Жоомарт Оторбаев, КР биринчи вице-премьер министри: “Мен кичинемден эле “Битлзга” кызыгам”

КР вице-премьер-министри Жоомарт Отораев

КР вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин “Битлздын” “Мишель” аттуу ырын катыра ырдап атканы Интернетте пайда болду. Анын ырдаганын жактыргандар интернет колдонуучуларынын арасында арбын болгонуна кїбє болдук. Оторбаев мырзада катылуу жаткан талантка баа бердик.

– Жоомарт мырза, сиз “Битлздын” ырларын катыра ырдайт турбайсызбы? Интернеттен угуп, абдан жактырдым…
– Рахмат. Бирок ырдаганымды өзүм угуп-көрө элек экенмин.

– Анда ырас эле ырдаган турбайсызбы?
– Ооба, мен “Битлздын” музыкасына мектепте окуп жүргөн кезимден эле кызыгып, өзүм да ырдап калам.

– Эс алуу жайларына барып, ырдап турасызбы?
– Кыргыздын баары эле ыр жандуу келет эмеспи. Мен деле ошолордун биримин да. Мурда, жашыраак кезимде барып ырдап калчумун, кийинки кездерде бош убактарда анда-санда болсо да барып калам, кээде ырдайм.

– Англис тилинде, анын үстүнө “ Битлздын” ырларын баары эле ырдайт албайт да…
– Эмнеге? Азыр жаштар англис тилинде дурус эле ырдашат. Мен англис тилинде эле эмес, кыргыздын да көп эле ырларын ырдайм.

– “Битлздын” “Мишель” деген ырын ырдаптырсыз, дагы ал топтун кайсы ырларын жактырасыз?
– Бул топтун дээрлик бардык эле ырларын жактырам.

– “Битлздын” ырлары сиз үчүн…
– Кыргыздын өлбөс-өчпөс ырлары тартуулагандай эле ырахатты мен “Битлздын” ырларынан да таба алам. “Битлздын” музыкасы кайгы менен кубанычты, сүйүү менен көңүл калууну, айтор адамдын турмушунда кездешүүчү ар кыл учурлардын дарысын тартуулап тургансыйт. Өзүм ал топтун ырын ырдаганда да ырахат алам.

– Бишкектеги “Битлз” деп аталган көңүл ачуучу жайда болдуңуз беле?
– Жок, андай аталыштагы жайды укпаптырмын. Кайсы жерде экен?

– Байтик баатыр көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинен анча алыс эмес жерде.
– Аа жакшы, анда барып көрүш керек экен.

– Мени да ала барсаңыз болобу?
– -???

– Сиз кайсы бир музыкалык аспапта ойной аласызбы?
– Жаш кезимде гитара чертчүмүн, бирок көп жылдан бери колума гитара кармай элекмин, балким азыр эбим келбей, кылдарын тере албай калдым окшойт.

Маектешкен Айгүл БАКЕЕВА

Кылымдарды карыткан “Битлз” («The Beatles»)

Жоомарт Оторбаевдин берилүү менен «Битлз» музыкалык тобунун «Мишель» деп аталган ырын ырдаганы ал музыкалык топтун ырларын эске салып койду. Эмесе, кайрыгы кишиге канат бүтүргөн, болбосо жан дүйнөңдү аңтарып-теңтерип жибергендей көрөңгөлүү ырларды угуп, ушу музыкалык топ тууралуу маалыматтарды да эске түшүрүп көрөлүчү.

2001-жылдан баштап бүт дүйнөдө 16- январда ЮНЕСКОнун чечими менен «Битлз күнү» белгиленет. Кыргызстанда дагы «Битлз» тобунун ырын тамшанып уккандар абдан эле арбын деп айтууга болот. Анткени «Битлздын» музыкасы жан дүйнөнү эргитип, кайгыда да, кубанычта да ар кимге өбөк-жөлөк болуп тургансыйт. «Битлз»- бүтүндөй бир аалам. «Yesterday», «Let It Be», «Please Please Me”, «Michelle” жана көптөгөн башка ырлары жүрөк кылын дирилдетип чертип келет. Канча мезгил артта калбасын, бүт дүйнөдө “Битлздын” ырлары картайбастан жашап келе жатат.

16-январь деген күн кокусунан тандалып албаганы белгилүү, 1957- жылы, 16-январда алыскы Англиянын Ливерпуль шаарында анда аты чыга элек, эч кимге белгисиз Джон Леннон, Пол Маккартни жана Джордж Харрисон “The Cavern” деген клуб ачып, алгачкы музыкалык жолуна чыйыр салышкан. Эки жылдан кийин аларга Ринго Старр кошулган. Кийин, 1964-жылы 16-январда «Cashbox» журналы I Want To Hold Your Hand» аттуу ырына америкалык хит-парадда биринчи орунду ыйгарган.

Ливерпулдук төртөө

Бардык элдерде, бардык жерлерде, бардык мезгилдерде ливерпулдук төртөөнөн ашып кеткен популярдуу музыкалык топ көз жара элек деп айтып келишет. Бул топ адаттагы составы менен сегиз жыл өмүр сүргөн. Алар бул мезгилде 13 альбом чыгарышса, андагы ырлардын ар бири хит болуп ай-ааламга тарап турган.

Легендарлуу бул топ 1959 –жылы Ливерпуль шаарында түзүлгөн. Анда Пол Маккартни бас-гитарада жана, гитарада ойноп, ошону менен бирге ырдап чыккан, Джон Леннон гитарада ойногон жана ырдаган, Джордж Харррисон гитарада ойноп, ырдаган, Стюарт Сатклифф бас- гитара ойногон да, Пит Бест урма аспаптарда ойногон. Алгач бул топ Ливерпуль шаарында эле белгилүү болсо, кийинчерээк Германияга, анан Америкага кетишкен. 1961-жылы Стюарт Сатклифф топтон кетип, төртөө калган.

1963-жылдын 13-октябрында Ливерпуль шаарында бул топ концерт берип, ал концерт телевизордон көрсөтүлгөндө, 15 миллиондой көрүүчүнү жыйнаган. “Битлздын” экинчи альбому “With The Beatles” деп аталып, буга чейинки рекорддордун баарынан ашып түшкөн. 1963-1964-жылдары бул англиялык музыкалык топ Американы багындырган биринчи музыкалык топ болуп калган. 1963- жылы «I Want To Hold Your Hand» деген ыры чыккандан кийин музыка сынчылары Леннон менен Маккартнини Бетховенден кийинки улуу музыканттар деп атаган. Ал эми АКШга гастролго барган учурда телепрограммага катышканда, “Битлз” телеэкрандан америкалыктардын 40 пайыз көрүүчүлөрүн жыйнаганы айтылат. Бул телевидение тарыхында болуп көрбөгөн көрсөткүч эле.

“Битлз” тобунун андан аркы тагдыры бир көтөрүлүп, бир түшүп олтуруп, бирок алар жараткан ажайып музыка дүйнөсү эч кимди кайдыгер калтырган эмес.

Расмий түрдө “Битлз” 1970-жылы тарап кеткен деп саналат.

1980-жылы 8-декабрда Джон Леннон Америкада Марк Чэпмен деген киши тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Ал эми 2001-жылдын 29-ноябрында Джордж Харрисон баш мээсинин рак оорусунан каза тапкан.

Кийинки маалыматтарга караганда, Пол Маккартни азыркы күндө япониялык сумоисттердин спонсору болуп жүрөт деп жалпыга маалымдоо булактарынан окуп атабыз.

“Битлз”—Бишкекте

Кыргызстандын “Битлз сүйүүчүлөрү Бишкек шаарынын Байтик баатыр көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинин анча алыс эмес жеринде “Битлз” аттуу көнүл ачуучу жайга келип чер жазышса болот. Ал жайга кирсең дубалдарынан баштап шыбына чейин “Битлз” тобунун сүрөттөрү менен аземделип, сизге жалаң “Битлздын репертуарын сунуш кылып турушат. –Биз баарыбыз “Битлздын” күйөрмандарыбыз” дешет анда иштегендер.