Кимдин “Вечеркасы” Бакиевдердин изи менен баратканын ким тактайт?

Vecherka 1Чындыгында, акылдуусунуп оозго келгенди оттогондон көрө унчукпай коюу артык. Акыркы кезде Өмүрбек Текебаев өзүнүн “Ата Мекен” партиясынын шайлоо алдындагы кампаниясын баштап, популисттик, ошол эле кезде тергеп айтканда кызыктай билдирүүлөрдү жасоодо. Бирде Бишкектин тегерегиндеги басып алынган жерлерди мыйзамдаштыралы десе, биринде диндин аркасы менен капчыгын кампайткан мурунку муфтийге карата кылмыш ишин токтотууну сунуштады. Башкача айтканда Текебаев мыйзамдын жөнүн билбегенин көрсөтүүдө. Балким, ал мыйзамды билбейт же мыйзамды айрым адамдар бузса болоруна ишенип, аны катардагы көрүнүш катары көрөт. Текебаев “Вечерний Бишкекти” коргоп чыгып, укмуштуу билдирүү жасады.
24.kg МА цитатасы: «Ал (Текебаев) ошондой эле Александр Кимдин “Вечерний Бишкекте” буга чейин болгон 50 пайыз жана андан кийинки сатып алган 50 пайызды кошкондо 100 пайыз акциясы бар экенин кошумчалады. “Ата Мекендин” лидери белгилегендей, А.Ким мыйзамдын эч бир нормасын бузган эмес. “Эгер компанияда үлүшү бар адам аны башкарууга катышпай калса жана өз аракети менен ишканага зыяны тийсе, аны соттун чечими менен курамдан чыгарып койсо болот. Ушунун негизинде Акаевдин күйөө баласына тиешелүү болгон «Петровски корп.» компаниянын курамынан чыккан”, – дейт ал”
Текебаев мындай сөз менен көп жылдан бери чиеленишип, азыркы күнгө чейин чечилбей жаткан маселеге оңой эле чекит койгонсуду. Бирок, ал Ким мырзанын таламын талашып, башка кызыкчылыкты көздөп жатканын баары эле билип турат. Анда Текебаев мырзанын айтканындай кылып эле тез арада ушунтип чечип койбойлубу? Анда Рябушкин деген бир жарандын укугу тепселип кетпейби. Канткен менен А.Ким бир басылманын чатагын өтө чоң чатакка айлантып, Кыргызстанды башына көтөрүп алды. Ал мындай интрига, чатак, соттошуусу менен басылманын кызматкерлерине өтө чоң зыяны тийип жатат. Анда иштеген 200дөй кызматкер бир топ убакыттан бери эмне кыларын билбей, күн сайын иликтөө жана тергөө иштерине тартылып жаткан чагы. Аларга да жумуш керек, бала-чакасын багышы керек да. Иштеген ишинен айрылып калуудан коркуп, Кимдин жетегинде аргасыз жүрөт.
Айрым биздин окурмандар А.Ким Бакиевдин убагында анын эрке баласы Максим Бакиевге кызмат кылууга ант берип, анын алдында чөгөлөгөнүн жазып жибериптир. Буга чейин деле “Вечёрка” Бакиевдердин үй-бүлөсүнө өтө чоң кызмат кылганы айтылып келди. Анда кезегинде аталган басылмага Максимди коргоп чыккан макаладан үзүндү сунуштайлы. Цитата: “Биздин оюбузча бул кызматка (ЦАРИИ) татыктуу адам келди. Ага ишенсе болот. Анткени Максим Бакиев – бардар адам жана таза киши. Ал Кыргызстанга келген инвестиция жана карыздарды өлкө келечеги үчүн иштетүүгө аракет кылат”, – деп жазат бул басылма. Бакиевдин маалында соттордун Кимдин пайдасына чечим чыгарып жүргөнү да ушундан деп билсе болот.
Акаевчилер “Петровски корп.го” жазылган газетанын башкаруучу пакетинен тышкары, кошумча “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн акцияларына ээ болушчу. Алар баардык чечимдерди эки-үч добуш менен өтүүсүнө мүмкүндүк берчү. Башкаруучу пакетти акаевчилерден алып, “адилеттүү” сот аркылуу Кимге беришкен. Ал эми кошумча акциялар азыр кимде? Эгерде жакшылап караса, алар кимге жазылганы, ким аларга ээлик кылганы ачыкка чыгат. Максимдин аты чыкпаганын көр!
Максимдин “кедей эместиги” ырас, – бирок, ал “ушунчалык акылдуу” болгондуктан, ушу кезге чейин “Вечерканын” реклама ишкерлигинен пайда көрүп турушу мүмкүн. Айтмакчы, кезинде Бакиевдин кичүүсү менен ЦАРИИде иштеген, учурда “Вечеркада” майлуу орунда иштеген Дина Маслова деген “смотрящийи” бар. Кокустукпу? Сиздер кокустукка ишенесиздерби?
Текебаевчи? Ага эмне, шайлоочуларына жагып, көбүрөөк добуш алса болду да. Бул жерде ал мындай учурду жаза кетирбей пайдаланып калууну көздөп жаткандай. Бирок кыргызстандыктар Бакиевдин режимин жана Максимдин кандай тайраңдап жүргөнүн эсинен чыгара элек. Эгер Кимдин айланасындагы окуядан Максимдин кулагы көрүнүп кала турган болсо, Текебаевдин тилегин таш кабары бышык. Анын үстүнө “Вечерний Бишкек” басылмасы бала бакчанын имаратын ээлеп алган. Бул көрүнүш да буларга чоң сокку болот.
“Вечерний Бишкек” Бакиевдердин арыгын чаап, алардын бийлигинин бекемделишине эбегейсиз салым кошкону үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурашы керек. Азыр да аларга кызмат кылып жатат”, – деп биздин бир окурман кат жазыптыр. Муну атайын кызматтар иликтеп чыгар. Айрым маалыматтарда булардын артында бакиевчилер турганы да айтылууда. Бирок, эмнегедир атайын кызмат менен Башкы прокуратура мындай өңүттөн ишти иликтебей жаткандай.

Елена Авдеева, “Белый парус”