Жер көчкү алты адамдын өмүрүн алды

Suzak 4Өткөн жуманын аягында Сузак районунун Кыр-Жол айылында көчкү жүрдү. Тилсиз жоо тоо боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калды. Кырсыктын кесепетинен алты адам каза таап, айылдын беш тургуну ооруканага жаткырылды. Каза болгондор жерге берилип, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Suzak 5Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, кырсык 23-майдан 24-майга оогон түнкү саат 2ге жакын болгон. Жер көчкү астында калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарын алып чыгышкан. Каза болгондордун арасында үч жана алты жаштагы балдар, 3-класстагы окуучу, дагы бир студент кыз жана 57 жаштагы жубайлар болгон.

Кырсыкта каза болгондордун тизмеси:
1. Кенжебай кызы Элнура, 1995-жылы туулган;
2. Калыбек уулу Мирлан, 2005-жылы туулган;
3. Калыбек кызы Зарина, 2009-жылы туулган;
4. Алымбеков Аттокур, 1958-жылы туулган;
5. Сейдалиева Жамиля, 1958-жылы туулган;
6. Аттокур уулу Нуржигит, 2012-жылы туулган.

Suzak 1Кубатбек БОРОНОВ, Өзгөчө кырдаалдар министри: “Көчүп кетүү керектиги эскертилген”
– Кубатбек мырза, Сузактагы жер көчкүдө калгандардын акыбалы кандай?
– Бул кырсыктан алты адам набыт болду, бешөө ооруканада. Негизи кырсык болгон аймакта 22 адам жашаган экен. Алардын ичинен көпчүлүгү агып келаткан ылай сууну көрүп, качып кеткенге жетишип калыптыр. Калганы мынтип кырсыктап калды. 4 үй толугу менен көчкүнүн астында калды, аларды кайра пайдаланганга мүмкүн эмес, бир үй жабыркаган. Кыргызстан боюнча жер көчкү коркунучундагы эки миңден ашык аймак бар. Ал эми Сузак районунда 111 ушундай жер бар.

Suzak 6– Аларга башка аймакка көчүп кетүү керектиги алдын ала эскертилгени боюнча маалымат берилди, анда эмнеге көчүп кетишкен эмес?
– Сузактагы ошол кырсык болгон айылдын үстүндө 1994-жылы дагы жер көчкү болуп, ошондон баштап үйлөрдү көчүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн экен. 1997-жылга чейин ошол айылдагы кээ бир адамдар 24 миң сомдон ссуда алганын айтып жатышат. Ал убакта Жалал-Абадда үч бөлмөлүү квартира 17 миң сом турчу. Ошол өрөөндө, Чаңгет суусуна жакын 70 үй-бүлөнү көчүрүш керек деген чечим бар экен. Акчасын алгандар деле көчпөй кала беришкен. Кээ бирлери башка жактан жер маселеси чечилген эмес деп айтып атышат, айрымдары ата-бабабыз ушул жерде жашаган, биз да эч кайда кетпейбиз деп көчпөй коюшкан экен. Түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Көчкү салаңдап, өтө коркунучтуу жерде жашап аткандарга барып, араңдан зорго макулдаткан учурлар бар. Көгөрүп, “өлсөм эч кимге доом жок, көчпөйм” деп кагаз жазып бергендер да болот кээде. Эми аларды да түшүнсө болот. Мисалы, тоодо мал менен жан багышат да. Анан аларга түздөн жер берилгенде турак жайына жери чечилет да, жайыт маселеси чечилбей калат. Ушундай маселелер көп.

Suzak 7Президент кырсык болгон жерге барды
Президент Алмазбек Атамбаев жер көчкү катталган Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылына барды.  Мамлекет башчысы кыйрап калган үйлөрдү көрүп чыкты,  калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү  менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Президент Алмазбек Атамбаев жаратылыш кырсыгынан улам каза тапкандардын туугандарына жана Suzak 3жакындарына көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалаарын билдирди. Жергиликтүү калк менен жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев  жер көчкүдөн улам кыйрап калган 8 үйдө жашаган үй-бүлө  тез арада коопсуз жерге көчүрүлүүгө тийиш экендигин баса белгиледи. “Ачык айтайын,  губернатор курулуш жүргүзүү үчүн тез арада жер участокторун бөлүп берүүгө тийиш. Каражат табабыз. Эч ким көчөдө калбайт”,- деди мамлекет башчысы жергиликтүү элге кайрылып жатып. Өлкө башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиеваны жер көчкүдө каза тапкандардын жана жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү үй салышы үчүн жер участокторун табууга  милдеттендирди.

Акылай Байболсунова