Ташболот Балтабаев, ЖК депутаты: «Темир Сариевдин талапкерлиги логикага туура келет деп ойлойм»

Tashbolot Baltabaev– Ташболот мырза, өткөн жумада Жоомарт Оторбаев отставкага кетти. Ара жолдо ушинтип кызматын таштап, качып кеткени жоопкерчилиги жок адамдай сезилип калбадыбы?
– Ѳзү таштап качтыбы же кандайдыр бир качырган фактор барбы, бул жагын ойлонуп көрүш керек. Таштап качканынын объективдүү да, субъективдүү да себептери бар. Объективдүү себеби, бүткүл дүйнө жүзүндөгү бүгүнкү жүз берип жаткан экономикалык кризистин шамалына Кыргызстан да кабылды. Сомдун куну түштү, кымбатчылык жүрүп жатат. Дагы бир фактор – эки жылдан бери чоюлуп, парламенттин «Кумтөр» боюнча тапшырмасы аткарылган жок. Объективдүү маселелердин дагы бири – босогодо парламенттик шайлоонун шамалы согуп атат. Мына ошолордун баардыгы биригип туруп, премьер-министр парламентке отчет берип, отчету канаттандыраарлык деп табылганына карабай отставкага кетем дегени анын отставкасы бышып калганын көрсөтүп турат. Ошол отчетко чейин эле премьердин кетери бышык болуп калган. Ошол үчүн мен «Сиздин ишиңизди парламент жакшы деп колдоп берсе, добуш бүткөндөн кийин «эми мен кетем» дегениңизди кандай түшүнсө болот?» деп суроо бербедимби. Парламенттик шайлоонун учурунда жаманаттысынын баары премьердин мойнуна илинмек да.

– Буга чейин ал киши 50/50 пайыз менен биргеликтеги ишкананы түзүү позициясын коргоп келип эле, акыркы учурда жаңы вариантты сунуш кыла баштады. Муну кандай түшүнсө болот?
– Менин пикиримде, бир жыл бою өкмөт башчы катары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ѳкмөт башчынын жоопкерчилиги өкмөт мүчөлөрүнө салыштырмалуу өтө чоң да. Ошол жоопкерчиликти алуу кыйын болду окшойт. Себеп дегенде, «Центерранын» жетекчилиги Бишкекке келип жолугушкандан да качышып, көрүнгөн чет мамлекеттерде жолугушуп, атүгүл өздөрү жолукпай, юристин же болбосо үчүнчү, төртүнчү позицияда турган кишилерин жөнөтүп туруп алышты да. Кыскасы, ал «Кумтөр» менен 50/50 пайыздык келишим түзөбүз дегенден майнап чыкпастыгын түшүндү. Эгер ошондой документке кол койсо, келечекте Оторбаев жооп берип калышы мүмкүн деген чочулоо болду.

– Анда жоопкерчиликтен качты да, ээ?
– Эми айтыш кыйын. Жоопкерчиликтен качтыбы, же ошонун натыйжасы жоктугун билип туруп бул чечимден тайдыбы деген эки суроону берсе болот.

– Сиз экөөбүздүн буга чейинки маегибизде сиз “Оторбаев КСДПнын атынан коюлган премьер” деп айттыңыз эле. Аягында сиздердин “Ата Мекен” фракциясы менен эле бир пикирде чыгып жатпайбы?
– Менин антип айтканымдын себеби, Конституцияга, бүгүнкү өкмөт жөнүндөгү мыйзамга ылайык, президент КСДП фракциясына расмий түрдө өкмөт башчыны тап деген тапшырма берген да. Ал эми КСДП Оторбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Ошондуктан мен мыйзамдуу түрдө, конституциялык негизде бул кишини сунуштаган КСДП болчу деп айтып жатам. Экинчиден, өкмөттүн ишинде өкмөт башчы кимдин талабын, кимдин кадрын жылдырып атканын иш жүзүндө көрдүк да. Мына ошондой эки негизде мен ошентип жооп бергенмин.

– Мындан аркы жүрүштөр кандай болот? Оторбаев келерки шайлоодо сиздер менен чогуу болобу?
– Эми андай сүйлөшүүлөргө азырынча эртерээк деп ойлойм. Себеби, Оторбаев кичине өзүнө келип, “кайсы жагы туура, кайсы жагы туура эмес болот?” деп аңдап, өзү бир чечимге келсе, анан кайсы жагына бара тургандыгын тандайт да.

– “Бул өкмөт отставкага кетүү менен Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү мөөнөтүн дагы ары жылдырып атат” деген пикирлер пайда болду. Өкмөттүн отставкасы атайын жасалган сценарий болушу мүмкүнбү? Эгер ушундай болсо буга ким кызыкдар?
– Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү маселеси боюнча атайын жасалды дегенге мен көп кошулбайм. Себеби, бул келишимге кол коюу укугу президентке тапшырылган да. Премьердин мында эч кандай тиешеси жок. Башка жагынан карай турган болсок, Кыргызстан үчүн, Кыргызстандын шайлоого бара жаткан негизги партиялары үчүн ушул биримдикке кирүүнүн кээ бир ыңгайсыз жактары болушу мүмкүн. Биримдиктин мүчөсү катарында экономикалык иштердин башталышында инфляция күтүлүп атат. Кээ бир маселелер толук чечилбей, макулдашылбай калып жатат. Ал өкмөт кетеби-кетпейби – ага көз каранды эмес. Жогорудагы маселелердин бардыгы чечилмейинче, кыргыз бийлиги союзга кирүүнү бир айлык мөөнөткө жылдырып туруу маселесин коюшу мүмкүн. Эгер кокусунан сен божомолдогон нерсе туура чыгып калса, союзга киргенден кийинки экономикалык кыйынчылыктар кимдердин упайларын азайтып коюшу мүмкүн, союзга кирбей турууга ким кызыкдар деген суроо туулушу мүмкүн.

– Оторбаевдин ордуна ар кайсы талапкерлер айтылып атат. Сиз алардын кимисинин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп ойлойсуз?
– Шайлоого катышкан негизги талапкер партиялардын өкүлдөрү өкмөт башчылыгына келбеши керек. Бул негизги принцип. Экинчиден, Кыргызстан үчүн Бажы союзуна кирүү экономикалык да, саясий да маселе болгонуна байланыштуу ушул ишти жакшы билип, чу дегенде эле алып кеткен киши болгону туура деп эсептейм. Ушундай жагдайлардан алып караганда, Темир Сариевдин талапкерлиги логикага туура келет деп ойлойм.

– Демек, сиздер Темир Сариевдин талапкерлигин жактырып жаткан болсоңуздар, ал киши өкмөт башчылыкка келсе, азыркы коалицияны бузбай сактап калуу ыктымалдыгы бар экен да?
– Азыркы коалициянын, ким келсе да, бузулуу ыктымалдыгына караганда сакталып калуу ыктымалдыгы көбүрөөк. Бирок, премьер-министрдин талапкерлиги жөнүндө сөз кылууда мен эки негизги факторду көрүп жатам.

– «Ата Мекенге» коалициядан чыга калып, оппозициялык маанайда шайлоого катышуу упай топтогонго пайдалуураак” деп айткандар көп. “Коалиция бузулат, “Ата Мекендин” оюну болуп жатат, алар оппозицияга өтө качат” деген да пикирлер бар, булар канчалык жөндүү?
– Бул сөздөр чыгары менен эле «Ата Мекен» партиясы «Биз коалицияны бузбайбыз» деген жообун берди. Экинчиден, «Ата Мекенге» оппозицияга чыгуу кошумча упайларды алып келиши мүмкүн дегениӊ логикага ылайыктуудай сезилип атат. Бирок медалдын экинчи жагы бар дегендей, «Ата Мекен» кыйын кезде өзүнүн өнөктөштөрүн таштап, жоопкерчиликтен качты» деген сөздөр да чыгышы мүмкүн. «Ата Мекен» дайыма «Биз коалицияны да, өкмөттү да сындайбыз, бирок, биз жоопкерчиликтен качпайбыз. Жоопкерчиликти КСДП менен бөлүшөбүз» деп айтып келдик да. Анан 4-5 ай калганда атайын шылтоо издеп качкан, менимче, партиянын аброюна салым кошпойт го деген ойдомун. Кандай болсо да, шайлоого чейин барсак эле өзү чечилет да.

– Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрам Илмияновдун отставкага кетиши тууралуу эмне деп ойлойсуз?
– Саясатта бир калыптанып калган ыкма бар да. Эгер кандайдыр бир жогорку даражадагы чиновниктин мамлекет башчысы менен тыгыз адамгерчилик мамилелери болсо, ал жөнүндө ар кандай маалыматтар тарай берет. Илмиянов өмүр бою Атамбаевдин жанында жүрүп келген киши да. Ошондуктан, ал жөнүндө ар кандай маалыматтарды расмий түрдө таратышты. Президенттин аброюна да шек келтирип, өзүм да жаманатты болуп, КСДП партиясына да залакамды тийгизип албайын деген ой менен жасалган кадам деп ойлойм.

Акылбек Чынтемиров