Нурсадык Ормонбаев : «Эмне үчүн деградацияга кептелдик?»

OrmonbaevНурсадык Ормонбаев, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын окутуучусу: «Эмне үчүн деградацияга кептелдик?»
Начарлоо, кедери кетүү деген илимий тил менен алганда «деградация» деген түшүнүктү билдирет. Ал эми психиатрия илиминде адамдын жан дүйнөсүнүн жардыланып жабыркоосун «инсандын деградациясы» деп коюшат. Мындай абалда адам бардык нерсеге кош көңүл карап, максатсыз жашап калат. Азыркы маалыматтарга саресеп салган адамды коомубуз деградацияга туш келип калдыбы деген ой «селт» эттирип алары бышык. Экономикабыз эңшерилип, кризиске малынып турган чакта моралдык-руханий баалуулуктарыбыз да тигиш-тигишинен сөгүлгөн эски жамаачыдай ыдырап, дегеле жакшылыктын жышааны жылас болуп бараткандай, акыл-эси ордунда, жаны–дени соо адамдын акылы жетпеген ыплас окуялар арбып бараткандай элес калтырат.

Адам баласынын психологиясы ушундай белем–ал бир нерседен коркпосо да чочулап, ыйбаа кылып турушу керек өңдөнбөйбү. Антпесе, демократия деген ушу экен деп ар ким «өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө иле» берсе эмне болот? Эл арасындагы «кудайдан коркуу», «пендеден уялуу» деген түшүнүк унутулуп бараткансыйт. «Дин-элди ууландырган апийим» деп илимий коммунизмдин негиздөөчүлөрү айткан түшүнүк жоголсо да, элибизге дин менен кошо ыйбаа-ызаат кирип келгендей болгон. Анткен менен ислам дини күч- кубатка толгон жапжаш жигиттерибизге кебете-кешпирине жарашпаган сакал-мурут койдуруп, дамбал менен самсаалаган чапан кийгизип койду. Төшөнчү-урунчуларын көтөрүнүп, топ-топ болуп бараткандарды карап туруп: «Ушулар элди кой, өздөрүнүн үй-бүлөсү үчүн маңдай терин төгүп иштешсе канчалык пайда болмок» деп ойлойсуң. Алган билими боюнча алды төрт класс, болбосо дегеле билимден кудай айтпаган «чала молдолордон» уккан-билгенин элге жеткиребиз деп бала-чакасына карабай, «кудай жолуна түшүп» талаалап кеткен «таксырлар» көбөйдү.

Аракка «тоюп алып» баласы атасын токмоктоп өлтүрүп коёт, жинине тийсе, атасы канынан жаралган баласын бычак менен бышып алат. Ата-энеси акча тапканы алыска кеткен небересин-«жетимди», чоң атасы жыга чабат… Небереси таятасын балталап салат. Башканы кой, баса калып, кызы менен энесинин, карындашынын этегин ачканга чейин барган эки буттуу айбандыкты, анги-зөөкүрлүктү эмне дейбиз? Жан жүрөктү титиреткен жаш балдарды зордуктоо көнүмүш болуп бараткан жокпу? Тарбия-таалимдин таңсыктыгынан, тамеки, арак-шарап арзан, анан да молдугунан, баңгизаттын көптүгүнөн, ага кошумча «стресс» дегендин «ити чөп жеп» арбып баратканынан улам өз жанын өзү кыйгандар азаймак түгүл, көбөйүп жатат. Өз жанын кыйгандар мурда жандуу оору же жашы өйдөлөп (45 жаштан кийин) кеткендердин арасында, аракечтиктин, баңгиликтин айынан болсо, азыр асынып же уу ичип өлгөндөрдүн жашы «ылдыйлап» олтуруп, мектеп жашындагыларга да жеткени жанды кейитет. Расмий статистикалык маалымат жок, бирок күн сайын болбосо да 2-3 күндө бир суицид катталып жатышы (жашырылып, элге белгисиз болгону канча дейсиң) жакшы жышаан эмес.

Ушул акыбалга кантип, кайдан келип калдык деп баш катырган адам аз калса керек. Деградациянын башаты кайда, эмнеден келди дегендер бар болду бекен? 60-жылдары биздин айылга да телевизор келди. Эски кинолордон башканы көрбөгөн элеттиктерге бул жаӊылык өтө чоң таасир берди. Чоң-кичине дебей кеч кирери менен көгүлтүр экранга кадалып, мультфильм, кино-концерт, футбол көрүп эле «оңуп» калбадыкпы. Ошол учурда отун-суу убагында алынбай, кеч-күүгүмдө мал убагында сарайга кирбей калганын көрүп, ыраматылык чоң атам Сырдыбай «Мунуңар аты айтып тургандай анык «дил бузар» экен» деп кейиди эле.

Ааламдашуу, глобалдашуу маалында илимдин жана техниканын жетишкендиктери адамдардын аң-сезимин байытып, «өстүргөнүн» тана албайбыз го, а бирок теңирден тескери жагы да билинип жатпайбы. Ошо телевизор, интернет аркылуу «Алыстан көрсөтүп «жугунду-таштандыларына» таасирленген жаш муундун бүгүнкү тагдыры эмне болду? Минтип жүрүп олтурса эртең алар каякка барып, кандай күндү көрөт» деген сыяктуу суроолор жоопсуз калууда. Адамдын акылына акыл кошуп, көзүн ачкан көркөм-адабий чыгармалар окулбай калды. 100 болбосо да 80 пайыз китеп окуган билимдүү эл элек. Залкарлар демекчи, «көзгө сүртөөр» жазуучу-драматургдардын могиканы, Эл баатыры Бексултан Жакиевди бирөө:« Бу киши илгери ЦКнын секретары беле?» деп жанды кашайтып жатпайбы. Билим көрөңгөсү тайыздар депутаттардын арасында деле топурап жүрүшпөйбү. «Дооронбек Садырбаевдин ырдаганын көргөн эмес экенмин, кантип «эл артисти» болуп алган» деп балп эттирген сыяктуулар.

Аксакалдар арасында кыргыздын тарых-маданятынын учугун улаган, уңгулуу –уккулуктуу жана таштай салмактуу сөзү менен орундуу аңгеме курган салт бар эле. Кулактан кирип жүрөккө жеткен таасирдүү сөздөрдү сүйлөгөн кадырлуулар азыр кайда? Балалыгыбыз айылда өттү. Жыргап-куунап деле кеткен эмеспиз.Тоо арасында айылда агезде электр да келелек кез, май чырактын жарыгы менен сабак даярдап, ата-энебизге кол-кабыш кылып коюп, бош болгондо чоң ата, чоң энелерибизге «Манас» баштаган чоң- кичине эпосторду окуп берип, ыраазы кылып, баталарын алар элек. Ашып-ташкан дүнүйө-мүлкү, катар-катар машинеси жок, жарды жашаса да элдин пейили ток, жан дүйнөсү жай, руханий дүйнөсү бай болчу. Карылар кадырлуу эле – жүрөгү таза, жандүйнөсү аруу, ооздорунда уютулган алтындай сөзү бар, акылман-даанышмандар болушчу. Карылар каада-салтты карманып, жаштар ыйбаа кылып турушчу. Тентектер да жок эмес эле. Кыскартып айтканда, коомдун моралдык деградациясы деген нерсени баарылап иш-аракетибиз менен жоюп, элге болгон ак кызматты, сергек жашоо образын, болуп жаткан жакшы мисалдарды кеңири жайылталы деген ойду айтмакчымын.