Төлөгөндүн төрт бурчу

Karikatura 1Бажы-кужу кантип башталды?
Ашамбайып Маскөөгө барды. Аны ал жакка Бүтүн Болоткэ дэгэн быратан чакырган болчу. Киремилге кирсе, ичи толо кымкап чапанчандар экен дейт. Баары менен учурашып амандашты. Жакшылап бир майрамдайын деп барган эле. Анын үстүнө Биримдикке кирип, алар менен бажа, опей, бажы болсом деп барган эле. Кагаз-кугаздарын да толуктап, бапкесине баптап салып барган. Өзү ойлогондой, тигилер менен бажы болду. Аягында бир аз кужу болду. “В бой идут одни ыстарики” деген кинону талкуулап атышып, бир маалда эле бажы-кужу болуп кетсе болобу. Ыслам аксакал кокустан эле Ашамбайып айткан согуш тууралуу тырактатка макул эместигин кескин билдирди. Экөөнүн ою эки башка кеткенине тегерегиндегилер да түшүнбөй туруп калышты. Ал эми чындык жана акыйкат кайда экенин азыр карапайым эл да башы жетпей талкуулап аткан кезеӊи. Бири айтат – Ашамбайыптыкы туура деп, да бири айтат – Ысламдыкы туура деп. Туура болсо, ошол өлкөгө барып жашай бэргилэ дэйт бэрки жактагылар. Эмесе, Ашамбайыптыкы туурамес дегендердин Ыслам өлкөсүнө көчүп кеткенин жана бир күн түнөбөй, бир саат чыдабай айланайын Ашамбайып деп этек-жеңин далдаңдатып эски журтту көздөй жылаңайлак тызылдап, чабдар атка жеткирбей келатканын элестеттиңерби… Элестетсеңер, анда ошо менен ойоннуй барат да бүттү дейт…

Кыйын кадр экэн…
Ош калаасынын мэри А.Кадырбаэв эки миллион сомдук “Лэнд Крузэр Прадо” дэгэн “курутой” автоунаадан баш тартты. Ага кантип эрки жэтти, түшүнүк бэриш кыйын. Өз эрки мэнен баш тарттыбы жэ эки жылдап бүтпөй турган көпөрө түшүнө киргэнби, айтор, эшигин ачып кирип бараткан жеринен башын ырески кайра тартып алды. Эшиктин кырына сулучайна тийип кетип, мына түшүп бараткан тебетейин шамдагай шоопуру жерге түшүрбөй илип алды. Эр экен. Экөө тең эр экен, опей, бирөөсү мэр экен. Мындай эрдикке ким чыдап баралат элэ. Тэгэрэгиндеги “көралбагандар” болсо, андан көрө жолду оӊдосоӊ боло деп чуу чыгаргандан кийин гана ушул кадамга барууга аргасыз болду деп жаалап атышат. Балким, алардыкы туурадыр, ким билэт аны. Агер, акыйкаттык кыла турган болчу болсок, биринчи – мэрдики туура, андан кийин элдики туура. Мына ушунакай, бурадар…

Ээрдэн көчүк кылтайдыбы?
“Кумтөрдү” каалашынча калчап аткан канадалык “Центерра Голддун” деректирлер кэӊешинин курамы бир граммга да өзгөргөн жок, куюшканы жылган жок. Канча жылдан бэри кыймылдабай отурган дэрэктирлэр бир сантиметр да жылып койгон жок. Жок дегенде “Кумтөрдүн” 51 пайыз акциясына ээ болуп, ошонун негизинде “Центерра Голддун” жетекчилигин алмаштырса болот дэген экс-министр Ж.Оторбаевдин планы да өзү иштен кеткендигине байланыштуу жүзөгө ашкан жок. Жокенин бөркү ылдый кулагандан бери, «ЦГ» өз каруусу менен каккан кийиз казык жакында кыймылдачудай эмес.

Жыт каяктан согуп атат?
Коргоо министрлиги тарабынан Бишкекте курулган турак-үй имараттарынын тегерегинде “көмүлгөн иттер” сасый баштады. Үй бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 13 мүчөсүнүн тогузу ушул имараттардан ыймансыз, опей, мыйзамсыз үй алууга жетишкен экен. Министирликке тиешеси жок эле «атделний» ажатканага ашык болуп “каӊгыгандардын” бир тобу да жылуу батир менен камсыз болушуптур. Ал гана эмес, кээ бир офицерлер маӊдай тер менен алган квартираларын чет элдиктерге батирге беришип, өздөрү эски батирлеринде узун акчага оронуп, түстүү түштөрдү дембе-дем көрүп аткан кездери дейт. Акчанын артынан чуркаганды жез тыйын тебелейт дечүле, соо болгойле…

Төлөгөн Карыкеев