“Президентке кат” рубрикасына чыккан каттардын жыйынтыктары

Prezident 1Маселесин чече албай, какпаган эшиги калбаган элге “Президентке кат” рубрикабыз жакшы аянтча болуп аткан сыяктуу. Бул рубрикага келип түшкөн каттардын саны да көп. Анан дагы дал ошол каттарда айтылган маселелер акырындан чечилип келатканын көрүп президент Алмазбек Атамбаев чын эле “жолду көргүсү келген падыша” окшойт деген үмүт пайда болот.
Анткени, өзгөндүк ишкерлер Келдибаевдердин 80 жаштагы атасы “Качан Канжар Кадыралиев кирип келет” деп уктай албай калдык” деген кат менен президентке кайрылганы эсиңиздерде болсо керек. Бул иштин жыйынтыгында Канжар Кадыралиевди Жогорку Сот камакка алуу чечимин чыгарды. Бул эң жогорку инстанция, демек, ал чечим аткарылышы керек. Бирок, Канжар Кадыралиев ооруканада экени айтылып, камакка алына элек. Бул маселе “Ушинтип туруп качып кетсечи?” деген кооптонууну жаратпай койбойт.
Дагы бир маселе, Репродукция боюнча илимий борбордун жетекчиси, Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова бул мекемеде каалаган боткосун чалып келгени боюнча арызданып, төрөт үйүнүн кызматкерлери мамлекет башчыга кат жолдогон эле. Жыйынтыгында, Аида Токтоматова мыйзам бузуулар менен шайланганы үчүн кызматтан кетирилгенин Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Бул рубрикага Аксы айылынын тургуну Насиба Хожибекова аттуу айымдын “Жолдошумду сүзүп өлтүрүшүп, ишти жаап салышыптыр” деп аталган каты жарык көргөн. Бул катта Жылдызбек Сарпашев аттуу жаранды Таш-Көмүр шаарынан “Лексус” автоунаасы коюп кетип, жол кырсыгынан ал каза тапканын, үй-бүлөсүнө билдирбей туруп жаап салышканын айткан эле. Аны менен бирге эле бул кырсыкка катышкан автоунаанын рулунда “7-каналдын” жетекчиси Алтынбек Жумаев болгон деген версия бар экенин, ушул жагдайдын баарын иликтеп берүү жагын президенттен суранган эле. Бул окуядан кийин Таш-Көмүр шаардык соту бул кылмыш иши мыйзамсыз жабылган деген чечим кабыл алган. Шаардык прокуратура жогорку инстанцияга арызданып, бирок кийинки инстанция дагы иштин жабылышын мыйзамсыз деп тапкан. Бул чечимдин чыкканына бүгүн он күн болуп, чечим күчүнө кирет. Эми кылмыш иши кайра козголобу, же жокпу – биз муну көзөмөлгө алып турабыз.

Махабат Шакирова