Ташиевдин кудасы Тумановдорго каршы пикет уюштурду

Toktogul TumanovЖалал-Абадда Жогорку Кеңештин депутаты Токтогул Туманов жана анын бир тууган иниси Келдибек Тумановго каршы нааразычылык акция уюштургандардын артында Камчыбек Ташиев турары ачыкталып калды.
Мурдагы күнү Тумановдорго каршы нааразычылык акция уюштуруп атышканын Барпы айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөтбек Эргешов кабарлаган эле. Анын айтымында, Барпы айылынын аймагында “Келечек” минерал булагы жайгашкан. “Аны “Келечек” фирмасын жетектеген Келдибек Туманов иштетет. Жергиликтүү кеңеш булакты айыл бийлигинин карамагына өткөрүү тууралуу чечим чыгарган, бирок Келдибек Туманов ал жерди менчиктештирип алганын айтып, депутаттарды сотко берген” дейт Дөөлөтбек Эргешов.
Биз бул маселени иликтеп көрсөк, маселенин чоо-жайы такыр башкача болуп чыкты. Биринчиден, кендер сыяктуу эле минералдык суулар жаратылыш ресурстарына кирип, аларды иштетүүгө өкмөттөн атайын лицензиялар берилет. Аны айыл өкмөтү тескей албайт. “Келечек” ишканасы керектүү уруксат кагаздары менен көп жылдан бери иштетип келет. Аймак боюнча алып караганда деле минералдык суу чыккан аймак Барпыга эмес, Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу аймак болуп саналат.
Камчыбек Ташиев өзү барпылык экени маалым. Ал эми пикетти уюштуруп, чуркап жүргөн Дөөлөт Эргешов анын кудасы болот. Каршы чыккандардын баары эле Ташиевдин туугандары болуп чыкты. Эми ошол кудасын, аке-үкаларын чогултуп чыгып, эптеп эле Тумановдорду элге жаманатты көрсөтүүнүн амалы катары жасалып атканы сокур кишиге деле маалым болсо керек. Бул каралоо биринин артынан бири системалуу жасалууда. Камчыбек Ташиевге караштуу “7-канал” акыркы 3-4 айдын ичинде тынымсыз каралаган материалдарды берип келет.
Эмне себептен? Буга бир канча себептер болуп, окуя чиеленишип кетти. Биринчиден, жакында парламенттик шайлоо келатат. Камчыбек Ташиев да, Токтогул Туманов дагы бир облустан шайлоого аттанышат. Бул каралоо менен атаандашын алдын ала жок кылуу максатында ушундай аракеттерге барып атат деп болжоого негиздер бар. Экинчиден, материалдык кызыкчылыктар да роль ойноп келет. 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин Кадыржан Батыров өзүнө тиешелүү жерди бир аялга сатат. Ал аялдан Ташиевдер ошол жерди тартып алууга аракет көрүп келишкенин, ал аял жардам сурап депутат Тумановго кайрылганы тууралуу, Камчы Ташиев болсо Тумановго “Сен бул ишке кийлигишпе, биз өзүбүз чечип алабыз” дегенин мурдагы сандарыбызда жазган элек. Дагы башка маселе, “7-каналдын” жетекчиси Алтынбек Жумаевге байланыштуу. Тумановдорго тиешелүү жерге кошуна болуп көчүп келген Жумаев өзүнүн короосунан ашырып, даараткана, сарай салып алат да, “ошол жерди талашпай мага эле бергиле” деген талап коюп келет. Тумановдордон баш тарткан жооп алгандан кийин кожоюну Ташиев экөө биргеликте “7-каналы” аркылуу болушунча шыбап, элге жаманатты кылып көрсөтүүнүн камында жүрүшөт.

Махабат Шакирова