Кенедей нерседен келип чыккан кылмыш

Derkembaev“Полит Клиника” гезити мындан ары “Элдик көзөмөл” рубрикасынын алдында Кыргызстандагы тейлөө тармагынын күңгөй-тескейин чагылдырып турмакчы.

Сүйүктүү Бишкек шаарым жана анын тургундарынын өйдө-төмөн кылык-жоруктары мени ар убакта таң калтырып келет. Айрым жердештеримдин арасынан шылуун, кемпай, мурдунан алысты көрө албагандары, пастары да көп кездешет десем болот. Сиздерге айтып бере турган ушул окуя жакында өз башыман өттү.
Мен уктаган бөлмөгө күн нурунун тентек көлөкөлөрү эски күзгүдөн чачырап, ар кайсы жакта, столдо, там боорунда, шыпта күлүңдөп- ойноктоп, кытыгылап турду, мен да аларга жылмайып, алдыда кандай окуяларга кез келеримди али сезе элекмин. Бир сааттан кийин такси чакырдым. Жаңы күн ойгонду, жаңы пландарды куруп, кантип чечүүнүн жолдору табылып, уйкулуу көзүм али деле ачыла элек. Түшүмө бир килейген аюу кириптир, бирок ачуулуу эмес, мээримдүү, тил уккан жаныбар.

Биринчи бөлүк: Түшүм чын чыкты
-Түшүмө килейген аюу киргени эмнеси?– деп ойлоп, бирок аны жакшылыкка жоруп койдум. Бул учурда телефон шыңгырап, такси келгени кабарланды. Бир мүнөттө чыга каларымды айттым. Эшикке чыксам, оюнчукка окшогон күмүш түстүү жапон машинасы күтүп туруптур, ал машинанын үстүнөн күн чагылып, мен уктаган бөлмөдөгүдөй күндүн көлөкөсү ойноп туруптур, бирок алар кичинекей, нано көлөкө эле.
Биринчи май райондук салык инспекциясына бир долбоорум боюнча маселени чечкени бараткам. Киев-Раззаков көчөсүнөн түшмөкмүн. Кейпи шаардык эмес, жаш таксист жол бою үн катпай жеткирди да, навигатор-таксометрин басып туруп, жол акысы 145 сом экенин айтып жатканда таксисттин көзү ойноктоп, отурган жеринде бүжүрөп калгансыды. Кечээ эле ушул багыт менен барып, 104 сом төлөгөм.
-Жол киреңер аба ырайына жараша өзгөрүлүп турабы же компанияңардын жаңылыгына жарашабы?-деп сурасам, айдоочу уялымыш болуп, колун сунду. Майда акчам жок болгондуктан, 1000 сомдук бердим. Таксист чөнтөктөрүн аңтарып чыгып, кайтарып бергенге майда жок экенин, майдараак беришимди өтүндү. “Анда барып, майдалап келиңиз, бирок качып кетпеңиз” деп тамашалап койдум. Минтип айтканым менен алдыда бир нерсени сезип жатканымды анда кайдан билейин.
Биз машинадан чыктык, ал акчаны майдалатканы кетти. Таксистти күтүп тургуча “Удача” такси кызматына чалып, жол акысынын неге кымбаттаганы тууралуу сүйлөшүп калдым. Баанын жогорураак айтылганына эмес, жөн гана кызыкканымдан эле чалып калгам. Сылык сүйлөгөн менеджер менин жол кирем али эсеп системага коюлбаганын, коюлса эле кабарлаарын билдирди. Айдоочу акчаны эч жерден майдалай албаптыр. Анда “менин эсебимди жаап коюңузчу” десем, жаап койгонун айтты. Мен телефонум аркылуу операторду айдоочу менен сүйлөштүргөндө “эсепти жаап койгун” деп суранды. Ал эми таксисттин машинасынын чөнтөгүндө экинчи эсептегич бар экен, эми анысын басып, мага жаңы эсепти угузса, анысы 107 сом болуптур.
Эми эмне кылышыбыз керек, таксистиңиздин майдасы жок, анан да алдагысы келиптир, -дедим операторго. Бул убакта таксист газды басып, бурулуштан өтүп качып баратты.
Эй, арткан акчаны кайтарган жоксуз, -деп артынан кыйкырып калдым. Бул учурда оператор да байланышта болуп атты:
Эмне, акчаңызды кайтарып бербей койдубу?– деп калды.
-Ооба, айдоочуңуз алдамчы эле эмес, киши тоногуч да турбайбы, -дедим. Телефондун тиги жагында сүйлөшүп жаткан кыз эч нерсе кыла албасын айтты.
816-борт, сиз азыркы машинанын номерин айта аласызбы? 57-68 беле?
Ал кыз мага такыр эле башка машина маркасын айтты. “Фольксваген-Пассат”. Номери да башка.
Ой, такыр башка, мага жапон машинасын жибербедиңиз беле…

Экинчи бөлүк: Биз бул жактан эле чыга калганбыз!
Чынында мунун баарына кол шилтеп салмакмын, бирок тиги таксист балким жөн эле акчанын артканын кайтарганды унутуп калгандыр. Кээде ошондой болуп калат эмеспи. Айдоочу мага телефон чалганын эстей коюп, ага СМС жөнөттүм. “Кымбаттуу айдоочу, сиз мага арткан акчаны кайтарып берген жоксуз, акчамды бериңиз, болбосо укук коргоо органдарына кайрылам”. Айдоочу кайра мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, эмнеге сен “Удачага” чалдың, каалаган жагыңа кайрыла бер” деп жооп жибериптир. Ага ачуум келип, ушундай жаш бала, келечекте дагы алда-кимдерди алдайт болуш керек деп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБге кайрылып калдым. Алдамчынын тагдырын өзгөртө албасам дагы, анча-мынча сездирип коеюн деген ой болгон. Милиция мурдагы балдар бакчасына жайгашыптыр, адатта мындай жайлар жылуу жана жанга жагымдуу болот эмеспи. Бирок милиция мени муздак, каардуу сүрү менен тосуп алды. “Бухенвальд” лагериндегидей болуп, ый, ыза, мушташ, кыйкырык, ызы-чуу ушу дубалдарга сиңип калгандай. Коридордо формачандар, форма кийбегендер ары- бери басып жүрдү. Форма кийбеген, бирок папка көтөргөндөрү да башын мойнуна бир кызыктай катып, бир кызык карап, ары-бери өтүп жатышты. Негизинен баары эле кыргызча сүйлөп жатканы менен, сөгүнгөндө орусчалап сөгүнүшөт. Дагы бир өзгөчөлүү жактары—алар чыгып баратканда какырынып-түкүрүнүп, түкүрүнгөндө тишинен “чыйт” эттирип жатышты. Азыр ушундай модабы, билбейм. Ыкчам-иликтөө бөлүмүнөн арызымды алып калышып, тез арада чечүүгө убада беришти. Бул өз милдетине бекем турган накта азамат турбайбы деген ойдо кеттим. Бирок кийин Биринчи май ИИБине келип, ал оперкызматкерди да, менин арызымды да таба алган жокмун. Бардык арыздар ар кандай окуялар катталган жерде жазылуу болушу керек да, меники жок болуп чыкты. Дежур кызматкер мени башка тергөөчүгө жиберди. Дежур ушунчалык сылык жана маданияттуу экен. Ички иштер органдарында деле сылык жана маданияттуу кишилер иштейт турбайбы деп калдым. Билимдүү кишилер менен иштешкен кандай жакшы! Кайрадан арыз жазууга туура келди. Ушул учурда мага чалышты, алайын десем эле коюлуп калат. Үчүнчү жолкудан кийин араң мага жетти. Муну “маяк” деп коет эмеспи, чалып жаткан киши сени чал деп, сенин эсебиңен сүйлөшкүсү келгени.
-Алло, Данияр, сенсиңби, арыз жаздыңбы…
-Ооба, а бул ким?
-Бу мен, Биринчи майдан, дежурный.
Таң калганым мен кайсы бир милиция кызматкери менен сүйлөшпөй эле, уурулардын уюшкан жериндегилер менен сүйлөшүп жаткандай болдум, анткени ал кылмышкер сыяктанып, бир диалект менен сүйлөп атты.
-Машинанын номерин билесиңби?
-Мен билгенимдин баарын арызга жаздым.
Бир кызыктай дежур экен. Өзү мага айта турган нерселерди менден сураганы кандай?..
Бул окуянын аягы дагы уланат. Ушундай, бир караганда жөнөкөй маселе сиздердин ар бириңиздердин башыңыздардан да өтүп калышы мүмкүн. Силерге күнү бою жакшы маанай каалайм, өзүңөрдү жакшы карагыла!

Данияр Деркембаев