Жамбыл КАМЧИЕВ, куудул: «Манас, сен аял болоюн, аял болоюн деп баратып эле Манас Бердибеков болуп калыптырсыӊ»

J. kamchiev– Эсимде, бир жолу куудул Манас Бердибеков экөөбүз мончого түшүп калдык. Акырын байкасам, Манас Бердибековдун чачынан башка жеринде бир да түгү жок экен. Анан мен карап туруп «Манас, сен аял турбайсыңбы! Аял кишинин сеникине окшоп денесинде бир да түк болбойт» десем, ал мени карап «А сен болсо маймыл болоюн, маймыл болоюн деп баратып эле Жамбыл болуп кетиптирсиң» деп айтып атпайбы (күлүп). Анда мен да жөн калбастан «А сен аял болоюн, аял болоюн деп баратып эле Манас Бердибеков болуп калыптырсың» деп тамашалап калдым.
Дагы ушундай бир окуя эсимде, кечээ жакында эле куудулдар чогулуп турганбыз. Бир маалда, ошол жерде турган жаш куудулдар «Куудулдуктун сырларын айтпайсыңарбы?» деп калышты. Анда мен тамашалап «Бул жерде эч кандай сыр жок. Болгону куудулдар аял кишиден, арактан, акчадан, алтындан этият болуш керек» десем, «Эмнеге?» деп сурап калышты. «Мисалы, бүгүнкү күндө менин досторум Абдылда менен Рахман акча менен алтынга аябай берилип алышты» деп тамашалап калсам, мени карап турган Рахман Разыков мени сөгүп атпайбы (күлүп).

Жазып алган Кымбат Турдубекова