Жылдыз Мусабекованын ашканасында

Musabekova№3 МАБ башчысы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жылдыз Мусабековадан олобо менен өрдөк

Керектелүүчү азыктар:
Олобого
Койдун таза өпкөсү
Сүт – 10 литр
Ат-Башынын сары майы
Сабиз – 1 даана
Калемпир, мурч, сарымсак, татымына жараша туз
Өрдөккө
Койдун жумуру
Койдун боору
Күрүч
Кан
Ич май
Карын
Картошка
Пияз

Олобонун даярдалышы:
– Койду тандап жатканда мен маңкасы акпаган койду алам. Анткени маңкасы аккан койдун өпкөсү таза эмес болот. Анан ал койдун өпкөсүн бычак тийгизбей, өтө кылдат алыш керек. Бир нече убакытка жылуу сууга чылап коебуз. Жибигенден кийин жылуу сууга акырындык менен тазалап, жууй баштайбыз. Анан сүткө сары майды эритип, татымга жараша калемпир, мурчту аралаштырабыз. Даамдуу болуш үчүн сарымсакты эзип, суусун кошуп коюу керек. Улам сүт куюп, улам өпкөнү чапкылап отуруп, 10 литр сууну баткыруу керек. Сүтү аз болуп калган олоболор капкара болуп калат. Сүтү көп болсо апакай, жакшы олобо чыгат. Анан анын кекиртегине узун кабырганы салып, байлап, отту өтө көп жакпай, акырындык менен кайнатып бышырабыз. Бышкандан кийин сабиз менен оозун жасап коебуз. Олобону муздак жесе жакшы болот.

Өрдөктүн даярдалышы:
– Койдун жумурун таза жууп алуу керек. Муну жууганга эле бир саат убакыт кетет. Анан аны аңтарган өзүнчө искусство. Айрып албай, акырындык менен аңтаруу керек. Койдун боорун, күрүч, кан аралаштырып фарш жасап, татымына жараша мурч, туз кошуп, жумурдун ичине салабыз. Муну да кылдаттык менен кайнатабыз. Бышкандан кийин өрдөктүн башын пияздан жасап коебуз. Өрдөктү ысыгында жеген жакшы. Мен конок тосуп, кой союлганда эле, бул тамактарды жасап турганга аракет кылам.