Исхак Масалиев, Апсамат Масалиев атындагы коомдук фонддун төрагасы: “Мен атамдай боло албайм”

Ishak Masaliev
Кыргыз элинин Баатыры, көрүнүктүү партиялык жана мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиев быйыл 82 жашка чыкмак. Ошол датаны утурлап, кабарчыбыз анын уулу Исхак Масалиев менен жолугушту.

Атамдын булагы
-Атаңыз тууралуу китеп жазсаңыз, эмнелерди айрыкча белгилеп кетмексиз?
-Атам өзүн реклама кылып, трибунага чуркап чыга калчу кишилерден эмес эле. Турдакун Усубалиев экөө Жогорку Кеңештин депутаты болушканда эртеден кечке жыйындарда отуруп, орундуу сөздөрдү сүйлөшчү. Коомго ушулардай кишилер жетишпей жатат. Азыр айрым депутаттар жыйындарга катышпай, өз иштери менен кетип калышып, болбогон сөзгө жабышып, ошондон улам бири-бири менен чатакташып жатышпайбы. Эгер атам тууралуу китеп жаза турган болсом, саясат темасын азайтып, адамгерчилик сапаттарын белгилээр элем. Атам бийликтен кеткенден кийин бир да жаман сөз жармашпады, эл менен аралашып, кадыр-баркы менен эл ичинде башын бийик көтөрүп жүрдү. Жакында Асан Бердиев аттуу окумуштуу атамдын ишмердиги тууралуу диссертациясын жактады. Саясат тууралуу тарыхчылар, саясат таануучулар жазышсын.
Биз бала чагыбызда атабыз жумуштан келгенде, оюнубузду токтотуп, жымжырт болуп калаар элек. Ал бизге катуу деле сүйлөчү эмес. Бирок “эмне тентектик кыласыңар?” десе эле бекинип жатып, калчылдап калаар элек. Бизди, балдарын, катуу кармаганы менен неберелерине келгенде абдан өзгөрдү, алар ат бол десе ат болуп, мойнуна мингизип, айткандарынын баарын жасады. Мен да неберелүү болгондон кийин атамдын жоруктарын, неберенин таттуулугун түшүндүм.
Атам үйдө отуруп калганда мексикалык сериалдарды үзбөй көрүп жүрдү. Ошондо мен “Ушул мааниси, максаты жок фильмдерди кантип көрүп атат?” деп таң калып сурачумун. Көрсө атам ушундай, кинодогудай кооз турмуштук эпизоддорго, үй-бүлөлүк мамилеге, ата-бала, эне-бала мамилелерине суктанчу турбайбы деп ойлойм.
Бизге эч убакта кыйынчылык күндөргө туш болгон бала чагы тууралуу айтып берчү эмес. Атамдын бала чагы тууралуу энемден (чоң энебизден) гана укчубуз. Чоң атабыз эрте каза болуп, төрт бала апасынын колунда чоңоюптур. Кадамжайдан чыккан жөнөкөй бир карапайым кишинин уулу Москвага чейин барып, Кыргызстанды башкарып калганынын өзү эле биздеги демократия эмей, эмне? Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак, Кадамжайда бир кезде шахтада иштеген шахтерлор азыр 80-85 жашка чыгып калышты, алар эскерүүлөрүндө айтышкандай, булар менен бирге атам шахтага да түшүп кетчү экен. Аяш аталарым Орозбек Дүйшеев, Өскөн Даникеев, профессор Пановдон (биз аны дядя Гриша дечү элек) атам тууралуу укчубуз.
Атам үйдө жумушу тууралуу бизге сөз кылчу эмес. Бирөөгө баа берсе, “түзүк экен” деп гана коер эле. Эң жогорку баасы ушундай болчу. Жумушундагы маселени үйгө айтып келчү эмес. Атамды жакшы ырдачу деп аяш аталарым айтып калышат, бирок үйдө ырдаганын деле уккан эмеспиз. Бир гана жолу—апамдын юбилейинде бекен, же өзүнүн 70 жылдыгында бекен, үйдөгүлөргө ырдап берген. Энем да атамдын достору менен айылга келгенде кашатта олтуруп ырдаганын айтып калчу.

-Апсамат Масалиевдин китептери интернетте да, сатыкта дагы жок экен. Анын “Өмүрдүн барактары жана байкуш Ата Журтубуз” (“ Страницы жизни и бедное наше Отечество”) деген китеби эмне тууралуу?
-Аталган китеп СССР кыйраган кезде, тез арада жазылып бүтүрүлгөн. Мында советтик мезгилдеги өзүнүн турмушу тууралуу айтып, жөнөкөй инженерден республиканын биринчи жетекчисине чейин кантип көтөрүлгөнүн, жаңы доорго карата ойлорун, көз караштарын билдирген. Советтер Союзу тарагандан акыркы күндөргө чейинки мезгил тууралуу жазгандары “Советтик доордун үзүндүлөрү” деген ат менен кыргыз тилинде да басылып чыккан. “Эл чындыкты билиши керек” (“Народ должен знать правду”) аттуу китеби 2004-жылдын июнь айында жарыкка чыккандан бир айдан кийин атам каза болду. Анда саясий системага сын пикирин, президенттик кызмат орун, өзү менен бирге иштеген саясий ишмерлер тууралуу ойлорун жазган. Атам менчиктештирүүгө түп тамырынан бери каршы эле. Борбор шаарда жер тамдарды эмес, көп кабаттуу үйлөрдү курууну көбөйтүү керектигин айткан. Экономикадагы ПЕСАК программасын сынга алган. Өнөр жайында Кыргызстан Россия менен тыгыз байланышта болчу. Чет өлкөлүк инвесторлорго Кыргызстандын кредит алып турганы кызык болуп, алар Россия менен экономикалык алаканын андан ары өнүгүшүнө кызыкдар болушкан эмес. Бул боюнча коммунисттердин Аскар Акаевге жазган каттары бар. “Кумтөр” боюнча ошондо эле балакет башыбызга түшөөрүн белгилеген. Айткандай, азыр абалыбыз бир кызык абалга кептелди. Учурунда атам айткан сын пикирлерди кабыл алышпай, демократияны, рынокту түшүнбөйт деп эсептешкен. Мына эми, аягы кандай болуп атат.

Исфайрам суусунун жээгинде
-Атаңыз сиздерди, балдарын айылга жиберип, айылдагы кара жумуштарга көндүргөн деп айтып калышат…
-Биз атамдын жумушуна байланыштуу көчүп-конуп, ар кайсы жерлерде жашап жүрдүк. Бирок кайсы жакта жашабайлы, сөзсүз каникул сайын 26-майдан 25-августка чейин иним экөөбүздү эмгек десантына айылга самолетко салып жөнөтүп жиберишчү. Бир гана 9-класстагы каникулда барбай калганбыз. 5- класстан тартып, айылда мал кайтарып, чөп оруп, өрүк терип, бүт жумуштарды жасачубуз. Кадамжайдагы биздин Алыш аттуу айылда, Исфайрам суусунун жээгинде өрүкзар бар эле, ошол жерден өрүк терчүбүз. Тамеки, пахта да тердик. Тамекини терип, тизип, илип кургатабыз, жалбырагынан колдорубуз батташып, жыты мурдубузду өрдөп турган тозок иш. Борбор шаардагы бир топ классташтарыма салыштырмалуу айылдагы турмушту жакшы билчүмүн.

-Атаңызга кайсы жагынан окшошсуз, атаңыздын кайсы сапаттары сизде бар?
-Атам менен мени салыштырууга такыр болбойт, айырмабыз асман менен жердей. Биз башка шартта, башка чөйрөдө тарбияланып калдык. Атамды система тарбиялады. Мен атам көргөн кыйынчылыктарды көргөн жокмун. Саясатта да жолум башкача болду. Мен эч убакта атамдай боло албайм. Үнүм гана атамдыкына окшош. Ушул окшоштуктан пайдаланып калган жайым бар. 1998-жылы Ошто бажы кызматында иштеп жүрүп, Бишкекке келип, атам менен дачада болуп, кайра Бишкекке келсем, самолетко билет калбай калыптыр. Анан Бишкектен аэропортко телефон чалып “Алло, бул Масалиев, уулум Исхакты Ошко учурасыңарбы, бир билет керек болуп атат” деп телефон чалсам, алар: “Жарайт, Апсамат Масалиевич!”дешти. Кийин ушуну атама айтсам, күлүп калган.
Атамдын 80 жылдыгына карата Садык Шер Нияздын студиясында көркөм-документалдуу фильм тарттырабыз дегенбиз. Болгон материалдарды, жаш артисттерди көрүп, жаштар ал убактагы системаны элестете албай турганын сездик. Эми ошол фильмди ишке ашыруу үчүн аракеттенип, иштешибиз керек.

Маектешкен Айгүл Бакеева