Кайың ыйлап, тал ыйлап… Табыкени жоктоду

Tabyldy 2Табылды Эгембердиев дүйнөдөн өттү деген кабар тараары менен кайгырбаган, кабыргасы кайышпаган киши калбагандай. Эл арасында, социалдык түйүндөрдө кыргыздын бир көрүнүктүү уулунун ар тараптуу дараметин, адамдык бийик сапаттарын белгилеп жатышты. Кыргыздын атын, улуттук баалуулуктарын дүйнөгө жайылткан адам жай турмушта өтө жөнөкөй, бийик адамгерчиликтүү, башкаларга үлгү болгондой жашоону жашап өткөнү айтылууда. Биздин редакциябыз дагы Табылды Эгембердиевдин бизнес сабактары тууралуу интервью алууну пландап жүргөн. Ал чет өлкөдө же башка жактарда жүргөндүгүнө байланыштуу улам жылдырылып жаткан. Көрсө Табылды агабыз катуу ооруп жүргөн экен, бирок достору да айткандай, анысын эч кимге билдирбей өтүптүр. 1997-жылдары мен Табылды агайдан интервью алып, “Максым менен баштаган бизнесиңиз узакка созуларына ишенесизби?” деп суроо бериптирмин. “Ананчы! Керек болсо максымды чет өлкөлөргө, Америкага чейин таратам” деп айтыптыр. Бүгүнкү күнү анын кыргыз улутунун суусундуктарын, этнографиясын, баалуулуктарын дүйнөгө таратканына күбө болуп олтурабыз. Жакынкы жылдары эле демилгелүү топ анын “Супара” этнографиялык комплексин Токтогул сыйлыгына көрсөтүп, бирок сыйлыктын жоболоруна туура келбей, кабыл алынбай жүргөнүнөн кабардар болгонбуз. Анткен менен Табылды Эгембердиевдин эмгеги бааланбай калган жок, келечекте дагы баасын алат.
КР Президенти, расмий өкүлдөр жана коомдук ишмерлер «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жолдогон расмий некрологунда ушул жылдын 16-майында «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү, белгилүү коомдук ишмер, чыгаан публицист Табылды Эгембердиевдин 65 жашында дүйнөдөн өткөндүгү, анын эмгек жолу жана Кыргызстанда демократияга жол салган Кыргызстан демократиялык кыймылынын түзүүчүлөрүнүн бири болгондугу, кыргыздын улуттук баалуулуктарын жайылтууга кошкон салымы белгиленди.
19-майда Табылды Эгембердиев менен коштошуу зыйнаты “Супара” этнографиялык комплексинде өттү. Анда Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн атынан коштошуу сөзү сүйлөнүп, анда жүрөгү кыргыз деп соккон, ар тараптуу таланты бар, кайталангыс инсандын өмүр жолу тууралуу жүрөктөн чыккан ойлор айтылып жатты.

Tabyldy 1Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны: “Сен өз элиңдин ырыс-кешигине кол салбай, Кыргызстанда таза бизнес кылса болорун далилдеген аз ишкерлердин бири болдуң”
-Сен акылдуу болчусуң, сергек болчусуң, жаш баладай таза, ошол эле учурда өтө татаал да болчусуң. Кирем дегендин баарына жүрөгүңдүн эшигин ача берчү эмессиң. Калп, жалган, жасалма жашагандарды, эки жүздүү адамдарды, кыргызга жакшылык кылбаган жанбактыларды жиниңдей жек көрчүсүң. Сага жагыш, сенин жүрөгүңө кириш дээрлик мүмкүн эмес эле. Сен жаш баладай ак көңүл, кирсиз, таза, кыйын элең. Бирок баладай таза экен деп алдап кетүү, сага жагыш андан да кыйын болчу. А бирок жаккан кишиңди эч качан жүрөгүңдөн чыгарчу эмессиң. Ошол жүрөгүңдөгү кишиң мен болгонума бир чети сыймыктансам, бир чети таң калам.
* * *
Өмүр азайган сайын дос да улам азая берет экен. Сенде да, менде да дос аз эле. Балким мен “Агындыларды” жазбаганда экөөбүз мынчалык жакын болбойт элек. Мен акчасы менен, байлыгы менен, бийлиги менен дос болуп, анан акчасы түгөнгөндө, байлыгы менен бийлиги түгөнгөндө бет карашкыс болуп ажырашкан досторду көп көрдүм. Бирок, Табыке сен экөөбүздү акча дос кылган жок. Экөөбүздү байлык менен бийлик дос кылган жок. Сенде бийлик жок болгон менен акча да, байлык да бар эле. Менде акча да, байлык да, бийлик да жок болчу. Бирок сен, аныма карабастан мени менен дос болдуң. Ошондо: “Кудая тобо, ушундай таза адам, ичинде кылдай арамдыгы жок, бөлөк бирөөнүн ишине өзүнүкүнөн да артык кубанган адам болот экен э!” деп таң калгам. Экөөбүздү дос кылган китепке ыракмат!
* * *
Бирөөнүн ийгилигине кубана билген адамдар айрыкча бизде, кыргызда аз, Табыке. Кокус көр албастардын дүйнөлүк фестивалы болсо, биз, кыргыздар, биринчиликти эч качан бермек эмеспиз. Балким ошон үчүн өспөй келаткандырбыз. Муну өзүң да айтчу элең. Сен мени баалагандай, мен сенин бизнесиңди, сенин куруучулук талантыңды, сенин өжөр, жасайм дегенин жасаган көкжалдыгыңды баалап, билелбай койдум. Баалап-билгенге чамам да, акылым да, билимим да жеткен жок. Бирок бир билгеним, сен, өз элиңдин ырыс-кешигине кол салбай, өз элиңдин жон терисин сыйырбай, мамлекетти уурдап-тонобой, жебей-ичпей, тапканыңды жашырып-жаппай, көр дүйнөнүн артынан көмөлөнүп байлык, бийлик кубалабай, депутат да болом дебей, Кыргызстанда чынчыл, ак, таза бизнес кылса болорун далилдеген аз ишкерлердин бири болдуң.

* * *
Сен, башкаларга окшоп кабат-кабат особняктарды салсаң болот болчу. Сен ресторандарды, ыймансыз сауналарды салып коюп, акча саап, чалкалап жатсаң да болот болчу. Сен депутат болуп алып Ак үйдүн ичине кирип алып мыйзам жазып, сыртына чыгып алып мыйзамсыз иштерди жасап жүрө берсең болот болчу. Сен анткен жоксуң. Сен буурусунчан Россияны ядролук бомбасы бар Россияга айландырган Сталин сыяктуу кыргыздын жыгач челекчен жылаңач суусундуктарын, максым менен жарманы, тойбос менен бозону, чалап менен кымызды дайыма муздак турган, дайыма бузулбай турган заманбап челектер менен сурайылдай суйкайган кооз бөтөлкөлөргө айдап кийрип, дүйнөлүк стандарттагы суусундукка айланткан биринчи Кыргыз болдуң, Табыке!
* * *
Сен, кыргызды кыр-кырдагы боз үйлөрдөн көчүрүп келип, колхоз-совхоз кылып бириктирип, оокат кылдыра баштаган Совет бийлигинин маалында биздин ата-бабаларыбыз ылай менен салган таш үйлөрүн, ылай менен салган чым үйлөрүн эске салып турган, Шералынын чокоюндай кыргыздын өткөнү менен кеткенин көзүбүзгө сайып, көкүрөгүбүзгө салып турган ачык асман алдындагы музейи менен кошо, адамды эс алдыртып эле тим болбой ойлонткон, толгонткон, Ата Конушун эстеткен, сагынткан “Супара” этнографиялык эс алуу жайын салган, Кыргыздын тоодогу Боз үйүн шаарга алып келип жаңы түр, жаңы жашоо берген биринчи Кыргыз болдуң, Табыке!
* * *
Сенин бардык өмүрүң, кыргыздын келечегине арналды. Сен дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн мен кыйынмын деген жигиттеринин башынан да кыргыз жигиттеринин башы мыкты иштей ала тургандыгын дүйнөгө “Супара” жана “Супара-Чуңкурчак” менен далилдеп көрсөткөн биринчи Кыргыз болдуң, Табыке!
* * *
Сен өз элиңди кандай сүйсөң, жашоону да ошондой сүйчүсүң! Кыргыздын келечеги алаканыңда тургандай ишенип жашачусуң. Сен оптимист болчусуң. Сен көк, өжөр, намыскөй, анан аябагандай жөнөкөй болчусуң. Кыргызды сендей сүйгөн, Жашоону сендей сүйгөндөр өтө аз эле. Сен өмүр деген бир күнү учуп кете турган колдогу куш экенин, ээрип кете турган муз экенин такыр эле элес албай жашаган жан элең. Сенин башыңда ой-максат дегендер толтура болчу. Ошонун баарын жасайм дечүсүң. Сен мурутуң муз болуп, таманың сыз болуп, “Чуңкурчактын” жазын жаздап, кышын кыштап жүрүп айыкпас дартка чалдыктың.
* * *
Сенин колуң тийген жансыз таштарга жан кирип сүйлөп турчу, сенин колуң тийгендин баары гүлдөп турчу. Сен Германиядан да, Түркиядан да Нуралы экөөбүз менен сүйлөшүп турдуң. Бирок бир жолу да, ичер сууңдүн түгөп баратканын айткан жоксуң. Сен басалбай жатып калганыңда да өзүңдүн эмес, биздин ден соолугубузду сурап, Бесултан абаны, Баратбай досуңду сурачу элең…
* * *
Артыңда кулунунан ажырап боздоп турган Энең калды, Энеге баласынан ажырагандан өткөн кайгы-муң болбос! Артыңда боздоп-ыйлап асыл жарың Жаңылың калды, атасынан ажырыган балдарың калды, уялашың Жумадил калды, артыңда ага-туугандарың, жакын санаалаштарың, калдайган калкың калды. Сен эч качан унутулбайсың. Сен атыңды өлбөй-өчпөй турган, атыңды өмүр бою сактай турган асыл адамдардын катарына калтырып кетип баратасың. Сен эми мындан ары түбөлүк эскерүүгө айланасың!
Табылды боорум, сен бизге,
Таптырбай кеттиң бой салып.
Барса бир келбес жайыңа,
Баралбай калдык жол салып.
Кайыр кош, эми сен бизге,
Кайрылбай кеттиң бой салып,
Кара бир жердин алдынан,
Алалбай калдык кол салып.
Кош Табыке, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Ыйманың саламат болсун!

Tabyldy3Султанбек Жумагулов, журналист: “Кыргыз болсок Табылдыдай бололу”
– Таабалды Эгембердиев кыргыз журтчулугуна (өз атын адатта Табылды деп атагандыктан, жумурай журт ушул ысымы менен билет)1990-жылдардын башында таанылды. “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылын (КДК) негиздөөчүлөрдүн алдыңкы сабында туруп, өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөргө салымын кошкон.
Табыкебиз эски система ыдырай баштаган 1990-жылдар башында көпчүлүк эмне кыларын билбей алдастап турган чакта заманга наалат айтып, кол куушуруп туруп калган эмес. Ошондо сандаган санаалаштары менен бирге саясатка жана бийликке чуркаса болот эле, анткен жок, күнү-түнү көз ирмебей изденип жүрүп, жеке ишкерликке алгачкылардан жол чапкан. 1992-жылы кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгарган “Шоро” компаниясын негиздеген, бул улуттук бизнесте алгачкы саамалык болгон эле. Күндө өзүбүз үйдө ичкен жарма, максым, кымыз, айран сыяктуу суусундуктарды өнөр жайлык негизге салуу аркылуу изденген адам жайдак жерден да иш жасап, киреше таба алары мүмкүн экенин далилдеген. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүгө шымалана киришип, өлкөбүздө эле эмес, региондо сейрек кездешүүчү этнокомплекстерин түптөгөн. Ал жайлар азыр чет жердик саякатчылар байма-бай каттаган Кыргызстандын туристтик бренди болуп калды.
Табыкенин жакшы-жаманды жашырбай бетке айтмай чынчылдыгы, ишине так жана адал мамилеси, мекендештеринин ийгилигине ак дилинен кубанып, ортоктош боло билгени, баштаган ишинин өтөөсүнө чыкмайын жаны тынбаган өжөрдүгү – мына ушул касиеттердин баары азыркы замандын кыргыз атуулу кандай болуш керек деген талапка төп келет. Ал киши өңү менен, баскан-турганы менен, айкөлдүгү жана адамгерчилиги менен, ойлогон ою менен нукура Кыргыз эле, сөзү менен да, иши менен да Мекенинин экономикасына, беделине, мамлекеттүүлүгү менен эгемендигинин чыңдалышына салымын кошкон ар кырдуу инсан катары баарыбызга өрнөк. Кыргыз болсок Табылдыдай бололу.

Бекташ Шамшиев, журналист: “Улуу кишилер улуулугун тирүүсүндө жашырып, актыкка моюн сунгандан кийин баркы көтөрүлүп, бийиктеп кете берет тура”
– Табыкенин аурасы башкача болчу, адамды өзүнө тартып имерип турган касиети бар эле. Ага адамдар көп үйрүлчү, жакшы көргөн кишисин чын дилден тамашалап, агынан жарылып, чечилип турчу. Бир билгеним, Салижан акени аябай жакшы көрчү, а киши да имерилип турчу. Кандай асыл адамдан айрылдык, телефон номурум тез-тез алмашылып кийинки кездери сүйлөшпөй да калдык эле, мына эми түбөлүк жайына узатып, шаарга келип отурабыз. Асман көз жашын төгүп, кыргыздын бир айкөл жигити бу жарыкчылыкты таштап кеткенине ишенип-ишенбей биз отурабыз. А Табыке, өлөр-өлгүчө сенин тамашаңды, элесиңди эстеп жүрөрбүз. Улуу кишилер улуулугун тирүүсүндө жашырып, актыкка моюн сунгандан кийин баркы көтөрүлүп, бийиктеп кете берет тура. Бир кубанткан нерсе, сени менен жолдош, курбу болуп калганым, тамашаларың, жаркын элесиң мындан аркы жашоомдо мени менен болот.

Мелис Айдаркулов, журналист: “Кыргызстан кыргыздар иштей баштаганда өнүгөт”
-“Кыргызстан кыргыздар иштей баштаганда өнүгөт” деген көзгө чукугандай таамай жана түз кепти айтууга Табылдынын укугу бар эле. “Иштеген кишилер оокатын тың эле кылып атат. Айылга барсаң иштегендер байып алды, жалкоолор ошол бойдон жүрөт”, – дептир кайран Табыкем. Бул анын жашоодо тутунган принциби, турмуш образы эле. Анын айкөлдүгү, тынчы жок мүнөзү, ашкере мекенчилдиги, мээнеткечтиги, карапайымдыгы, шайдооттугу, марттыгы, ар кыл таланты, сөзмөрлүгү, тубаса актердук жөндөмү, ар нерсени терең акыл калчап аңдай билген даанышмандыгы, ой жүгүртүүсүнүн чаржайыт эмес, конкреттүүлүгү, аалам кезген чабыты, ар нерсеге сын көз менен карап, сергек сезим менен мамиле кыла билгендиги Табылдыны ТАБЫЛДЫ кылды, легендага айлантты. Табылды кыргыз элинин жүрөгүндө анык КЫРГЫЗ катары сакталып калат. Ал сөздүн бардык маанисинде анык КЫРГЫЗ эле…
Табыкем бир жолу: “Эй, бу таластыктар тыңсыңар!.. Менин фирмамды таластык жигиттер эле көтөрүп коюшту…” – деп карс-карс күлдү эле… Былтыр күздө телефон чалып: “Шакемдин “Агындыларынан” бирди алып кой дедиң эле, качан келесиң?.. Мени Чуңкурчактан табасың…” дедиң эле. Бара албадым…
Кош, Табыке! Жашың улуу болсо да, жаның курбу эле, асыл адам элең, сени биз эч убакта унутпайбыз…

Аскар Салымбеков, коомдук ишмер: «Табыкем кыргызга үлгүлүү, заманбап философиясын калтырды»
-Баарыбыздын ичибиз ачышып, жүрөктөрүбүз ыйлап, Табылды байкебиздин, досубуздун  кетип калганына ишенбей турабыз, Табыке дайыма кыргыз журтчулугун кубандырып, намыска жарап жүрө берет экен деп ойлоптурбуз. Эгер биз  башка  мамлекетке баратканда «Кыргызстандан силерге эмне ала баралы дегенде» кыргыз болобу, башка улут болобу , «Шородон» ала келсеңиз» деп тамшанып, «Шорону» күтүшөт. Азыр  уяттуу меймандар келсе, «Супарага» алып келип»  «Бизде да ушундай жерди жасай алышат» деп мактанып  сунуш кылабыз. Табыке мына ушул эки брендди тартуулабадыбы. Эсимде, мына ушул ак кайыңдардын арасына кичинекей чатыр тигип алып жашап, бир жылдын ичинде өзөгүн куруп койду.  Андан кийин «Чуңкурчакка» кетти, ал жакта бир жылга жетпей, күн-түнү алпурушуп, «Супара-2» ни жасады.  «Ой, Табыке, эс алып алсаңчы?» дегенде «Пенсияга же тигил жакка кеткенде эс алабыз» деп айтып калчу эле.  Табыкем кыргызга үлгүлүү, заманбап философиясын калтырды, бул философия эркиндиктин, жөнөкөйлүктүн, элге, табийгатка жакын, ишкердик, жаратмандык философиясын калтырды. Эгемендүүлүк жылдарында эркиндик үчүн күрөштү. Өзү терс нерселерге, азыркы болуп жаткан нерселерге кейичү эле, үрп-адаттын терс жактарынан  ысырапкорчулуктан, убакытты текке кетирген салттардан кетпейлиби деп кейип айтып калчу эле. «Эгер мени жерге берсеңер мына бу тоо койнуна койгула, Ала-Арча көрүстөнүнөн жер талашпагыла, мени элдин жанына койгула. Койгондо да жылкы союп ысырапкорчулукка барбагыла» деп бизге тамашалап айтып кетти эле. Табыке, сен Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу адамдардын катарында каласың, Кош байке, жаткан жериң жайлуу болсун, жаркын элесиң эсибизде болот! Сиздин жасаган иштериңизди биз улантканга бүт күчүбүздү жумшайбыз.

Казат Акматов, Кыргыз эл жазуучусу: “Биздин элибизге дагы, бийлигибизге дагы так ушул Табылдыдай жигиттер керек экен”
– Табылдынын мен өкүл атасымын. Табылдыны эрте жоготконубузга кабыргабыз кайышып турат. Апасы, баарыбыз ыйлап турабыз. Бирок Табылды кыска өмүрүндө кыргыз элинин бир топ жагынан көзүн ачты. Биринчиси- Табыке өзүнүн ким экенин кыска өмүрүндө көрсөттү. Табылды калп айтпаган жигит эле, ашык мактаганды да жаман көрчү эле. Президенттин, өкмөттүн, парламенттин сөзүн угуп олтуруп түшүндүм. Биздин элибизге дагы, бийлигибизге дагы так ушул Табылдыдай жигиттер керек экен. Табылдыдай жигиттер болбогондо биздин экономикабыз, мамлекеттүүлүктү өстүрүү жөнүндөгү сөздөрдүн баары курулай сөз болуп,  жасалган иштердин баары текке кетет экен. Табыке, сенин өмүрүң үлгүлүү болду. Экинчи айтарым, Табылды жөнүндө мындан ары көп сөз болот, жаштардын оозуна кетет. Айтайын дегеним, бизди саясат жыргата албайт экен, Табылды билимиң менен жаратман ишкердигиң катар иштеди. Кесиби инженер болуп туруп улуттук маданиятка салым кошту, Аристотелден баштап Карамзинге чейин дүйнөлүк фиолософияны окуган жигит экен. Кыргыз оозеки, жазма философиясын да жакшы билет экен. Зирек, таланттуу, ошол талантын билим менен айкалыштырган. Ошол билимдүүлүгү менен КДКнын Бишкек шаардык комитетинин төрагасы болду. Эл үчүн иштеди, жаңы доордун башы бизнес экенин түшүнүп, ошол жакка ооду. Бизнестен өзү башында турган кыргыздын Шоросу менен дүйнөгө кетем деди. Шоро -ачкыл, нан менен сүттөн жасалган, аралашмасы жок тамак. Мына, Бишкекте «Шоро» саткан жерлерде узун кезекке туруп,  африкалык, француз ж.б. ичип атат. Бул өзү көрөгөчтүк. Табылды аны асмандан алып ойлоп чыгарган жок. Элдик тамагыбызды кайра өзүбүзгө берди. Мурда аны апасы , чоң апасы жасачу, ошону өндүрүшкө коюп, негиз салуучусу болуп калды. Бала- бакыраң бар, үч күндөн бери байкап жатам, көп жаштар да келип жатат, жаштарды, кыргызды жакшыртууга мындан ары сенин эмгегиң кызмат кылат. Кош, балам!

Сүрөттөрү Айболот Дүйшеевдики

Табылды Эгембердиевдин айткан таасын ойлорунан:

«Адам иштеп атканда гана жашайт, мен буга ишенем»
«Мен үчүн эң кымбат – убакыт, мен жашаганга шашам»
«Акча мени өзгөрткөн жок»
«Мен акчадан эмес, эмгектен рахат алам»
«Бизге миңдеген депутаттар эмес, миңдеген ишкерлер керек»
«Максат койдуңбу, анда жет ошого»
«Эң башкы капитал – бул сенин мээң»
«Өзүн көрсөтүүгө эң башкы жол бул –билим.  Билим – бул сенин түбөлүктүү байлыгың, аны жоготуп кое албайсың»
“Кыргызстан кыргыздар иштей баштаганда өнүгөт”

Даярдаган Айгүл Бакеева