Өмүрбек Абдрахманов, ЖК депутаты: “Мен адамдарга “туруксузмун”

Omurbek Abdrahmanov– Оппозициянын Жалал-Абадда өткөргөн Курултайына сиздердин барбай койгонуңуздарды сындап атышат. Эмнеге барбай койдуңуздар?
– Оппозиция деген партия жок. Бийликтин позициясына ичи чыкпаган адамдар оппозиция боло берет. Алардын бир тобу Жалал-Абадда курултай өткөзүштү. Бул алардын укугу. Курултай өткөзгөнгө ар бир жаран укуктуу экендиги Конституцияда каралган. Биз аларды сындаганга моралдык укугубуз жок. Биз аларга айлык төлөп тапшырма берген эмеспиз. Биринчи иретте биз айлык төлөп, иштегенге шарт түзүп берген бийликтен реформаларды, өнүгүүнү сурасак жана аларды ар күнү сындап турсак туура болот.

– Эмнеге Курултайын кайра-кайра жылдыра беришти. Элдин колдоосун таппай калыштыбы, же каражат жокпу?
– Дегеле акча менен митинг өткөргөндү токтотсок. “Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт” дешчү аксакалдар.

– Жаныңызда жүргөндөргө ошентип айтып көрдүңүз беле? Акча менен митинг өткөргөндү токтотолу деп?
– Мен ар дайым аны айтам, жактырганы бар, жактырбаганы бар. Революцияга мен таптакыр каршымын. Революция кылгандарды саясаттан четтетиш керек деп эсептейм. Анткени революция болгон сайын мамлекет артка кетип жатат. Улам жаӊы келген президент мурункусунан начар болуп жатат. Президенттер алмашканы менен авторитардык система алмашкан жок.

– Оппозиция деген партия жок деп атпайсызбы, бирок Бириккен оппозициялык кыймылда сиз дагы алар менен чогуу элеңиз го?
-Мен УОКто болсом керек, болбосом да керек. Эгер УОК туура иш жасаса, аларды колдойм, алар менен бирге болом. Эгер бийлик туура кадамдарды жасаса, аларды да колдойм. Мен идея менен жашаган адаммын. Ким демократиялык кадамдарды жасаса, ошолор менен биргемин.

– Анан шайлоого ким менен барасыз? Же тияктан жок, же быяктан жок калбайсызбы?
– Силер менен барайын деп жүрөм (Күлүп). Азырынча ойлоно элекмин. Эгер ыгы келсе барышым мүмкүн, а эгер барбасам, Медиа-центр ачып алып силерге биригем (Күлүп).

– Кандай журналист чыгат сизден? Биз бир орундан козголбой иштеген журналисттерди жаман көрөбүз, сиз Фейсбуктан чыкпайсыз го?
– Мен журналист болбойм. Мен журналисттерди иштеткен, демократияны жайылткан саясый-медиа борборун ачсам дейм.

– Саясатта кастык да, достук да жок экенин Текебаев менен Жолдошева көрсөтүп койду го жакында. Балким сиз дагы бир учурда мурунку партиялаштарыңыз менен табышып калаттырсыз?
– Мен идея үчүн күрөшкөн адаммын. Эгер Текебаев эртең батыштагыдай демократиялык система курам десе, мен аны колдойм. А эгер аны Атамбаев айтса, аны да колдойм. Мен адамдар үчүн “туруксузмун”, мен идеяга туруктуумун.

– Идея демекчи, социалисттик “Ата Мекен” партиясында бир канча жыл мүчө болуп, ошол партиядан депутат болгонуңузду айта кетпесек, сөз атасы өлөт го?
– Мен эч качан социалист болгон эмесмин. Мен Бакиевге каршы күрөшүүдө Текебаевге бириккем. Башка бириге турган саясатчылар ал убакта жок эле.

– Анан Текебаев менен эмнеге келишпей калдыңыздар?
– Текебаевди Равшан Жээнбеков экөөбүз оң тарапка тартуу үчүн бир топ эле аракет кылдык. Бирок ал кишинин социализм деген идеясы абдан катуу экен. Демократияга, “капитализмге” барар түрү көрүнбөдү. Ошол себептен идеяларыбыз келишпей калды. Андан тышкары, ал кишинин кылган иштери да көбөйүп кетти. Мисалы, “Мегакомду” россиялык компанияга алып берем деп Текебаев Дүйшөн Чотонов аркылуу 1 миллион доллар алганын айтып, гезитке интервью бергем.

– Далилдериңиз барбы? Же жөн эле каралап жатасызбы?
– Албетте, менин видео же үнүн жазып алган далилим жок, бирок Текебаев россиялык телефон компаниясынын башчылары менен кабинетинде өткөн жолугушууга мени да чакырган.

– Сиз анан каршы пикириңизди айткан жоксузбу?
– Мен анда акча алып койгонун билген эмесмин. Мен депутаттык комиссиянын төрагасы болуп, “Мегаком” 100% мамлекетке алыныш керек деп жүргөм. Текебаев: “Мына биздин депутатыбыз комиссиянын төрагасы болду. “Мегакомду” 100% мамлекетке алабыз, андан кийин бул компанияны силерге алып беребиз” деп убадасын берген.

– Кечээ жакында “Аалам” партиясынын өкүлдөрү “Ата Мекенди” 60 миң доллар карызыбызды бергиле деген баракчаларын таратты, сиз да айтып жүрдүңүз беле?
– Ооба, жанагы “үрпөк чач”, ким эле, партиялык фондго ошончо акча кошкон…

– Малиевби?
– Ооба, Малиев. Текебаев парламентке өткөндөн кийин Малиевди такыр эле жолотпой койгон. Ошон үчүн акчасын доолап жүрөт окшойт. Мен 100 миң доллар кошком, партиянын шайлоо фондуна банк аркылуу. Бирок Текебаев кандай сарпталганы боюнча отчет бербей койгон.

– Кумтөр боюнча пикирлер чаташып кетти, сиз кандай пикирдесиз?
– Кумтөр маселесин чечүүдө эки гана жол бар: “Национализация же капитуляция” деп Текебаев парламентте катуу кыйкырган эле. Ал киши эми “национализацияга” караманча каршы чыккан Оторбаевди жактап, Центерра менен иштешиш керек деп атат. Эки жүздүүлүктүн деле чеги болсо…

– Жеке сиздин пикириңиз кандай?
– Мен сот эмесмин, алардын ички интригасын билбейм. Ошондуктан бир жактуу айтыш кыйын. Анын үстүнө бул маселе саясатташып кетти.

– Ооба, бирок сиз депутатсыз да. Эртеӊ бул пленардык жыйынга чыгат, ошондо сиз кандай позицияда болосуз?
– Бирок улутташтыруу Кыргызстанга эң чоң зыян алып келерин унутпасак. Улутташтырууга барган мамлекеттердин бири да пайда таба алышкан эмес. Эки жактын позициясын угуп, салмактап, андан кийин чечим кабыл алабыз го.

Акылбек Чынтемиров