Таластык аялдар Зулпукаровдун мандатын тапшыруусун талап кылышты

Torobay Z.22-апрелде Ак үйдүн жанында 10 чакты аял Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаровдун мандатын тапшыруусун талап кылып, нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Аялдардын баары кыргыздын оймо-чиймелери менен жасалгаланган кооз кийимдерди кийип алышкан. Плакаттарды да жазып алышыптыр, аларды көтөрүп туруп тажашканбы, иши кылып бир жерге топтоп коюп, бактын көлөкөсүндө отурушуптур. Алардын жанына барып маектешип көрсөк, “Искра” гезитине чыккан Төрөбай Зулпукаровдун кыз зордуктоого тиешеси бар делген макаланы окуп алып Таластан келгенин айтышат. “Зулпукаров чыгып бизге жооп бермейин кетпейбиз” дешет. Ал аялдардын өздүгүнө кызыгып көрсөк, эч жакта иштебегенин, дыйканчылык кылышаарын айтышты. “Эч жакта иштебесеңер, Таластан акча коротуп эмнеге келдиңер?” деген суроомо “Жол киребиз болгону 400 сом, биз жакшы жашоодо жашайбыз, эч ким акча берген жок. Эл үчүн күйүп келип отурабыз” деп жооп беришти. Апрель революциясынын баатыры экендиктерин мактанып, күбөлүктөрүн да алып чыгып көрсөтүштү. Алардын жанында бир топ убакытка дал ошол макала чыккан гезиттин редактору Адилет Айтикеев да чогуу турду. Биз Жогорку Кеңештин ичине кирип, Төрөбай Зулпукаровдун өзүнөн бул митинг боюнча оюн сурадык. “Бул шайлоонун астында болуп жаткан кара пиар. Болбосо бул боюнча эмнеге Жогорку Кеңешке келишет? Мандатын тапшырсын деген талап менен келсе Борбордук шайлоо комиссиясына барышпайбы? Же укук коргоо органдарына барышпайбы? Мен аларды Кудайга эле салып коюп жатам. Мен бул жалааны жигит катары көтөрө алам. Бирок, менин мектепте окуган уул-кыздарым бар, ошолор үчүн оор болуп жатат. Уруш-мушташ дегендер болгон, анткени жаш кезимде мен өзүм шок болчумун. Бирок кыз зордуктады деген куру доомат, жалаа. Эгер мен чын эле ошол ишке катышкан болсом Кудай мени уруп кетсин деп эле ачык айтып атам. Эгер менин катышым жок болсо, ошол каралап аткандарды урсун!” дейт Зулпукаров.

Махабат Шакирова