Сынак!!! Машинеӊди таанып, багыӊды бекер бензинге толтур!

Mashina 1“Полит Клиника” гезитинин окурмандарынын арасында сынак жүрүп жатат. Биз сан сайын көчөдө бараткан машинелердин бирин капилеттен сүрөткө тартып алабыз. Автоунааӊызды таанып, биздин гезиттин ошол сиздин унааӊыздын сүрөтү чыккан санын алып келсеӊиз, биз сизге 10 литр бензин куюп беребиз. Өткөн санга чыккан В7141AW номерлүү «Хонда-Стрим» машинесинин кожоюну табылды. Бишкектин тургуну Камчы аттуу жигит машинесин гезиттен таанып, бекер 10 литр бензин куйдуруп кетти.
Биздин дарек: Ибраимов көчөсү 24, Учкун концернинин имараты 5-кабат, 502-кабинет. Тел.: 0705863129