Муратбек Мукашев, «Биржа»

Birja(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

Эмнесин жашыралы, ошол кезде орустардын арасында: «Кыргыздар – бул койлор, аларга ошондой баатыр чабан керек», – деген сөз да айтылып жүрдү. Азыр калем кармаган көптөр не себептендир ачуулуу-каардуу жазып жатышат, а мен, жекече көз карашты билдирсем да, болгонду болгондой гана жазгым келет. Балким, башкы темадан – жумушсуздук темасынан алыстап кетет окшоймун. Кыргызстандагы улут саясаты бийик деңгээлде жүзөгө ашырылып, биздин тажрыйбабыз Союздук алкакта кепке алынып жана бул темада жолдош Т. Усубалиев өзү бир нече китеп жазды. Республикада туура жүргүзүлгөн улут саясатынын натыйжасында чоң-чоң кадрлар өсүп чыкты, ал жагы жакшы. Корейлерди эле эске түшүрүп көрөлүчү: айылдык курулуш министри Ким, Элдик көзөмөл комитетинин орун басары Цой, айыл чарба министринин орун басары Ким, БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орунбасары Юн, айыл чарба илимдеринин эң сонун доктору, Кыргыз мал-чарба илим изилдөө институтунун директорунун орун басары Ли, дагы башка канчалаган жакшы врачтар менен окумуштуулар иштебедиби. Бүгүн болсо, көптөгөн корейлер менчиктештирүү, куулук-шумдук менен иш кылуу жагынан алдыга чыгышып, дүкөндөрдүн, барлардын, арбын жер аянтынын кожоюндары болуп отурушат.
Жаман жер, жаман улут болбойт, а жаман адам гана бар деп ар дайым кайталап келатам. Сөздү андан ары улантып, дунгандарга токтололу: акын жана котормочу Шимеев, акын Шиваза, окумуштуу Сушанло, чоң партиялык кызматкер Дагазиев, ырчы Мухтаров, ишкер-депутат Дунларов, сүрөтчү, атактуу С. Чокморовдун жубайы Салима эже. Дунгандар ушул күндө да жакшы жашап жатышат. Чекменевдин «Жети-Суу» деген сонун жазылган сабак болчу жактары көп романы эсиме түшөт. Бул мыкты китеп убагында катуу сынга дуушар болгон, анткен себеби, кыргыз эли алды менен өзүн-өзү урматтоого тийиш деген өзөктүү ой айтылган. Эстеп көргүлөчү: Мумизонун отряддары Пишпекке чабуул жасап, эгер Логвиненко менен Иваницындын баатырлыгы болбогондо, шаардын баскынчыларга багынып бериши да мүмкүн эмес эле. 1916-жылдагы кыргыз трагедиясы эмнеден башталган? Ошондо Каракол кантонунун дунгандары апийим саткан кытайлар-дунгандар менен бирге орустарды өлтүрүп, каармандыкты көрсөткөнүн да билебиз. Мен муну өз улутчулдугумду баса белгилөө үчүн айтып жаткан жерим жок, Кудай сактасын. Дунгандар, албетте, мээнеткеч калк, бирок биз аларды мурда өндүрүштөн же колхоз талааларынан, болбосо, өз талааларынан ар дайым эле кездештире алчу белек? Алар баардык учурда соодагерлер болушкан, ал эми айрымдары адамдык абийир-ыймандын сатып алуучуларына айланып кетишкен.
Эми немецтер жөнүндө. Ѳзүмдүн Кегети айылыма барган сайын сөзсүз жолдогу Рот-Фронт кыштагы аркылуу өтөм. Ѳмүр бою ушундай. Эгер эмгекчилдиги жанда жок немецтер болбогондо, Курманов, Камаловдой Социалисттик Эмгектин баатырлары чыкмак эмес. Иордан өзүнүн немец экенин жазат, бул дагы жакшы, ал министр, Ѳкмөттүн төрагасынын орун басары болуп иштеген, бир тууган Беккерлерди, азыр ыраматылык болуп кеткен Ваккерди жакшы билчүбүз. Ал эми жеке бизнесин ачып, бардыгын орду-орду менен, ак ниеттүү негизде жана, өзү айткандай, «татыктуу» жасап, андай эмгеги жогорку мамлекеттик сыйлык менен белгиленген бүгүнкү Дилдин мартаба-кадыры эле эмнеге турат?
Карачайлар жөнүндө сүйлөшөлү. Хубиевдер, Бостановдор, Боташевдер, Чомаев, Гогаев жана башка калгандары жакшы жашап келишкен, азыр да жаман жашап жатышкан жери жок. Жакында Москва районунда болдум, а жерге өспүрүм чагымда мелдешке катышканы барып, бүтүндөй Беловодское айылын коркунучта кармап турган карачай жигиттердин ээнбаштыгы менен зөөкүрдүгүн өз көзүм менен көрчү элем.
Азербайжандар: Гасановдор, Халиловдор, Бахишевдер, Аллафелдовдор, Мустафаевдер. Алар кимдер, кай жактан келишкен жана кантип жашап, иштеп жатышат – муну көптөр билишет.
Даргиндер кандай калк? Муртазалиевдердин фамилиясы эмнени билдирет? Борборубузда жашаган 700 адамдан турган грузин диаспорасы, Вахтанг Кикабидзенин аларга тез-тез келүүсү жана анын «Мимино» кинофильминдеги: «Лариса Ивановнаны каалайм», – деген атактуу сөзү баардыгына маалым. Котормосунда «Күнөстүү» дегенди билдирген «Мзиури» коомуна бириккен грузиндер эмнени каалашат болду экен? Балким, күн астындагы орунду каалап жүрүшпөсүн? А өзүн армянмын деп атаган адам башкарган «Генрих жана К» ишканасы кандай өнүгүп жатат?
А еврейлерчи? Мага Шапиро, Бессмертный, Фишер ар дайым жакчу. Ѳлкөбүз үчүн Левитин көп иш жасады деп айтып жүрүшөт. Нифадьев жетектеген Кыргыз-Славян университетинин окутуучулар курамына кандай жакшы сөз айтса, жарашат.
Дагы муну кошумчалайын. Пресс-конференциялардын биринде бир журналист өтө чоң кызматтагы адамдан Кыргызстандын өзүнүн Гайдары барбы деп сурады эле, тиги бар деп ишенимдүү жооп берди. Белгилүү делген көп «экономист-киргиздер» андайды Гайдарыбыз деп атоону канчалык каалашпасын, анын бизде жок экени жакшы эле болду. Егор, Тимурдун уулу, Аркадийдин небереси, мурдагы коммунист, «Правда» гезитиндеги мурдагы чоң адам эч качан чындыкты билген эмес жана чындыкты сүйлөгөн эмес.
Бирөө өзүн кыргыз Березовскийимин деп эсептейт, анткен себеби, чоң үй-бүлөгө жакын, корккону – кеп-сөзүн тыңшап коюшпаса эле болду. Көптөгөн мамлекеттик чиновниктер, депутаттар көрсөткөн кызматын тек ак дилден эмес, а дал ошол диаспораларга ар түрдүү жардам көрсөтүү аркылуу чоң бизнести эске алып жасап жатышканынан кабарым бар.
Кыргыздар орус тилин, орус маданиятын жакшы билишет жана жүрөктөн сүйүшөт, ушунун өзү Советтик Кыргызстандын улуу жетишкендиги. Менин мыкты орус досум, досторунун айткан сөз-акылына көнбөстөн, Волга боюндагы аймакка кетип калган, ал жакта аны буржуй деп аташып, жергиликтүүлөр үйүн өрттөп салышыптыр. Эптеп башын куткарып келди эле, биз жардам бердик. Досторун кучактап алып ыйлап жатканын өзүм көрдүм, а бүгүн болсо, ал кыргыз тилинде таптак сүйлөйт. Армияда кызмат өтөп жүргөн жылдарым эсиме түшөт, ошондо бардык учурда мени Кыргызстандан чакырылган орус балдар калкалай калышып, бири-бирибизди «земляк» – «жердеш» деп атоочу элек. Мындай мамиле табигый да, жагымдуу да болчу. Андыктан, достук салттарды сактап, Россияга жакшы мааниде, – а Ѳкмөттөрдүн тез-тез алмашуусуна карап эмес, – багыт алып жашашыбыз керек деп ойлойм. Америка, Түркия, Кытай, Швейцария, анан бат-бат токтотуп, жаап, тартып алып, тартип орнотулуп, биз болсо, аяр-кылдат дипломатияны көрсөтүп келаткан боордош коңшу республикалар деле жакшы.
Кыргыздар Россияга 1863-жылы кошулган, ага чейин Кокон хандыгы үстөмдүк кылган. Ар качан биз кимбиз, биз кайдабыз деген ой көңүлдө турат. Бир жолу борбор шаардын Жаш Гвардия бульварындагы эмгек биржасына барууну чечтим. Иш издеген адамдын кийимин кийинип алдым. Бир аздан кийин иномаркага түшкөн корей жигиттер келди. Бирөө: «Колуңдан эмне келет? – деп сурады эле, талаада иштей албай турганымды айтып, бутумду көрсөтүп койдум. «Бул деген протези бар неме турбайбы», – деп дагы бирөө экинчи бутумду кармалап көрүп мыйыгынан күлүп койду. Ошол мезгилде чөнтөк телефонум шыңгырап, буга алар таң кала карашты, аңгыча чоң даражадагы АКШ долларын байкабай түшүрүп ийдим эле, тигилердин көзү чанагынан чыгып, кыргыз сомуна эле кул сатып алабыз деген ойлору акталбай калганы көрүнүп турду.
Жумушсуздук – бул чоң кесепет. Аны менен кантип күрөшүү керек? Бардыгыбыз ушул тууралуу эң олуттуу түрдө ойлонууга тийишпиз. Азыркы ойлорумду болсо, улутчулдукту көрсөтүү – башкалардан бөтөнчөлөнүү максатында жазбадым. Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз деп айтып жана баса белгилеп жаткан чакта өз Мекенибиз жөнүндө толгонбой кое албайбыз, анан да, кыргыздардын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн колдон келгендин баардыгын жасоого милдеттүүбүз. Ленинграддан башка жерде кыргыз диаспорасы бар экенин укпадым. Аны Санкт-Петербургда «Ак-Кеме» деп аташып, кыргыздын баягы тааныш-мүнөз адатына салып Фин булуңундагы аралчага жайгаштырышыптыр.
Бул макала менин дарегиме карата чоң кайчы пикирлерди жаратаарын сезип турам. Эгер кааласаңыздар, келгиле, башта ачык айтылбай келген ушул эң көйгөйлүү теманы андан ары уланталы.
Дагы белгилей кетүүчү нерсе, Бартольд, Абрамзон, Пржевальский, Семенов-Тянь-Шанский сыяктуулар бардыгы тең убагында чалгынчылар болушкан. Алардын эмгектерин окуп чыккам. Биринчи экөө кыргыздардын уруулар менен уруктарга, түндүккө жана түштүккө бөлүнүшүн да изилдеп жазышкан. Бөлүп-жар да, башкарып жата бер деген максат анда эң башкы теманы аныктаган. Мына ушуну эмдигиче түшүнө албастан, качанкыга дейре эле бөлүнүп-жарылып, көптөрдүн чырагына май тамызган ыркы жоктуктан жапа чеге беребиз? Ѳзүбүздүн биримдик жаратчу улуттук идеологиябызды качан иштеп чыгып, турмушка ашырабыз?
P.S. Фамилияларга басым жасабоо үчүн көп кишилердин аты-жөнүн атайылап эле атаган жокмун.
2001-жыл