ЖоКедеги «двоечниктер» жөнүндө…

JK
Ар бир мектепте окууга эптеп- септеп келип- кетип жүргөн, бир күн келсе он күн жок болгон, күндөлүгү «2» деген бааларга толгон окуучулар болот эмеспи. Окууга келбей койгону үчүн да, сабакты окуп, берилген тапшырмаларды аткарбаганы үчүн да эч кандай жоопкерчиликти билишпейт. Адатта, андай окуучуларды «двоечниктер» деп коюшат эмеспи.
Жогорку Кеңештеги депутаттарды окуучуларга салыштырсак, ЖоКе жыйындарына катышпаган, ооз ачпаган, караанын гана көрсөтүп келип- кетип жүрүшкөн кээ бир эл өкүлдөрүн мына ушундай «двоечник» окуучуларга салыштырса болот. Эмнеге депутат болуп жүргөндөрүн деле билбеген мындай депутаттар бюджеттен айлык алып, бир катар артыкчылыктардан пайдаланып, жеке кызыкчылыктары үчүн жүргөндөрү эле болбосо, депутат катары кымындай пайдалары жок. Анда, сөз бүгүнкү ЖоКедеги «двоечниктер» жөнүндө болсунчу.

Активдүү депутаттын пассивдүү күйөө баласы
Мурдагы акжолчу, азыркы атажуртчу Жаныш Кудайбергенов деген депутат бар. Өзү чоң бизнесмен. Кечээ жакында эле депутат Карамушкина «…бир айдан бери көрө элекмин» деди. Бир айда 2-3 ирет караанын көрсөтүп койгону болбосо, ЖоКеге келбейт деле. Жаныш мырза үчүн депутаттык мандат, сыягы, жөн гана бизнес кызыкчылыктары үчүн эле керек окшойт. Дегенибиз, акжолчу депутат кезинде деле кыйратканын көргөн эмеспиз. Бул жагынан ЖоКедеги «двоечниктердин» анабашында турат десек болот. Адатта депутаттардын жыйындарга катышуусу тууралуу маселе козгоп калчу кайын атасы, фракциялашы, активдүү депутаттардын бири Курмантай Абдиевдин айткан-дегендери деле Жаныш мырзага таасир этпейт окшойт. Же күйөө бала үчүн кайын ата жооп бербейби?

Эмнеге депутат экенин деле билбейби?
Дагы бир атажуртчу, мандатка ээ болгону ырымга ооз ачканга жарабаган, «Хаммер» каймана ысымы бар Жыргалбек Саматов деген депутатыбыз бар. Таблого жазылып, микрофон алдына келбегенинен улам эки сөздү кураштырып сүйлөй албайт окшойт деген ой кетпей койбойт. Эгер мурда дээрлик караанын көрсөтпөй келсе, партиялаш шефинин (Акматбек Келдибеков) соттон башы чыкпай калгандан бери дегеле дайынын билгизбей кетти. Кыязы, шефинин көңүлү үчүн келип- кетип жүрсө керек. Бирок кошуна казактарды чакырып, миңдеген адамдардын катышуусунда ой-да дүңгүрөтө той берип, өзүн көрсөткөн жагынан алдына эч кимди салдырбайт экен. ЖоКеде депутат катары бир нерсени кыйратып, эл үмүтүн актай албаган соң жок дегенде ушинтип «Көкөтөйдүн ашындай» той берип, кыргыз элине көрүнүп, өзүн жарнамалап коёт окшобойбу. Эмнеге депутат болуп шайланганына тыңгылыктуу жооп бераларынан чо-оң шегибиз бар. «Двоечник» окуучу өтүлүп жаткан теманы түшүнбөй жаткандай эле, «Хаммер» акебиз да ЖоКе жыйынында эмне мыйзам каралып, кандай токтом токулуп жатканын деле билбесе керек…

ЖоКеде «двоечник», бизнесте «отличник»
Карап көрсөк, «двоечник» депутаттар «Ата-Журт» фракциясында көп экен. Дагы бир атажуртчу депутат Азиз Суракматовду да ушул тизмеге киргизүүгө болот. ЖоКенин жыйындарынан да, өзүнүн иш бөлмөсүнөн да табышың кыйын. Журналисттерге дегеле «недоступный». Журналисттер журтчулугу эле эмес, аны кесиптештери деле көптөн бери көрүшө элек экен. Мандат ага бизнестик кызыкчылык үчүн эле керек тура. Дегенибиз, өз кызыкчылыгы бар маселелерде 2-3 ирет сүйлөгөнүн укпасак, башка маселелерде оозуна талкан салып алгансып, унчукпайт. Сыягы, ал ЖоКеге келгенден көрө бизнесин гүлдөтүп, кеңейтүүнү туура көрөт окшобойбу. Бишкектин борбордук көчөлөрүндө европалык жасалгада курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдү дал ушул «двоечник» депутатыбызга тиешелүү компания куруп атканын баары эле биле бербейт. Көрсө, ЖоКеде «двоечник» болгону менен, бизнесте «отличник» тура.

Бойдок «двоечник»
Канчалык чын- төгүнүн ким билсин, бирок «каралар» дүйнөсү менен алакасы бар деген дагы бир «двоечник» атажуртчу – Улан Чолпонбаев. Парламент ичинен көрө элегибизге көп болду. Мыйзам долбоорун демилге кылганын мындай кой, сүйлөйүн деген демилгесин көрө элекпиз. Бир айда 2 ирет көрүнүп койсо, кайра 2 айга жоголуп кетмейи бар экен. Парламенттеги жалгыз бойдок депутат. Бойдокторго кайда жүрсө, эмне кылса боло берет дейби, айтор, аны жоктогон да, анын келбей атканы жөнүндө сөз кылган да эч ким жок. Улан Чолпонбаев парламенттеги «двоечниктердин» бири болгону менен эки жогорку билимдүү. Көлдүн кулуну катары «Ыйык Ысык-Көл» деген китепти чыгарган. Шахматты мыкты ойной турганын билгендер айтышат. Балким, билим, бизнес жагынан мыктыдыр, бирок эл өкүлү катары башынан бери эле «двоечник» бойдон келатат.

Дымып эле келаткан Айдаров
Жогорудагы атажуртчуларга караганда караанын көрсөтүп да болсо, жыйындарга катыша калып жүргөн дагы бир атажуртчу, кадимки Υсөн аке Сыдыковдун күйөө баласы -Нургазы Айдаров. Акжолчу депутат кезинде кандай болсо, азыр деле ошол бойдон. Депутат катары такшалып, калыптанган жок. Бир маселени көтөрүп, сөз кылайын, мыйзам демилге кылайын деген ниети байкалбайт. Оозуна талкан салып алгандан бетер дымып эле келатат. Сыягы, кайын атасынын айдактоосу менен эле өзүнүн, кайын журтунун бизнестик кызыкчылыктары үчүн депутат болуп жүргөндөй таасир калтырат. «Двоечник» депутат экенин Нургазы мырза өзү деле танбайт тура. ЖКдагы жаңылыктардан сурап калгандарга «…менден сурап эмне кыласың, мен эч нерсени билбейм да, биз балык депутатпыз да, ЖКдагы Алымкандардан болсом эмнени билмек элем?» деп жооп берет дейт. Бул эми теманы айтып бер деп сураса, «билбейм, даяр эмесмин…» деп жооп берген окуучунун эле жообундай болуп атпайбы.

«Аюдан» саясатчы чыкпады…
Өлкөдөгү башкы алкомагнат, «Аю» каймана ысымдуу Шаршенбек Абдыкеримов бизнестин битин сыгып, бизнесин Кыргызстандан сыртка чыгарып, океандын ары жагындагы өлкөлөргө жеткирип, ишкерликтеги «отличник» экенин көрсөтүп келатканы менен депутат катары «двоечниктердин» тизмесине кошууга аргасызбыз. ЖКга басып келе электигине көп болду. Кайда, эмне кылып жүргөнүн депутаттар түгүл жардамчы, катчылары деле билбейт дейт. «Эл дүрбөсө, кошо дүрбөйт» болуп эле депутат болуп алгандай сезилет. Депутат катары позициясы, көз караштары белгисиз деп жүрсөк, «Республика» фракциясынан бөлүнүп, «Ынтымак» депутаттык тобун түзүп кетти. Депутат катары «двоечник» экенин өзү да моюндайбы, «депутаттык мага болбойт экен, бизнесте эле жүрөм, менден саясатчы чыкпайт экен» деп айтканы бар. Кошулбай коюуга болбойт. ЖоКедеги «двоечник» болуп, беделине шек келтирип жүргөндөн көрө, бизнесине баш -оту менен киришип, өзү айтмакчы, 100 завод куруп, жумуш орундарын камсыз кылып, өлкө бюджетин толтурууга салым кошуп жүргөнү артык эмеспи.

P. S. Жогорку Кеңештин бул жолку чакырылышы кимдин ким экендигинен кабар берип, жыйындарга келбеген, депутаттык милдетин сезбеген эл өкүлдөрүн кийинки парттизмеге киргизбөө, андай депутаттардан кутулуу аракеттери дээрлик бардык партияларда башталгандай. Кечээ жакында эле «Ата-Журт» фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошева жыйындарга келбеген депутаттарды тартипке чакырып, керек болсо депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин көтөрдү. «Депутаттык милдетин аткара албаса, анда мандатын башкаларга өткөрүп берсин» деди. Мынтип, партия, фракциялардын сапаттык жактан оңололу деген изги ниет, каалоолору жакшы деңизчи. Бирок аракеттин берекети болобу? Ай, ким билет… Көп учурда тагдырыңды акча чечип калган капчыктуулардын заманында ага ишениш кыйын экен.

Мирбек Нарынбеков