Марат Иманкулов, УКК генерал-майору: “Өзүбүз биримдикте болсок, эч ким коркунуч жарата албайт”

Marat ImankulovКР УККнын төрагасынын экс-биринчи орун басары, Террорго каршы борбордун экс-директору, генерал-майор Марат Иманкулов кабарчыбыздын азыркы учурдагы коопсуздук тууралуу суроолоруна жооп берди.

– Азыркы учурда диний кооптуу маселе күч алууда, айрымдар Сирияга чейин согушка аттанып кетип жатышат. Ушул көйгөйдөн кантип арылууга болот?
– Мамлекеттин коопсуздугу тышкы жана ички коопсуздук болуп болжолдуу экиге бөлүнөт. Ал эми диний коопсуздук дегенибизге диндин тиешеси жок. Бул- динге жамынып алып, саясий экстремизм жана террорчулук жасагандык. Мындай коркунуч тыштан да, өзүбүздүн мамлекеттин ичинен да чыгат. Экстремизм менен террорчулук биригип келип, улуттук коркунучка алып келиши мүмкүн. Саясий экстремизм жана террорчулук биздин өлкөдө 90-жылдардын аягында башталган. Айрыкча 1997-1998-жылдары байкалып, Ош областында “Хизбут-Тахрир” сыяктуу уюмдардын ячейкалары пайда болгон. Ал кошуна Өзбек жана Тажик республикаларынан келе баштаган. Биз ошондо экстремизм менен террорчулук боюнча президенттен баштап өкмөттүк структураларга чейин маалыматтарды берип турганбыз. Тилекке каршы, буга мамлекеттик мааниде көңүл бурулган эмес. Азыр аз да болсо аракет бар, бирок иштин баары сөз жүзүндө эле. Диний радикалдуулукка барган азыркы коомдо бул дартка окшоп, бара-бара тынчып калат деп маани берилбей келүүдө. Азыр радикалдуу топтор түштүк жергесинде эле эмес, Бишкек, Чүй, Ысык-Көл, Нарынга да кеңири таралып кетти.

-Андай диний радикалдуу топтордун максаты эмне?
– Алардын максаты – биздин Кыргызстанда эле эмес, Орто Азия чөлкөмүндө Халифат түрүндөгү ислам мамлекетин куруу. “Хизбут-тахрир” сыяктуу уюмдар андай мамлекетти тынчтык жана үгүттөө жолу менен түзөбүз дешсе, Өзбекстандагы ислам кыймылы радикалдуу жол менен программа түзүп, Ооганстанда талибандарга кошулуп согушуп жүрүшөт. Биздегилер тынчтык жол менен барууну көздөсө, түпкү максаты баарыныкы бир болгондуктан, эртең алар куралдуу кыймылдарга кошулуп кетпейт деп айтууга болбойт. Ал эми Сирияга баргандардын бир тобунун кулагына мусулмандардын укуктары тебеленип жатат деген маалыматтар куюлуп, азгырылып кетип жатышат. Бул чоң-чоң державалардын мусулмандарды бири-бири менен кагыштырып жаткан оюну да болушу мүмкүн. Болбосо карап көрсөңүздөр, Йеменде суниттер менен шеиттер тирешип, алар миллиарддаган акча каражаттары менен камсыздалып жатышат. Биздикилердин арасында романтикага берилип кеткендери бар, бирок кыргынга барышса, бири да аман кайтып келбейт, эптеп бирөө-жарымы качып келбесе эле.

– Аларды канткенде кан күйгөн жерлерге жибербей, диний радикалдуулукка алдыртпай коюуга болот?
-Бул татаал маселе. Алар чет мамлекетке соода кылууга, окууга же эс алууга деп кетиши мүмкүн. Аларды эч ким токтотууга укугу жок. Болгон эле натыйжалуу каражат-эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Бизге окшоп отставкага кеткендерди, тажрыйбалуу кызматкерлерди тартып, мектептерде, жогорку окуу жайларда туташ түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Экинчиден, укук коргоо органдары да үгүттөө иштери менен алек болушу керек. Экстремизм -бул идеология. Карандай күч менен эч ким бизди басып ала албайт. Бизге элибизге жаккан идеология керек. Биздин коом экстремисттик идеологияны кабыл албайбыз дегенде гана экстремизмге азгырылуунун аягы буулат. Экстремисттер түшүнүгү тайкы, динге берилген кишилерди алдап жатышат. Дин ыймандуулукка чакырат, жакшы нерселерге кол сунат, бирок экстремисттер диний түшүнүктөрдү бурмалап жатышат. Мен жаштар менен жолугушууларда “джихад” деген эмнени түшүндүрөт?” деп сурасам, көпчүлүгү “бул мусулмандар менен каапырлардын согушу” деп жооп беришти. “Джихад” деген улуу джихад, кичи джихад болуп экиге бөлүнөт, джихад бул күрөш дегенди билдирет. Мусулман баласы маданияттуулугун сактап, сабаттуу болуп, жаркырап, нур чачып турат. Улуу джихадга барыш үчүн чыдамкайлык жана эрк керек. Чет жактан агрессия болуп жатса, аргасыздан мекенди коргош керек. Ал эми “шахид” деген шеит деген эле сөз, Мекениңди коргоп, каза болсоң шеит кетесиң. Көчөңдү шыпырып, жакыныңа жардам берсең да, ал кичи джихад. Азыр башка мамлекеттер кол салат деген коркунуч жок, коркунуч ириде экстремисттер менен террорчулук жагынан болушу ыктымал.

-Жакында АКШ элчилигине 152 тонна дипломатиялык жүк келип түшкөндүгү, мына ушундай эле контейнерлер Украинага да келгендиги, алдыда Украинадагыдай окуялар болуп кетиши тууралуу айтылып жатат. Бул тууралуу эмне деп айтаар элеңиз?
– Мен УКК кызматында иштегенимден, болжол менен пикир айта албайм. Мында фантазияга берилип кетпеш керек. АКШ элчилиги андан кийин түшүндүрмө берип, ал элчиликтин жаңы имаратына алынган аппаратура, жабдуулар экенин билдирди. Албетте, ал дипломатиялык жүк болгондуктан, биз текшере албайбыз. Биз дагы Америкага ошондой жүк жиберсек, алар да текшере алышпайт. Мен азыр эч нерсеге таң калбайм, илимий-техника өнүккөн кезде ал ар кыл аппаратура, техника да болушу мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да бул мамлекеттик коркунуч деп ойлобойм. Эгерде мамлекетте ички коопсуздук, стабилдүүлүктү сактасак, биримдикке келип, шылтоо, негиз түзүп бербесек, бизге эч ким коркунуч жарата албайт. Коопсуздуктун түрлөрү көп: чек ара коопсуздугу, тамак-аш коопсуздугу , энергетикалык коопсуздук, маалыматтык коопсуздук… Мына ошолордун баары биригип, Улуттук коопсуздукту түзөт. Ар бир структура өз коопсуздугун камсыз кылып, баары биргелешип, бир муштум болуп ынтымакта иштегенде гана бир жыйынтык чыгат. Эгер бизде ынтымак, адилеттүүлүк болбосо, анда башкалар пайдаланып кетиши мүмкүн.

Маектешкен Айгүл Бакеева