“Зомбулукка кабылган эки кыз боюнча иш акыйкат тергелишин көзөмөлдөп берүүңүздү суранабыз”

zombulukКР Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевге
“Балдардын укугун коргоо лигасы”
жана башка коомдук уюмдардан, 10 жарандан

Кат

Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары, балдарга карата жасалып жаткан зомбулукка үстүртөн мамиле жасалып жатканына кабатыр болуудабыз. Балдарга карата зомбулуктун саны күндөн күнгө көбөйүп баратканы буга далил. Элге бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү системасы да, зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү системасы да иштебей жатат.
Акыркы окуяда №3 балдар ооруканасынын дарыгерлери эки жолку консилиумда дагы 6 жана 10 жаштагы кыздардын зомбулукка кабылгандыгы боюнча чечим кабыл алып турса дагы, Республикалык соттук-медициналык экспертиза алар эч кандай зомбулукка кабылган эмес деген чечим чыгарып койгон. Бишкек мэриясынын алдындагы балдарга жардам көрсөтүү борборунун балдар психологу да кыздар менен сүйлөшкөндөн кийин, алар өгөй атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганын аныктаган. Кылмышка шектелип жаткан адам ал кыздарды апасы менен кошуп, белгисиз тарапка алып кеткенден кийин, апасы келип тосмо арыз жазып берип отурат. Бул факты катталган Аламүдүн райондук администрациясынын кызматкерлери дагы балдарды коргоого алган жок. Башка тиешелүү органдар дагы аларды коргоого албады.
Урматттуу Президент, ушул себептен сизге төмөндөгү талаптарыбыз менен кайрылып, бул ишти көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз:
Кылмышка шектелип жаткан адам алып кеткен кыздар менен алардын апасы табылсын;
Алардын коопсуздугу камсыздалып, коргоого алынсын. Аны менен катар алар ооруканага жаткырылсын. Анткени №3 балдар ооруканасынын дарыгерлери кыздар сексуалдык жактан олуттуу жабыр тарткан деп айтышты;
Бул ишти тергөө ИИМдин Башкы башкармалыгына өткөрүлсүн, себеби, Аламүдүн РИИБи да, Чүй ОИИБи дагы жабыркаган эки кызга эффективдүү коргоону камсыз кылып бере алышкан жок;
№3 оорукананын дарыгерлеринин катышуусу менен кайрадан экспертиза жүргүзүлсүн;
Балдардын иши боюнча кайдыгер караган бардык тиешелүү адамдар жоопко тартылсын.

Кайрылууга эки коомдук уюм менен кошо 10 адам кол койгон