СЫНАК! Машинеӊди таанып, багыӊды бекер бензинге толтур!

Synak 1“Полит Клиника” гезитинин окурмандарынын арасында сынак жүрүп жатат. Биз сан сайын көчөдө бараткан машинелердин бирин капилеттен сүрөткө тартып алабыз. Автоунааӊызды таанып, биздин гезиттин ошол сиздин унааӊыздын сүрөтү чыккан санын алып келсеӊиз, биз сизге 10 литр бензин куюп беребиз. Өткөн жолку S6667AL номерлүү «Хонда-Фит» автоунаасынын кожоюну табылган жок. Бул жолу S8968N номерлүү «Хонда-Фит» машинесинин кожоюнун издейбиз. Кимде ким аны тааныса, телефон чалып автоунаа ээсине сүйүнчүлөп коюуӊузду суранабыз. Анткени, ал багын бензинге толтурууга мүмкүнчүлүк алып отурат.
Биздин дарек: Ибраимов көчөсү 24, Учкун концернинин имараты 5-кабат, 502-кабинет. Тел.: 0705863129