окуп жүргөм. Жатаканада орус кыздар менен жашагам. Бөлмөдө чогуу жашаган кыздарга дайыма ар кандай ролдорду аткарып берсем, артист болсом деген тилегимди кубаттап калышчу. Мен дагы ойлонуп, атама “ооруп жатам, акча салыӊыз кайтканга” дедим. Ал мага акча салганда Фрунзеге келип, Даркүл Күйүкова эжеге кирдим. Ал дароо эле мени театрдын артисттерине тааныштырып, үйүнө алып кетти. Анда мен он жети- он сегиз жаштардагы кыз элем. Баары мени жакшы көрүшүп, билген нерселерин үйрөтүшкөн. Ошондон баштап театрга аралаша баштадым.

“Тасма тартылып жаткан жерге бейтааныш кемпир мага буламык апкелип, кекеч баласына келин кылып алгысы келген”
– Алгачкы жараткан образдарыңызды эскерип бериңизчи, кандай сезимдер болду эле?
-“Алыскы тоолор” кинотасмасында Зыягүлдүн ролун, театрда Кубанычбек Маликовдун “Бийик жерде” чыгармасында Чолпондун ролун аткаргам. ”Алыскы тоолордун” жарымы Алматыда, жарымы Ош облусунда тартылган. Ал учурда артисттерге мамиле өзгөчө эле. Артисттердин кээ бири мейманканаларда жаткан, кээ бирин айыл тургундары үйлөрүндө багышкан. Мен бир кемпирдин колуна түшүп калдым. Ал мага абдан даамдуу тамактарды жасап, тасма тартылып жаткан жерге буламык жасап келип бергени эсимен кетпейт. Бир күнү ал кемпир режиссерду үйүнө чакырып калды. Анын аксак, кекеч баласы бар эле. Режиссерго “Бул кызыӊарды келин кылайын, сандыгым толтура акча, ошонун баарын берем” деди. Мен аябай коркуп үйүнөн качып чыктым. Кийин да келип жүрдү мага, бирок качып, жолуккан жокмун. Мага ал тамашалап атат деп айтышты. Бул тасмада чыгаан артисттердин көбү ойношту, тасма кыргыз киносунун энциклопедиясы болуп калды. Бул алгачкы ролду жаратып жатканда, ат минип баратканда атым ала качып кетет. Атты токтото албай, абдан коркком. Атым бир убакта кашарга келип токтогон. Ошондон кийин атты жалгыз минбей калгам.
Ал эми Чолпондун ролун жаратканда, кыткылыктап күлкүмдү тыя албаганым эсимде. Бул чыгармада басмачылар кыздын атасын өлтүрүп, кызды басмырлашат. Анан кыз басмачынын белинен канжарын алып, сайып салышы керек. Ушул жерден чын болбогондуктан, күлкүм келип, күлкүмдү такыр тыя албай койгом. Мени жаакка дагы чаап көрүштү, ыйлай албай койгом. Себеби кыз канжарды алып, “Ата!”деп бакырып ыйлашы керек эле. Бир күнү Муратбек Рыскулов мени бөлмөсүнө чакырып, “Атаӊ Сейдакмат өлсө кантип ыйлайсыӊ?” деди. Ошол жерден атамды жоготконду элестетип, “атакелеп” ыйлап жиберсем, мына ушундай кылып Чолпондун ролун аткар деген. Кийин ал ролду жакшы аткаргам.
Театрга келип, он жети жашымда биринчи жолу аймактарга алты айга гастролго чыкканбыз. Бул менин жашоомдогу узак убакка биринчи жолу чыгышым эле. Борту бар машинанын аркасын түшүрүп, сахна кылчубуз. Бир ирет эл тоону кыркалата олтуруп, концерт коюп жатабыз. “Ой, комузчу” деген эле сөздү билем, сахнага чыгып алып, ошону кайталай берип, аягында ыйлап жибергем. Эжелер мага кыйкырып, ырдын сөздөрүн шыбырашса да уга албай койгом. Дагы бир жолу концерт коюп жатканда жаан жаап кирди. Мен ырдап жатам, жанымда кол чатырды кармап бирөө турган. Эл кайра- кайра суранышкан. Ошондо үнүмдү катуу чыгарып ырдайм деп, тамагыма суук тийгизип алган окшойм.

“Кичине роль жок, кичине артисттер бар”
– Курманжандын ролунда сизди көрүү биз үчүн сыймык болду. Сиз өзүңүз кандай кабыл алдыңыз бул ролду?
– Тарыхый тасма да, ошондуктан кубануу, сыймыктануу менен кабыл алдым. Элдин көбү сонун аткарыпсыз деп айтып калышты. Ошондо мен режиссерго “Тасманын кичине эле жеринде, кыска эле аткардым го” деп айтсам, режиссер “Кичине роль жок, кичине артисттер бар” деди. Өзгөчө тасмада каарман чечим кылаарда жан дүйнөмдүн жарпы жазылып, тоолорду, элимди карап, эл- жериме болгон сүйүүм, патриоттуулук сезимиим күчтүү ойгонду.

– Аял үчүн артисттик кесиптин ээси болуш кыйын болсо керек. Үй-бүлөнүн, бала-бакыранын түйшүгү да бар эмеспи?
– Илгери токтогулдук бир киши “Силердин дагы үй-бүлөӊөр барбы?” деп таң калган. Үй-бүлө бул сенин биринчи тылыӊ, алар үчүн жашап келесиӊ. Кээде ар жакка кеткенде ойлонуп кыйналасыӊ. Негизи мен тил алчаак жубай, энемин. Бир кызым, бир уулум, беш неберем бар. Эне болуу- чоӊ бакыт. Эгер энелик сезимди, мээримди башыӊан өткөрбөсөӊ, эненин ролун ошондой аткарып, жеткире албайсыӊ. Кыйынчылыгы дагы бар, кээде үй- тиричиликтеги нерселерге жетишпей калам, бирок жолдошум баарына түшүнүү менен мамиле жасайт. Балдарга туура тарбия бериш үчүн өзүӊ татыктуу жашашыӊ керек да. Мен дагы татыктуу жашаганга аракет кылдым.

“Аткарган ролумда бешикти тээп, боюман балам түшүп калган эле”
– Артисттик кесипте бул жашоодн эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?
– Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуу- бул эӊ чоӊ кубаныч, жетишкендик. Бул кесипте мени кайгылуу учурлар дагы коштоду. Менин боюмда бар эле, ай- күнүмө жетип калгам, сахнада байдын чиренген кемпиринин ролун аткарып жаткам. Ролдо кемпир бешикти тээп салган учуру бар эле, ролду аткарып, бешикти тепкем. Кечинде балам боюман түшүп калган. Бул менин чоӊ жоготуум болду.

– Турмушта эмнеге кубанасыз да, эмнеге өкүнөсүз?
– Өкүнгөндү жаман көргөн адаммын. Жүрөгүмдө убагында ата-энеме, аларга болгон сезимдеримди айтпаганыма капа болом. Театр менен он төрт өлкөгө барып келдим. Ар бир аткарган ролум мага мугалим болду.Турмуш өзү дагы мага мугалим болду. Бул менин кубанычым.

– Азыркы учурда театрга эл мурдагыдай кирбей калды, канткенде элди тартса болот деп ойлойсуз?
– Театр – бул элди бириктирүүчү, аӊ-сезимин жакшы жакка оӊдоочу эӊ чоӊ курал. Муну адамдар жан дүйнөсү менен туйса. Мен театрлык ишимди уланта берүү менен элди тарта алам.
Нукура кыргыздын илгертен бери келе жаткан маданияты кемип бараткансыйт. Азыр ар кайсы элден алынган маданият сиңип атат. Кыргыздын кандай сонун таза маданияты, салт-санаасы бар. Азыр элдин көпчүлүгү акча табуу менен эле алек. Шайлоо деп эле бакыра бербей, руханий байлыкка да чоң көӊүл бурулса жакшы болмок.

– Шакирттериӊиз кимдер, азыркы күндө жан дүйнөсү менен ролдорду жараткан актерлор барбы, азыр эмне менен алектенесиз?
-Асылбек Өзүбеков – менин шакиртим. Башкаларды да тарбияладым. Азыркы муундан Сүймөнкул Чокморов, Мурат Рыскуловдор төрөлө элек. Учурда алыскы аймактардан келген балдарды тарбиялап жатам. Баткенден, Лейлектен келген балдарга акысыз сабактарды өткөрөм.

Жеӊишгүл Тоголокова