“Шорпонун” акыркы 24 сааты


J. Alykulov1

Мыкты пародист, куудул, “Шорпо” дeгeн ат менен таанымал Жаныбек Алыкулов быйыл 55 гана жашка чыкмак. Сүйүктүү куудулубуз былтыр 54 жашында кабыргабызды кайыштырып келбес жайга кете берди. Маркумдун акыркы 24 сааты кандай өткөнүн жубайы Азиза Алыкулова эскерип берди.

«Кургурум ай, эмнелерди айтты экен?»
– Жети күндүн ичинде эле биздин арабыздан кетип калды. Негизи, Жаныбектин кант диабети бар болчу. Бирок ал үчүн ар дайым аракеттерди жасап, ден соолугуна жакшы кам көрчүбүз. Күнүбүз кадимкидей өтүп, алдыдагы жайкы эс алууларды пландап жатканбыз, атүгүл күндөрүн да тактап койгон элек. “Жайында Ысык-Көлгө, Аксыга, Сары-Челекке, Чычканга барабыз” деп камынып, жакшынакай эле жүргөн. Анан эле күтүүсүз жерден, 13-июль күнү кан басымы көтөрүлүп “Тез жардам” чакыртып, ооруканага алып бардык. Барганда кан басымы кайра нөлгө түшүп кетти. Анан кайра көтөрүлүп, бир аз жакшы болуп калгансыган. Беш күн бирде эсине келип, бирде келбей, булдуруктап бир нерселерди айтып жатты. Бир күнү киргенимде «Чалап ичем, мен каяктамын?» деп так айтып, кайра эле асманды карап алып бир топ нерсени булдуруктап жатты. Бирин да түшүнө албадым. Кургурум ай, эмнелерди айтты экен? (Ыйлап жиберди). Анан эле эртеси сай-сөөгүбүздү сыздатып ажал алып кетти. Балдарын чоңойтуп, акылын айтып, билимин берип келип, жакшылыктарына күбө болуп төрдө отурчу маалында ажал алып кеткени арманга салып турат. Чыгармачылыгында дагы жаңы аракеттерди көрүп жаткан. “Туура, туура” деген автордук программасы үч-төрт ирет чыгып, анын арты менен шыктанып, жаңы идеяларды камдап жүргөн эле. Бул берүүнү эл да жакшы кабыл алды. Анан эле ал долбоорду жаап салышты. Ага Жаныбек кадимкидей капа болуп, маанайы жок жүрдү. Ошол да Жаныбектин эрте кетишине бир аз да болсо таасирин берди деп эсептейм. Анткени, чыгармачыл адамдар жашоодо өтө назик келет эмеспи.

«Көрсө, акыркы тоюн алып барыптыр»
– Азыр эстесем, акыркы күндөрү Жаныбек өзүн башкача алып жүрүп калган. Мага көп нерселерди айтып калчу. Азыр Жаныбек бул дүйнө менен кош айтышаарын билгенби деп ойлоп коем. Жогоруда айткан долбоорду кыска мөөнөттө ишке ашырып, көзү өтүп кеткен досторунун эскерүү кечесин өткөрүп, «дайыма досторумду эстеп тургула» деген эле. Өлөөрүнө он жети күн калганда уулубуз Манас экөө чакырык менен бир тойго барган. Ал күнү мага ар нерселерди божурап сүйлөп, бирде күлдүрсө, бирде кубаныч тартуулап жатты. Бир маалда «Азиза, менин ак костюм-шымымды даярдачы, бүгүнкү тойго ак кийинип барайын» дегенинен мен костюм-шымын үтүктөп, даярдап койдум. Жаке аябай жоопкерчиликтүү жан эле да. Эгерде тойго бешке чакырса, үчтө эле барып, даярданып турчу. Бул ирет да костюм-шымын кийип, эрте эле тойго камданып алган эле. Уулубуз Манасты да жанына ээрчитип алды. Эшиктен чыгып бара жатып мени жалт карап «Азиза, сен эмнеге барбайсың? Жүрү, сен да барып келбейсиңби?» деп калды. Мен «Жаке, балаң экөөң бара бергилечи. Мен үй оокаттарын бүтүрө берейин» деп койгон элем. Көрсө, ошол кургурумдун акыркы алып барган тою экен да. Ошол тойго эмнеге барбадым экен? Балам Манастын айтымына караганда, тойдо да ал мурдагы тойлордон айырмаланып, кудум 90-жылдардагыдай секирип бийлеп, эч чарчабастан, тескерисинче, ошол тойдон ырахат, күч-кубат алып, отурган элди да бийлетип, ырдатып, шаңга бөлөп, тойдун көркүн ачкан экен. Отурган элдер да «кыргыздын Петросяны» деп аябай ыраазы болушкан экен. Мени бул нерсе бир четинен сүйүндүрсө, бир четинен таң калтырды. Анткени, мурда анчалык ырдап, бийлечү эмес. Ден-соолугу жакшы болуп калыптыр деп сүйүнгөм. Кечинде үйгө келишкенде да, күндөгүдөн көңүлү жайдары болуп, мага божурап ар нерселерди сүйлөп берген эле. Анан эле баарыбызды сыздатып кете бербедиби.

“Үйлөнгөнүбүзгө 25 жыл болмок”
– 1-сентябрда Жаке экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 25 жыл болмок. Турмушта өйдө-төмөн болот эмеспи, бардыгын жеңип өттүк. Баштан өткөн ошол кыйынчылыктар да азыр балдай туюлуп, агаңарды жоктоп турам. Ал тууралуу бир да жаман сөз айткым келбейт. Ушунчалык айкөл, бийликке, байлыкка жулунбаган, маданияттуу, билимдүү, эч кимге зыяны жок адам эле. Азыр мага агаңардын турган-турпаты, басканы, күлгөнү, айтор, бардыгы жетишпей турат. Анүстүнө балдарыбыз да бири окууга, бири жумушка кетип калышат, мен үйдө жалгыз калам. А Жаныбек барда экөөбүз той-топурларга ээрчишип барып, бири-бирибизди толуктап эриш-аркак жүрчү элек да. Тойлорго болобу, чакырыктарга болобу – дайыма мени ээрчитип алаар эле…

«Ѳмүрүнүн акыркы учурларында да нарда ойноду»
– Жаныбек жоро-жолдоштору, санаалаштары менен нарда ойноп, божурашып сүйлөшүп, сырдашып, ар нерсени айтып каткырып отурганды аябай жактырчу. Жакенин акыркы күндөрүн эстегенде негедир эле эшиктин астындагы тапчанда, айнектин түбүндө нарда ойноп отурганы көз алдыма тартылат. Аттиң, ошол күндөргө эмне жетсин? Азыркы өтүп жаткан эч бир күн, эч бир саат ал күндөргө тең келбейт. Мен азыркыга чейин Жакенин бул дүйнөдөн өтүп кеткенине бирде ишенсем, бирде ишене албай кетем. Балдарым үчүн да атасын жоготуу абдан оор сокку болду.

«Азиза, мен жакында тынчыйт окшойм»
– Эсимде, 2-июль күнү жакындарыбыздын шеринесине барган элек. Ошол шеринени өзгөчө шаңга бөлөп, баардыгынын көңүлүн ачып, жагымдуу маанай тартуулаган эле. Тойдон чыкканыбызда Жаныбек «Азиза, Медеров көчөсүнө салчы. Мага эмнегедир ошол көчө жагат. Аябай тынч көчө го» деп айтканынан улам Медеров көчөсү менен үйгө сапар алганбыз. Жол ката ар нерсени сүйлөшүп бара жаттык. Сөз арасында Жаке тигиле карап «Азиза, мен жакында тынчыйт окшойм» деди. Мен бул сөзүнө маани бербей «Жөн турчу, Жаныбек» деп койдум. Азыр ойлосом, Жаке ошондо эле өзүнүн өтүп кетерин сезип жүрсө керек.

«Балдарга айткан акыркы сөзү»
– Жаныбек акыркы учурда балдарына көп кеңешин берип калган. Чыгармачылыкта бирге болуп, дайыма чогуу жүргөндүктөнбү, айтор, Манасты өзгөчө жакшы көрчү эле. Сахнада, эл алдында өзүн кандай алып жүрсө, үйдө да дал ошондой алып жүрчү. Балдарга дайыма «Балам, эл менен жүрүп, эл менен бол» деп кеӊешин айтып, абдан жакшы тарбиялап эрезеге жеткирди. Жаныбектин кан басымы көтөрүлүп кеткенде тез жардам кызматы менен «Фучик» бейтапканасына алып барганбыз. Ал учурда Жаныбек бирде эсине келсе, бирде эсин жоготуп жатты. Балабыз Манас да жаныбызда эле. Бир маалда Манасты бир топко тиктеп карап, анан оозунун учу менен бетине тийгизбей эле өөп койду. Жаныбектин ошол элеси эч эсимден кетпейт. Андан башка эч бир сөз айтууга үлгүрбөй эле кете бербедиби.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА