Күңгөйүнөн тескейи көп саламаттык сактоо программалары

SalamattykКыргызстанда калктын ден соолугун сактоо боюнча ондогон жылдар бою «Манас», «Манас таалими» программалары кабыл алынып жана иштетилип келген. Аларды азыркы күндө «Ден соолук» программасы улантууда. Канчалык гранттык каражаттар жана башка акчалай салымдар келбесин, тармактын абалы жана калктын саламаттыгынын көрсөткүчтөрү жакшырып кетпегенин соңку 20 жылдын мисалы көрсөтүп турат.
Эгемендик алган жылдардан бери Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына миллиондогон акчалай каражаттар тартылып, тармакты реформалоого бир далай аракеттер жасалган. Бирок алар ушул убакка чейин өз натыйжаларын бербей жатат. Муну бир катар текшерүүлөрдүн жыйынтыгы да тастыктайт. 2013-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча КР Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту «Манас», «Манас таалими» жана «Ден соолук» программаларынын аткарылышын иликтеп чыккан. Институттун эксперттери Ч. Абдрахманова менен Г. Мурзалиева иликтөөнүн жыйынтыктарын коомчулукка ачыктаган. Ошол эле 2013-жылы бул багытта Жогорку Кеңеште Надира Нарматова жетектеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Бирок ушул убакка чейин комиссиянын ишинин жыйынтыгы ЖК отурумунда каралбай келаткандыгы бул маселенин канчалык деңгээлде тереңде жаткандыгынан кабар берет. КР Эсептөө палатасы аталган программалардын натыйжаларын алынган гранттык каражаттардын мисалында көрсөткөн.

«Манас» программасынын максаты кандай эле?
Азыркы КР Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев саламаттык сактоо тармагындагы реформаларды колдогону менен, мурдагы жылдары кабыл алынган программалардын оң- терс жактарын талдап берүүгө макул болбоду. Ден соолук багытындагы программалардын натыйжалуулугуна баа берүүдө КР Стратегиялык изилдөөлөр институтунун, ЖК депутаттык комиссиясынын жана турмуштук медициналык тажрыйбалардын мисалдарынан пайдаланып, сөз кылууну туура көрдүк.
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилден бери бардык тармактардагыдай эле медицинада да реформа жасоо кадамдары жасалып келди. Алардын бири- «Манас», «Манас таалими» программалары болду. Ал программалардын иштерин 2014-жылы кабыл алынган «Ден соолук» программасы улантууда.
Эгер аталган программалар тууралуу жалпысынан айтып кетсек, «Манас» программасы 1996-жылы башталып, 2005-жылга чейин, он жылга созулган. Ал кагаз жүзүндө ашыкча инфраструктура, коммуналдык чыгымдарды, имараттарга төлөнгөн чыгымдарды кыскартып, кызмат көрсөтүүлөрдү кайталабай, каражатты үнөмдөө максаттарын көздөгөн, ошондой эле саламаттык сактоо системасын каржылоону өзгөртүп, үй-бүлөлүк медицина институтун киргизүүгө бел байлаганы менен иш жүзүндө теңирден тескери жыйынтык берген.
КР Стратегиялык изилдөөлөр институту текшерүүсүндө аталган программанын алкагында ишке ашпай калган маселелердин ичинде: калктын медициналык тейлөөгө жетишерлик деңгээлде тартылбай калышын, медициналык тейлөөгө көзөмөлдүн начарлашын, медициналык кызматкерлердин айлыгынын аздыгын, тармактын каржыланышынын жетишерлик болбой калганын атап өткөн. Улуттук программалардын негизинде келген каражаттар натыйжасыз пайдаланылып, медициналык жардамдын формалдуу эмес төлөмдөрү көбөйгөн. Өкүнөрлүк дагы бир жагдай- улуттук программалардын жүрүшүндө элдин саламаттыгынын көрсөткүчүнүн төмөндөп кеткендиги болгон. Тармактагы менеджменттин, көрсөтүлгөн медициналык жардамдардын жана кадрдык камсыздоонун сапаттык жагы дагы көйгөйдү жараткан.

“Манас таалими” программасы көздөгөн максатына жетпеди”
«Манас таалими» программасы 2005-жылы башталып, 2011-жылга чейин, алты жылга созулган. Ал «Манас» программасында аткарылбай калган максаттарды андан ары бекемдөө менен бирге, жаңы маселелерди чечүүгө бел байлаган. Жаңы коюлган милдеттерге коомдук саламаттык сактоону өркүндөтүү, эне менен баланын ден соолугун сактоо, жүрөк- кан тамыр дарттарын, ВИЧ ооруларын дарылоо, аймактык ооруканаларды чыңдоо маселелери кирген. Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун эксперттери «Манас таалими» программасынын алгылыктуу жактарын да белгилеп кеткен. Анын негизинде жер-жерлерде айылдык комитеттер түзүлүп, калкты финансылык жактан камсыздоо жакшырган. «Манас таалими» программасынын максатына жетпей калгандыгынын көптөгөн себептери да аталган, анын ичинде 2005 жана 2010- жылдардагы эки революция, энергетикалык, экономикалык жана кадрдык кризистер ж.б. көп себептер болгондугу белгиленген.

Бөлүнгөн каражаттар
1996-жылы башталган “Манас” жана 2006-жылы башталган “Манас таалими” программаларынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан бир далай каражаттар бөлүнүп турган. Анын мисалы катары 2006-жылдан берки эле каражаттардын көлөмүн келтире кетели. Кыргыз Республикасы менен Бүткүл дүйнөлүк банктын курамына кирген Эл аралык өнүгүү ассоциациясы тарабынан “Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо” долбоору боюнча төмөнкүдөй гранттык каражаттар келип түшкөнүн КР Эсептөө палатасы белгилеген:

– 2006 -жылы — 2000,0 миң АКШ долл. же  77,9 млн сом;
– 2007 -жылы — 3285,8 миң АКШ долл. 117,4 млн сом;
-2008-жылы- 1838,6 миң АКШ долл. же  68,6 млн сом;
– 2009-жылы  — 3150,0 миӊ АКШ долл. же  140,3 млн сом;
– 2010 -жылы — 3268,0 миң АКШ долл.  же  130,1 млн сом;
– 2011-жылы — 429,3 миң АКШ долл., анын ичинен бюджетке 172,2 миң АКШ долл. же 7,7 млн сом;
2006 — 2011 –жылдары бардыгы болуп  13714,6 миң АКШ долл. же  542,0 млн сом бөлүнгөн.
Эсептөө палатасы бул каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын эсепке алып, саламаттык сактоодогу маселени төрт программага бөлгөн: Эненин жана баланын ден соолугун чыңдоо; кургак учукту жана респиратордук ооруларды көзөмөлгө алуу, жүрөк-кан тамыр дарттарынын алдын алуу, ВИЧ СПИД жана баңгиликти дарылоо.
Кабыл алынган программалардын натыйжалуулугу тууралуу сөз кылуу үчүн андагы көрсөткүчтөргө кайрылалы: 2006-жылы энелердин өлүмү жаңы туулган 1000 балага 53 өлүм туура келсе, 2009-жылы ал көрсөткүч 75,3 пайызга өсүп кеткен. “ Манас таалими” программасы боюнча бул көрсөткүч 57 пайыз болушу керек болчу. Кургак учук дарттары 2004-жылдан 2010-жылга чейин 100 миң кишиге 128,1 пайыздан 101,1 пайызга кыскарган. Ал эми кургак учуктан каза болгондордун саны азайган. 2004-жылдан 2010-жылдарга чейин 100 миң кишиге карата 14, 1 пайыздан 9, 2 пайызга төмөндөгөн. 2004-жылдан баштап жүрөк-кан тамыр дарттарынан каза болгондор 30 жаштан 39 жашка чейинки 50 адамдан азайбай келатат.Эсептөө палатасы “Манас таалими” программасы боюнча 2009-2010-жылдары 28 индикатордун 18 индикатору аткарылбаганын, 3 индикатор боюнча маалымат берилбегенин белгилеген. 2010-жылы 20 индикатор боюнча максат аткарылып, 21 индикатор боюнча максат аткарылбаганын, 8 индикатор боюнча маалымат берилбегенин белгилеген. Демек, “Манас таалими” программасынын максаты толук аткарылган эместиги көрүнүп турат.
Mukash BeyshembaevМукаш Бейшембаев, медицина илимдеринин доктору, Улуттук онкологиялык борбордун бөлүм башчысы:
«Программалардагы негизги максаттар аткарылган, бирок…»
– Советтер Союзу кулагандан кийин алдыбызда ден соолук мекемелерин, кадрларды сактап калуу боюнча чоң маселе турган. Ошол учурда «Манас», «Манас таалими» программалары иштелип чыгып, кредит, гранттык каражаттар алынган. Азыркы жылдардын көз карашы менен алганда ошол программалардын медицинаны сактап калуу жаатындагы жалпы максаты ишке ашкан деп айтууга болот. Мен онкологиялык дарттар боюнча адис болгонумдан улам, программалардын ушул жааттагы абалына басым жасайын. Онкологиялык кызмат тууралуу бизде жакшы мыйзам кабыл алынган, бирок ал аткарылбай жатат. Анткени мыйзамда онкологиялык дартка кабылгандар акысыз дарыланат деп жазылса, турмуш жүзүндө аны аткарууга мүмкүн эмес. Онкологиялык оорукана сооплатага- кире албайт, ОМСке кечээ жакында гана киргизилди. Ошол себептен онкологиялык оорукана ФОМС аркылуу каражат ала албайт.
Советтик медицинанын эң жакшы жагы—дарттын алдын-алуу, профилактикалык иш-чаралар көрүлчү. Бүгүнкү күндө ушул система жоголуп кетти. Учурдагы программалардын негизинде мындай көзөмөлдү үй-бүлөлүк врачтар тобу жүргүзүшү керек эле. Бирок бул маселе алардын милдети катары жүктөлгөн эмес. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна оорулуулар канчалык аз кайрылса, ошончолук көрсөткүчү жакшы, айлыгы көп, өздөрүнө пайдалуу система болуп калган. Бул алдын-ала коррупциялык ыкманын белгилери киргизилип калгандыгын айтып турат.
Онкологиялык дарты бар адамдарды акысыз дарылаш керек деген менен, дарылаганы мамлекеттен акысыз, ал эми диагностикалык анализдерди аныктоо, дарылар жеке менчикке өтүп кеткендиктен, бул жагы бейтаптан чоң каражатты талап кылууда.
Азыр бир дагы мамлекеттик дарыкана жок, атайын статусу бар ошондой дарыкана зарыл. Эгер мамлекеттик дарыканалар иштеген болсо, онкологиялык дарты барларга, каражаты чектелүү, майыптарга, карыларга жеңилдетилген дары-дармектер берилип турушуна шарт түзүлмөк. Онкологиялык дарттын алгачкы белгилери билингенде ал оорулууну дарылоого алган жеке медициналык мекемелер көбөйдү. Эмнеге? Анткени онкологиялык оорулууну дарылоодон менчик клиникага чоң каражат түшүп турат. Ал эми башка өкмөттүк клиникаларда иштеген докторлорго чоң бонустар тиет. Мисалы, биз текшерип көрсөк, жыл сайын Бишкектин мамлекеттик ооруканаларында эле бизде каттоого алынбаган 500дөй онкологиялык оорулуулар дарыланып жатыптыр. Ал эми башка жерлерде жана менчик клиникаларда алардын саны канча экенин ким билет? Акыркы стадияларга жетип калганда андай оорулуулар онкологиялык ооруканага кайрылышканда, көп учурда дарылоого кеч болуп калууда. Жалпысынан эле ВИЧ-СПИД, кургак учук, жугуштуу, психикалык, онкологиялык, балдар дарттарын дарылоону жеке клиникаларга бербеш керек. Биздин өлкөдөгү жеке клиникаларда даярдыктан өткөн онколог, радиолог, химиятерапевт жок.    Андагы врачтар интернеттен окуп алып эле, онкологиялык дарттууларды дарылап жатышат. Бир да жеке клиникаларда нур (лучевая) терапия аппараты жок, мындай аппаратты сатып алууга алардын мүмкүнчүлүктөрү да  жетишпейт. Эгер жеке клиникаларда диагностикалык анализ жүргүзүлсө, алар өздөрү койгон диагнозунун жоопкерчилигин да тартышы керек эле. Азыр андай болбой, жеке клиникалар оорулуунун каражатын гана кагып алып, коюлган диагнозго жооп беришпейт. Дартка анчалык дабасы тийбеген дары-дармектер көп болууда. Алардын ордуна натыйжалуу, салыштырмалуу арзан дарыларды алып келүүгө болмок.Nadira NarmatovaНадира Нарматова, ЖК депутаты, депутаттык комиссиясынын төрайымы: «ЖКдагы кызыкдар адамдар бут тосушууда»
– Саламаттык сактоо тармагындагы «Манас», «Манас таалими» программалары боюнча миллиондогон доллар каражаттар натыйжалуу пайдаланылган эмес. Ден соолук коопсуздугу боюнча акыркы 15-20 жылдагы иштердин канаттандырылбай калгандыгынан улам депутаттык комиссия түзүп, иликтөө иштерин жүргүзүп, тиешелүү адамдар менен жолугушууларды өткөргөнбүз. Эсептөө палатасынын отчеттору жана Бирдиктүү медициналык камсыздоо фондунун иштери менен таанышып чыкканда, акыркы, эгемендүүлүк жылдардан бери конкреттүү багытта Бүткүл дүйнөлүк банк, глобалдык фонддор аркылуу келген каражаттар максатсыз жумшалып, кумга сиңген суудай, түрдүү документация менен мыйзамдаштырылып келгендиги аныкталган. Бирок эки жылдан бери бул комиссиянын жыйынтыгы социалдык комитетте дагы, ЖК отурумунда дагы түрдүү шылтоолор менен угулбай келатат. Буга саламаттык сактоо тармагын колдогон жана ЖКдагы кызыкдар адамдар бут тосушууда. 2014-жылы «Ден соолук» программасын талкууга коюшар алдында «Ата-Журт» фракциясында чоң талкуу жүргүзгөнбүз. Ошондо да фракциянын депутаттарынын атынан бул программа боюнча «Конкреттүү эмнелерди курдуңар?» деп ал кездеги министр айымдан сурагам. Перинаталдык оорукана, Ош шаарында балдардын жугуштуу дарттар ооруканасын курабыз,  СПИД, балдар жана энелер, үй-бүлөлүк дарыгерлердин шартын жакшыртуу, кургак учук жана онкологиялык ооруканалардын шарттарын жакшыртабыз дешкен. Бирок ден соолук программаларында окуп-үйрөтүү, тажрыйба алмашуу, тренинг өткөрүү багыттарына гана каражаттардын көбү каралып калган. Саламаттык сактоо тармагына пайдалуу иш жасоо, диагностикалык борборлорун техникалык жактан камсыздоо, томографиялык, гемодиализ аппараттарын алып келүү ж.б. боюнча конкреттүү иштер алардын программаларында камтылган эмес. Жакынкы жылдардагы эле бир мисалды келтире кетейин: 2010-жылы атайын медициналык техникалык жактан камсыз кылуу боюнча 28 гемодиализ аппараты алынып келинген. Бүгүнкү күндө эки аппарат иштебей, алтоо ремонтту талап кылат. Бүгүн сапатсыз техниканы алып келгени үчүн жооп берген киши жок. Медициналык донорлордон келген каражаттарга 15-20 жылдан бери 3-4 эле адам тармак боюнча консультант болуп, жеке кызыкчылыктарынын негизинде, иш кагаздарын толтуруп алып, жыйын, жолугушуу, тренинг өткөрүү менен чектелип келишкен. Ошол каражаттарга, мисалы Бишкектеги улуттук борборлордун абалын жакшыртса, имараттарды, дарыгерлердин шарттарын, райондордогу, областтагы ооруканалардын шарттарын жакшыртса болмок.  

Онкологиялык борбордогу «Агат-ВТ» аппараты 2013-жылы иштен чыгып калган. Санавиациянын аты эле болбосо, алардын вертолету, тез жетүүчү машинасы жок. Энени жана баланы коргоо маселелери ойдогудай  болсо, 2014-жылы энелердин өлүмү 28, 7 пайызга өсөт беле?

Айгүл Бакеева