Темир Сариевдин айылында

Tosh-bulak 1Tosh-Bulak 2Tosh-Bulak 3Tosh-Bulak 4Айыл аралап, жашоо-тирлик менен таанышып, Чүйдүн Сокулук районунун Төш-Булак айылына жөнөп калдык.
Борбордон 50 чакырымдай, Сокулуктан 25 чакырым жерде эки тарабынан тоолор менен курчалып, менменсинип тургансыган Төш-Булак айылы алдыбызга жайылды. Кире бергенде эле тоонун абасынын илеби, кылайып калган көк чөптүн, майда сары гүлдөрдүн жыты келет. Жанараакта суурбу, чычканбы, жуп жаныбар тептегерек казылган ийиндин оозунда адамча эки буттап турушуп, колдорун жаңсагылап, бизди тосуп алышкандай болушту эле, сүрөткө тартканча буйт этип, качып кетишпедиби.
Төш-булактыктардын сыймыгы —айылдын көз жоосун алган көркү, Кыргыз кырка тоосундагы баарынан бийик шаркыратмасы, коругу эле эмес, кыргыз кинокеремети кезинде, 1972-жылы, Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” чыгармасы боюнча телефильм так ушул айылдан тартылгандыгы. Мына бу тоолордун жака-белинен ролун Таттыбүбү аткарган эне атадан калган туякты – кичинекей Авланбекти жетелеп, тоону беттеп кетпеди беле… Ал кинодо кандай залкарлар ойнободу: Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Советбек Жумадылов, Кубатбек Жусубалиев…
Керемет көркөм чыгарманын ушул жерден тасмага тартылганын эстеп, Кубатбек агачалык кенен кулач арыштай албасак дагы, “айылда неге киши көрүнбөйт” деп биз дагы айыл аралап жүрүп калдык. Айыл ичинен ушул киного көп эле киши катышып, бири атасын, бири апасын, өздөрүн же тууган-туушкандарын тасмадан бүгүнкү күндө да эрмектеп көрүп турушат. Кайтканда машинабызга түшүп, Сокулукка чейин барган байбиченин жашыраак кези экен, эл менен кошо элеси тасмада калыптыр.

Министр болгусу келген “чоң баш” Темир Сариев
Төш-Булак айылынан кыргыздын алгачкы хормейстри Султан Юсупов, согуш ардагери Рабком Кулданов, Рысбек Дыйканбаев, айылдык алгачкы агартуучу Рысбек Каракинов, Темир Сариев, ырчы Шахерезада Аскарова, комузчу, журналист Кубан Каракинов жана башка айтылуу адамдар өсүп чыккан. Айылдагы чоң көчөгө ысмы ыйгарылган Рысбек Каракинов ушул айылды негиздөөчүлөрдүн бири, Москвага чейин сессияларга барып турган, мектептин директору болуп иштеген. Жубайы Марипа Темиралиева мугалимдер арасында республика боюнча биринчилерден болуп “Ардак белгиси” орденин алган. Булардын уулу Кубан Каракинов – Кыргызстанга белгилүү комузчу.
Кең көчөдөгү заңгыраган тамдардын катары-Темир Сариевдин ата конушу, азыр бул жерде фермер агасы Памир жашайт. Он баланы багып өстүргөн атасы Аргымбай бригадир, андан кийин айылдык советте төрага болуп иштеген. Темир Сариев сөздүн түз маанисинде эле “көйнөкчөн” төрөлүп, жарык дүйнөгө курсакта жаткандагы тонун “кийип” чыгыптыр. “Атадан калган туякта” чыт курсак балдардын арасында Темир пилоткачаны, согуш учурун ойноп, өзү теңдүүлөр менен күрөшүп, даң салып жүрбөйбү… “Атадан калган туякка” тартылганда 3-класста, ал учурдагы аябагандай чоң акча-182 сом калем акы алганын сыймыктанып айтканы бар. Элдин баары “чоң баш баладан” бирдеме чыгарынан күмөн санашчу эмес экен. Өзү да кез-кез ушул тоолорду жаңыртып, “мен министр болом!” деп кыйкырып калчу. Тилеги ишке ашып, мына азыр өлкөнүн Экономика министри болуп отурбайбы. Айылдаш агасы Арстанбек Курманов Темир бала чагында спорт менен алектенип, спорттук мектепте окуганын, эч бир жамандыгын көрбөгөнүн, ата-энесинин колуна кол, бутуна бут болуп, чуркап жүргөнүн айтат.

Сокулук суусу шар агат…
Бизге гид болуп берген ушул айылдык Тахир Жолдошевдин айтымында, айылдын мурдагы аты- Белогорка. 1937-жылы түзүлүп, 1957-жылга чейин Каганович районуна караштуу болуп келген. Союз кезиндеги Карл Маркс атындагы колхоздун аты далай жерге дүңгүрөп турган. Айылдын эң биринчи сыймыгы эле—суусу. Чүй боорунун башка эч бир жеринде суу мынчалык берекелүү эмес. Жайы-кышы дебей, ичүүчү суусу да, сугат суусу да мол. Ал тургай тоо кыркасынын агын суусунан Көк-Көл пайда болуп, кайра соолуп турат.
Айыл аралап баратабыз, мырза теректер зымпыйып , каз-катар тизилет, көчө тимеле бак-шактуу. Заңгыраган үйлөр көбөйгөн, кичине кепе үйлөр болсо деле кайкалатып курчап коюшуптур, тосмолору бир типтүү, кызыл-ала кооздолгон, евро үлгүсүндө. Үлүш жерлер болсо тоо этектеринен менчикке бөлүнүп, жер ээлери арпа, картошка, кулпунай жана башка дан азык, мөмө-жемиштерди өстүрүшөт. Айрыкча кайрак жерлерде кийинки кездери кулпунай көз жоосун алып, пул болуп берет. Бир отургузган кулпунайды кеч күзгө дейре эле кайра-кайра терип, сатып өткөрө беришет. Дыйканчылык менен алектенгендери менен, негизинен мал чарбачылыгы жан бактырат. Малды жаз, жайда тоого айдап жиберишет.
Айылдан башка жакка көчө качкандар дээрлик жок, кайра пенсияга чыкканда шаардан келгин куштай кайтып келип, бул жактан конуш алышат. Борборго барып-келип иштегендер да арбын. Дагы бир таң калычтуусу—айылда мончо жана балдар бакчасы иштейт. Айылдык мончо менчикке өткөнү менен, жалпы элге ойдогудай кызмат кылат, ичи борбордукунан кем эмес ремонттолгон. Биз барганда ээси мончону жагууга камынып жатыптыр. Дем алыш күндөрү мончо, душ кабиналары иштеп, баасы саатына 70 сомдон. Өткөн жайда балдар бакчасы ачылып, үч тайпада айына 1000 сом төлөшүп, балдар тарбияланууда. Мектеп окуучулары Эргазы Жоочалышов, Жамиля Тахирова, Адина Кабылбекова айылы мектептеги комузчулар ийрими менен сыймыктанып, Бишкектегидей көп акча төлөбөй, 500 сомго комуз үйрөнүүгө, спорт менен машыгууга шарттар болуп турганын айтышат.

Канткенде тоокторду тумоо каптабайт?
Айыл тургуну Роза Мураталиева – Төш-Булак айылдык кеңешинде социалдык кызматкер. Ленинграддагы механика институтун аяктап, борбордогу Ленин заводунда иштеп турган. Учурда короодогу кой-эчкиси, 70 сотый жери менен элден калбай, үй-бүлөсү менен айылда жашоо-тирлик өткөрүп келет. Короодогу 50-60 тоогунун жумурткасын 9 сомдон пулдап турат. Тоокторун куштардын тумоосунан аман-эсен эле алып чыгат. Үй чарба ээсинин айтымында, мындагы орус өкүлдөрүнөн укканына караганда, куштардын улуу тумоосу чыгыптыр деп угулаар замат, кургак жемге бир уучтап тамеки- махорка жалбырагын аралаштырып берип койсо, бир да тоогу жабыркабай, тумоодон аман-эсен чыгат.

Чычкандай болгон бөжөктөр
Виктор Семенович Терещенко 20 жылдай убакыттан бери үй чарбасындагы коендорунун төл башын көрсөттү. Чычкандай эле кипкичинекей, тобо, биринчи жолу көрүшүм жаңы туулган ушундай бөжөктү. Жайкысын беде чөп, сабиз, кызылча берип, суудан кем-карч кылбай аман-эсен багып келет. Терещенко коендун асылдуулугун арттырган жергиликтүү «селекциячы» болуп алыптыр. Блендер түрүндөгү коенду кадимки эле кой менен аргындаштырып, жаңы текти алган. Ал жаныбар адаттагы коендордон ирирээк келип, таза салмагы чоң, базарга киргенде кардарлар колдон талашып сатып алышат экен.

Шар жүргөн Тахир ага
Айыл аралап жүрүп, мындагы бир өзгөчөлүктү байкадык, көпчүлүк калк жетишкендигин да, кемчилигин да көпчүлүккө жарыя кылгысы келбейт. Жада калса мектеп мугалимдери да, айыл өкүлдөрү да журналисттерден жаа бою качышат. Улуулардан айырмаланып, бөбөктөр, мектеп окуучулары ачык-айрым, эмне суроо болсо да жооп берүүгө даяр. Кепке келген, шар жүрүп, шар турган айыл тургуну Тахир Жолдошев кезинде гараж башчысы болуп иштеп, далай машиналарды кармаптыр, бирок азыркы айылдаштарыныкындай менчик машиналарды Союз кезинде колхоз гаражынан да көрбөгөнүн кеп кылат. Азыр калп айтпаган кишиге ар үйдө 2-3төн жеңил машина, башка чоң техника бар, малды дагы машина менен кайтарып калган заман келгенин тамаша-чын аралаш айтат. Ушундай жерден калк көчүп кетишпейт, кетем дешсе, анда эле балээ болбодубу дейт. Айтор, бул жакта ким кандай иштесе, ошондой жашайт.

Жолду оңдоп бериңизчи, Темир Аргенбаевич!
Айылдын бетине чиркөө болгон жалгыз көрүнүш– анын жолу экен. Өңгүл-дөңгүл жол мындагы көрккө көлөкө түшүрүп турат. Темир Сариев айылга бир катар кайрымдуулук жардамдарын көрсөткөн, ага «Айылдын ардактуу атуулу» деген наам берилген. Жакында эле, 2013-жылы Сокулук – Төш-Булак жолунун эки чакырымы ремонттолгону тууралуу КР Транспорт жана жол чарбасы министри Калыкбек Султанов билдирип, эл да жолдун ремонттолушуна ыраазы болуптур. Аз убакыт өтпөй эле жол кайра тешилип калбадыбы. Буга министрлик 6 млн 931 сом бөлөт деп министрликтин титулдук баракчасына жазылыптыр. Экинчиден, Темир Сариев подстанция курдуруп берсе дагы биз барганда айылдын свети өчүп калыптыр, Келгендерге бир чыны чай берели дегенде буйдалып калып жатышты.
Айылда мурда орустар, украиндер көп жашачу. Союз тарагандан бери көчүп кетип отурушуп, азыр анда-санда эле калыптыр. 2012-жылы жалаң орустардын үйүндөгү кышка камдаган үймөк чөптөрү каз-катар күйүп, улуттар аралык жаңжалдын учкунубу дешти эле, жок, жергиликтүү эле шумпайлардын колунан келгенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан. Көчпөй, калып калган улуттар менен ынтымакта жашап жатышыптыр. Бир кезде ырчы Шахерезада Аскарова бул айылдагылар украиндер менен да жанаша жашап, орус тилин украин акценти менен сүйлөшөрүн борбор шаарга келгенде билгенин айтканы бар.
Кантсе дагы Төш-Булак, мурдагы Белогорка айылы коомдук ишкана, тейлөөчү жайлар– мончо, балдар бакчасы, клуб, тактай тилгич, тегирмен мурунку кездердегидей иштеп, «иштеген жан тиштеген», бакубат, көркөмү көз жоосун алган керемет жер экен. Жай айларында тоолуу жер табына келип, Кыргызстандагы эң бийик шаркыратма бийиктен суусун төгүп, мал-жан ээн-эркин жайылып, өлбөгөн жандын дене-бою сергип, каалашынча эс алат дешет.

Айгүл Бакеева