Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

(Башталышы гезиттин өткөн сандарында)

Jusup Abdrahmanov09.10.1928
Бул күн тез эле өтүп кетти. Бир нече дыйкан келди. Алар айыл чарба салыгы көп болуп жатканына арызданышты. Чын эле салыкты көбөйтүп жиберишиптир. Былтыр 10 рубль төлөгөндөр быйыл 100 рубль төлөп жатышат. Бул туура эмес, бирок мен муну өзгөртө албайм. Бул борбордун «алысты көрө билген» жетекчилерине байланыштуу.
Зеленскийге Орто Азия федерациясына билим берүү боюнча кат жаздым. Анын керектиги тууралуу анчалык ынанарлык жаза алган жок окшоймун…
Бүгүн БКнын САБ пленумуна Ташкентке барууга даярданып жатсам,  пленум 20сына жылып калыптыр. Абдан жакшы болду! Дагы бир жума иштеп алат экенмин!
Эл комиссарлар Кеңешинин Мамсоода активи боюнча токтомун чыгардым.  Упсырза акчасын жана буюмдарын мал чарба секциясын, айыл чарба союзун чыңдоо үчүн берди.  Акыркы маселе Эл комиссарлар Совети арасында ар түркүн кайчы пикирлерди жаратты. Баскынчылар!

13.10.1928
Шубриков менен Эл комиссариат аппаратынын абалы жана кийинки кыргыз жетекчилери тууралуу сүйлөштүм. Уюштуруучулуктун жыйынтыгы керек. Жалкоолор менен алыска бара албайсың.
Азиялык жалкоолук – жергиликтүү кызматкерлердин негизги кемчилиги. Бул «оору» менен карыялар эле эмес, жаштар дагы оорушат. Шубриков Худайкулов жана Бабакулов менен сүйлөшкөнүм үчүн мага доомат коюуда. Анын түшүнүгүндө бул саясий кылмыш, маселени бюродо талкуулаганы жатат.  Эгер бул жагдайда силер саясий маселе көрсөңөр, анда мен отставкага кетеримди айттым. Маселе менин жогорудагыларга жолукканымда эмес, ушундай иштер аркылуу алар менин оозумду баскылары келгенинде. Мындан эч нерсе чыкпайт. Алар жаңылышат. Ольгага жолугуп, Раисага киши жиберип, Муся кайда экенин билгиниң дедим. ЦИКтин фракциясынын жыйынына катыштым.  Советтердин съездине каражат бөлүү маселеси каралды. Каражат бөлүнбөй турган болду. Ал жерден урушуп да кеттик. Эл ар бир тыйындын баасы болору тууралуу ойлоп да коюшпайт экен. Мага улуттук дивизиондун командири жана аскер комиссары келишти. Жакында кенже комсостав бүтүрүп чыгат. Бүтүрүүчүлөргө белек алууга 100 рубль жазып бердим. Брошюрамды жазып бүтүп, басууга жөнөттүм.

16.10.1928
Эртең менен Обкомдун жабык заседаниеси болду. Саат 3кө чейин олтурдук. Кудайкулов менен Бабахановго барганым үчүн мага эскертүү беришти. Бул партияда он жыл иштегендеги биринчи партиялык жазам эле.
Саат 6дан баштап дагы ОК бюросу болду. Башка маселелердин арасында коомдук уюмдарды жергиликтүү бюджеттен каржылоо маселеси да каралды, бюджет таңсык болуп жатат.
50 миң рубль бөлүп берүүгө (алар 100 миң рубль дешет) болбойт деп айтсам, Шубриков «бизде жетекчи кызматтарда саясий жактан сабатсыз кызматкерлер олтурушат» деп айтты. Мен аларга карыздар болуп калгым келбейт.
Эл комиссарлар Советин таркатып, Абдрахмановду кызматтан алып, бюджет түзүүнү Обкомдун аппаратына берип, ал эми Эл комиссарлар Кеңешине буйруктарды жакшы аткарган бирөөнү отургузуп коюуну сунуштадым.  Кармаш катуу болду. Урюпин коркоктук кылып, аягында өзүм жалгыз калдым. Бюджеттин абалын билип турган кишилер чындыкты айтуунун ордуна «чоңдорго» кошомат кылып турганы мени иренжитип жатты.
Кошоматчы «чынчыл» чиновниктер өсүүдө. Мындан партия менен революция утушка ээ болобу? Шегим бар. Саат 10до бүттүк. Өзүм туура деп эсептеген нерселер үчүн жалгыз күрөшөрүмө бүгүн дагы бир жолу ынандым. Үйгө келгенимде жалгыз куса болуп кеттим. Күнү бою башыман нелер өтүп, нелерге кайгырганым тууралуу айтып берер, кыйын күндө мени угуп, мага болушар дос, жолдошум болсо деп самадым. Андай сыр бөлүшөр эч кимим жок…

17.10.1928
Эртең менен нан комиссиясынын заседаниесин өткөрдүм, ал эми саат 2де улуттук дивизиондо болдум. Аскердик иштерге аралаштым. Кечээ эле кедей-кембагал болгон Тянь-Шандын тоо балдары бүгүн мотурайып тизилип алып көз алдыңан чубап өтүп турганын кубануу менен карайсың. Казарма тар экен. САВО командири менен каражат бөлүү тууралуу сүйлөштүм…

18.10.1928
Ташкентке бардым. Жолдошторум кечке шахмат ойношту, мен болсо Васильченконун  «Не той стороной» аттуу китебин окуп аттым. Зеленскийге эң сонун мүнөздөмө берилиптир.

19.10.1928
Ташкентке поезд бир саат кечигип келди. Арыстан М.га кат таштадым.  Володя айткандай, «Не той стороной» деген китепти бир дем менен окудум. «Регина» аттуу мейманканага токтодум, ошол жерде менин эң чоң жана кайталангыс трагедиям башталды. №15, №23 жана №25 деген номерлерди эми эч убакта унутпайм. Вокзалдан бир тууганым тосуп алды. Анын бою өсүп, чоңоюп калыптыр. Ал менин келеримди билбей эле, кандайдыр бир нерсени сезгенсип, тосуп чыкканы келиптир. Мен аны менен сыймыктанам. Жаштыгына карабай, баарын түшүнүп турат, ар нерсеге олуттуу карайт.

20.10.1928
Эртең менен өкүлчүлүктө болдум. Якупбаевден телеграмма келди, анда ал Союздун ВСНХсы бюджеттик кеңешмесинде Токмок тилкесинин курулушун кабыл алганын, кант заводунун курулушуна 500 000 рубль бөлүнгөнүн жана айыл чарба банктарын жоюуга АССР каршы болорун жазыптыр…
Кечки саат 7де БКнын Орто Азия Бюросунун пленуму ачылды, анын күн тартибинде төмөнкү маселелер коюлду: 1) Идеологиялык фронтто, 2) Кедейлер менен иш алып баруу. Пленум кошумча дагы Орто Азия республикаларынын өнөр жай курулушун каржылоо жана Москва уюмундагы окуяларга байланыштуу партиянын ичиндеги абалды талкуулоо.
Москва уюмуна кайрылууну жана БКнын, МККнын пленумунун токтомун окуп чыктым. Карапайым кишини (жебе атарды) согуп жатышат. Жарым-жартылай чечим дегени эмне экени көрүнүп турат, ал жогору жактагылардын өз ара келишүүсүнүн натыйжасы. Бул узакка созулар бекен? Пленум идеологиялык майдандагы докладды укту.

(Уландысы келерки санда)

Орусчадан которгон Айгүл Бакеева