Муратбек Мукашев, «Анджела Дэвиске окшош»

MukashevТокмоктон өйдө – Кегети тарапка кетип бара жаткан жолдо Ак-Бешим деген айыл бар. Тарых тереңине кеткен маалыматтар булактарына баам салып көргөндө, ал атактуу Бурана мунарасы турган жерди борбор кылган орто кылымдагы Караханий мамлекетинин даңкын чыгарган белгилүү шаар-жайдын ордуна түшкөн. Жаратылышы абдан кооз, Сары –Өзөн- Чүйдүн киндиги өңдөнүп сезилип, алыстан карасаң, ак чоку кырка тоолору шаңкайып көрүнгөн ушунчалык бир кут конгон жер.
Ушул Ак-Бешимге байланыштуу илимий жагдайда чоң кызыгуу жараткан тарыхчы-окумуштуулардын көптөгөн эмгектери жаралган. Нечен мертебе археологиялык казуулар жүргүзүлүп, орто кылымдагы калктын жашоо-турмуш маданиятын көрсөткөн тиричилик буюмдары, курал-жарак үлгүлөрү, тыйындар, искусство предметтери, архитектуралык тетиктер, турак-жай курулуштарынан ар кандай тартиптеги калдыктары табылган. Ѳткөндө телевизордон ичине кеминде 20 литрлик өлчөмдө буудай же ун сактай турган мунара калдыгы табылганын кабарлашты. Дегинкисин айтканда, Ак-Бешимдин мезгил катмарларына көлөкөлөнгөн тарыхый сырлары менен табышмактары баардыгыбыз үчүн эле абдан кызыктуу, ачылыштары баа жеткис.
Азыр ошол Ак-Бешимдин башында Жаңы-Жол деген айыл бар. Жаңы-Жолдун сол жак ыптасында илгери жетим өскөн балдар, чабандардын балдары жатып окуй турган чоң мектеп- интернат болор эле. Андан советтик жана кийинки доор ичинде жүздөгөн балдар тарбия-билим алып чыгышып, кыйласы мүлдө республикага таанымал мыкты кадр, таланттуу ишмер, учкан уясын жана боордош эл-журтун сыймыкка бөлөгөн татыктуу адамдардан болушту.
Ак-Бешим, Жаңы-Жол дегенде ар качан биринчи кезекте дал ушул – менин да балалык кезимден таңдануу-кадырлоомду жараткан атактуу мектеп-интернат эсиме келет.
Турмушта кээде кичинекей эле деталь же элес ташка тамга баскандай болуп көңүл-сезимде жашап калат. Ойлоп көрсөм, ак босоголуу билим конушу менен алгачкы «кездешүүм» 9 жаштагы тестиер чагыма – 1959-жылдын жайына туура келет экен. Ал окуя таржымалы мындайча болду.
Фрунзедеги атамдын карындашыныкында жатып окуп, 4-класска көчүп, жайкы каникулда айылга барып калдым. Азыр да эсимде бар, каникулга бир аз эртерээк – майдын 28инде бардым. Ал убакта тиги мектеп-интернаттын атын укканым болбосо, бизге жакын турса да, барып көрө элек элем. Анын бир күнү эле жогорку жакта – Кегети капчыгайында жайгашкан токой чарбасынан Садыбакас деген киши үйгө келди. Ал атама кайрылып: «Муктар, өзүң билесиң, менин эки балам төмөнкү мектеп-интернатта окуйт эмеспи, эми алардын окуусу бүттү, барып алып келейин, акча карыз берип тур»,- деп айтты. Көрсө, ошондо мектеп-интернатта окуган чабан-токойчулардын балдарына айына 10 сомдон төлөгөн эреже бар окшобойбу. Мындай сөздү угаарым менен мен да барып келейин деп сүйүнүп кеттим. Менин оюмда: «Жүрү, жүрү, менин балдарымды сен да тааныйт эмессиңби»,- деп Садыбакас ата да колдоду. Анда үстү таар менен жабылып, бортунун эки капталына узун орундук коюлган машинаны крузотакси деп аташчу, ошого түшүп, экөөбүз жөнөп кеттик.
Болжогон жерге жеттик, балдардын көбү эбак эле каникулга кетип калышыптыр. А токойчу акча төлөбөгөндүктөн, балдарын жибербей жатышыптыр. Сагынып-күткөн балдар абдан сүйүнүп кетишти. Ошондогу таң калганым: мектеп-интернаттын имараты ушунчалык кооз, жыйнактуу, таза, бир сөз менен айтканда, класстар түгүл, ашканасына чейин тим эле жомоктогудай сарай ошол жерге көчүп келип орноп калгандай. Жанында көз жеткис чоң аянтты ээлеген көз жеткис сонун алма багы бар. Сабактар орусча өтүлүп, директору орус киши болгондуктан, ичте-сыртта – баардык айланада орус маданияты, орус тартибинин үлгүсү сезилет. Мына ошондой көңүл кубанткан өзгөчө көрүнүштү көргөндөн кийин, оюма дароо кароосуз калган бейбаш балдарды да таалим-өрнөктүү, мыкты адам кылып тарбиялаган улуу орус педагогу Антон Семенович Макаренко жана граждандык согуштан кийинки балдардын оор турмушун сүрөттөп жазган «Жертөлөнүн балдары» деген китептин автору Владимир Галактионович Короленко түштү. Кичинекей болсом да, анда мен бул улуу кишилердин баарын мектеп программасы тараткан маалыматтар аркылуу билип калгам.Татынакай кийинип, татынакай адеп күткөн окуучуларга мугалимдер аябагандай жакшы камкор көрүшөт экен. Дендери сак, кабактары ачык. Садыбакас аксакал: «Силер күтө тургула, мен бухгалтерияга акча төлөп келейин», – деп кеткенде, 5-класста окуган уулу баягы өзгөчө кең аянтты ээлеген алма бакты аралатып көрсөттү. Жай мезгилинин башталышында алмалар жашыл жалбырагын күнгө кактап, мөмөсү тегиз түйүлүп калган. Ал жерде алма эле бар дейин десең, алчалар да көздүн жоосун алат. Ар бир дарак 4-5 метр аралыкта, каз-катар болуп тигилген. Биздин ушул Чүй жерибизге эл оозунда дарт дабасын тапкан Улукман аке сыяктуу айтылган Мичурин өзү келип, балдар жеп, балдар ырахатын көрсүн деп анын баарын Мичурин өзү кол менен тигип, өскөн ордун түптөп жана самсаалаган бутак-шактарын тегиздеп кеткендей. Чынында эле, сөз менен айтып жеткиргис фантастика!
Аңгыча Садыбакас ата да эшикке чыкты. Жанында – узатып чыккан орус аял. Ал балдардын атасына: «Жакшы окуп, жакшы адеп күткөн балдарың бар. Окуучулардын баардыгы каникулга тарап, быякта буларга окшогон аз эле бала калды. Эми акысы көп деле акча эмес экен, ошону убагында төлөп турбайсыңбы», – деп айтып жатат. Анда тиги киши: «Ой, айланайын, бизге токойчуларга убагында айлык бербей жатпайбы. Бул жолу эптеп Муктар деген досумдан карызга апкелдим, мына, ишенбесеңер, мында анын балдары да турат», – деп мени көрсөтө берди.
Ошону менен үйгө келдик. Атам да абдан сүйүнүп, тамак жасатып, балдардын окуусун бүтүшү менен деп экөө арак ичишти. Анан Садыбакас: «Муктар, эми атыңды берип тур, мен балдарды алып токойго жетип алайын», – деди. Атамдын кара кашка аты бар эле, ошого минип, 5-класста жана 3-класста окуган эки баласын учкаштырып алып, оолжуган бойдон-көңүлдүү жөнөп кетти.
Балалыктан калган мына ушундай элестер качанкы унутулгус күндөрдү көз алдыга тартат. Ак-Бешимден ары-бери өткөн сайын, 1959-жылы болгон ошол окуяны ар дайым эстейм.
Ортодон 33 жыл өткөндөн кийин – 1992-жылдын жайында дагы бир кызыктуу окуянын күбөсү болдум. Токмоктон үйгө баратам. Убакыт жебеси эртең мененки тогуздан ооп калган. «Ниванын» рулунда өзүммүн. Маанайым ачык. Анан Ак-Бешимге жакындай бергенде, баягы жүрөктө жашаган сонун жай күнү эсиме түшүп, эбак тарыхтын эстелиги өңдөнүп сезилген тааныш жана кооптуу мектеп- интернатка кайрыла кетүүнү чечтим. Чынында, ал жерге барбаганыма көп болду.
Эски мектеп-интернаттын жанына барсам, ушунчалык котологон эл. Тим эле шайлоо алдындагы жыйынга чогулуп алгандай. Бери дегенде, 50-60 адам жыйылган. Анан СССР заманындагы эбак көзгө тааныш сары такси турат. Эмне болуп кетти деп таң кала карасам, эл курчоосунда – узун бойлуу, капкара негр кыз. Элеттик кыргыз арасына алыскы Африканын кызынын бул өңдүү таң эрте «мейманга» келиши, кантсе да, айран таң кала турган көрүнүш эле. Баарынан саам ошол саат, ошол мүнөттө анын тынчтык, адам укугу үчүн талыкпай күрөшкөн америкалык негр кыз Анджела Дэвиске куюп койгондой окшоштугун айт.
Сураштырып билсем: «Ушул кыз – биздин мектеп-интернатта окуган өзүбүздүн кызыбыз»,- деп айтышты. Көрсө, тиги калдайган көпчүлүк – айылдыктар аны кымбаттуу адамдай өзгөчө боордоштук нуруна бөлөшүп, өлкөлөр чегинен аттачу алыскы жолуна баарылап узатып жатышыптыр. Кучактап өөп жатканы, коштошуп кол кысып жатканы, анан улуулар, өзгөчө аялдар ичинде көз жашын агызып жүргөндөрү бар. Негр кыз ошондон түз Алматы аэропортуна кеткени атайы сары таксини жалдаптыр.
Ушундай окуянын үстүнөн чыкканыма өзүм да катуу толкундандым. Толкунданбай турган окуябы! Кыргыздар менен негр кыз, накта европалыкча кийинген чоочун дүйнөнүн адамы менен күндөлүк жашоо-турмуш түйшүгү менен жупуну кийинген элеттиктер…
Ошону менен негр кыз жөнөп кетти. Көпкө чейин тарабай карап турган элдин ичинде бир эженин жанына жакын барып, бул табышмактуу көрүнүштүн сырын сурасам, ал мага төмөнкүлөрдү айтып берди.
Илгери, совет доорунда, Токмокто учкучтарды даярдоочу окуу жай болуп, анда Африканын көп өлкөлөрүнөн келген жигиттер окушкан. Ошондо алардын бирөө кыргыз кыз менен таанышып, көңүлдөрү жакын болуп жүрүп, окуунун мөөнөтү бүткөндөн кийин мекенине кетет. А тиги кыздын болсо, боюнда калат. Акыры ай-күнүнө жетип, кыз төрөйт. Күйөөсүз, бөтөн негрден төрөйт деген анда коомдо кандай уят иш саналганын баарыбыз эле жакшы билебиз. Мындайча айтканда, кыргыз кызынын көөдөй капкара негрден төрөгөнү шермендечиликтин барып турган чеги катары айыпталчу. Ушундай журт айыптоосунан корунган кыз төрөгөн наристесин таштай качат. Бирок, аны өз энеси, ымыркайдын таенеси багып алат. Бечара эненин күйүмдүүлүгүн карабайсыңбы! Кызынын кызына Маржан деп ат коюп, кадыресе эле айылдык үй-бүлөдө кыргызча сүйлөтүп чоңойтот. Анан 1-класстан баштап ушул белгилүү мектеп интернатка жатып окуп, орто билим алып чыгат.
Маржан 1972-жылы туулган. 17 жашка чыккан кезинде ошончо жыл кабарсыз жүргөн атасы кандайдыр бир жол менен сураштырып-билип издеп келет да, кызын алып кетет. Ал ошондо Бельгияда жашап турган экен.
Ак-бешимдик Анджела Дэвистин таржымал-баяны ушундай. Бою кеминде 180см болуп, джинсы шым кийип, кыргызча да, орусча да жакшы сүйлөгөн татынакай Маржан ошол жердеги жакшы көргөн мугалиминикине мейманга келиптир. Ыраазылык, дагы бир жолу коштошуу белгиси катары кичинекейинен көрүп билген айылдыктардын баарын чогултуп чай берип, тим эле кыргыздын андай мулат – жарым негр эмес кыздары да дайым эле жасай бербеген чыныгы адамгерчилик салт-жөрөлгөсүн жасаганына мугалимдери ыраазы. Эми азыр кайра атасына – Бельгияга жөнөп бараткан кези экен. Алматыдан ал түз каттаган рейс менен Голландиянын борбору Амстердамга учуп кетмек.
Ушундан улам, өткөн доор менен азыркы учур тууралуу ойго көп нерселер түшөт. Ооба, эски заманда бир эле Токмокто эмес, Фрунзе, Кантта да авиациялык училищелер бар эле. Аларда окуган чет өлкөлүк жигиттер менен жергиликтүү кыргыздар «жакындашып» кеткен окуялары советтик тарбияда чоңойгон баарыбыздын көзүбүзгө өөн эле учураганын жашырууга болбойт. Маселен, Мозамбик, Ангола, Конго, Египет, Гвинея-Бисау сыяктуу африкалык өлкөлөрдүн атуулдары Батыштын капиталисттик өндүрүшүнөн чыккан: джинсы шым, сагыз, кол чатыр, кол кап, парфюмерия түрлөрү ж.б. таңсык товарларды ала келишип, ошолор аркылуу андайды көрбөгөн: орус, татар, казак, кыргыз, корей ж.б. кыздарын азгырышып, экинчи жагынан акчалуу да болушкандыктан, бош кездеринде алар менен бирге советтик кишилердин чөнтөктүүлөрү гана кирүүчү ресторандарды ээлешип, натыйжада алигидей мулат балдардын көп төрөлүп кетиши – жалпы коомдук жек көрүүнүн жаралышына «негиз» түзүп коюшкан. Чынында, биз ал убакта андай кыздарды «жеңил ойлуулар, абийир-уяттан ажырагандар, денесин саткандар» деп жаман көрчүбүз.
Эми азыр доор өзгөрүп, демократия, рынок дегендердин араан-күрдөөлү жүрүп турганда, кыргыз кыздары эмне болуп жатат? Же бизде ачык эле чет өлкөлүктөргө жакындап, жаш, сулуу денесин сатып, ошондой «эл аралык» бизнес аркылуу ар кандай өлчөмдө акча таап жаткандар азбы? Атайы жымсалданган – фирма, компания, уюм жана мекемелердин ат-документтерине жамынган түркүн-түс жолдорду колдонуп, денесин сатуу үчүн топ-тобу менен алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө кеткендерди көрүп-билип турабызбы?
Милиция кызматкерлери ушул эле Бишкектен, Оштон, атүгүл райондук борбор Сокулуктан мейманкана, мончо, сауна, кафе-ресторан ээлери ар түркүн улуттардын кыздарынын эсебинен «лаззатка батчу» жайларды – притондорду ачышып, андан көп пайда көрүп жатышканын табышканын телевизордон нечен жолу көрсөтүштү. Ошондой притондордун бири борбордун «Аламүдүн» базарынын жанында өңчөй кытай бизнесмендерин тынымы жок «тейлегени», анан андагылардын көпчүлүгү мөлтүрөгөн сулуу кыргыз кыздар…жалпы жумурай-журтка белгилүү болду.
Эгер биз өзүбүздү ар-намыстуу эл, келечек тагдырын колго алган эгемендүү өлкөнүн татыктуу атуулдарыбыз десек, анда мындай чоң проблема – чоң көйгөйдүн үстүндө ар качандан бир качан улуттук бийик парасатты эске алып, ойлонбой коюуга акыбыз жок деп ойлойм.
Көз алдымда – мүлдө айыл калкы жабыла боордошундай узаткан Анджела Дэвис – алыскы Бельгия мамлекетинен келген жылдызы жайнаган татынакай Маржан кыз…
2012-жыл