“Тез жардам” менен бир күн

Tez jardam 103
«Биринчи байлык – ден соолук» дегендей, оору ар бир адамдын башында бар. Кокус, жакындарыбыз сыркоолоп калса, баарыбыз «Тез жардам» кызматына кайрылабыз. Демейде бул кызматтын дарегине “Өз убагында келбейт!”, “Дары-дармеги толук эмес”, “Дарыгерлери эч нерсени билбейт” деген дооматтар көп айтылат. Биз бир күн кечке “Тез жардам” кызматы менен кошо жүрүп, алардын иши менен ичинен таанышалы дедик.

Жаркынбек КАСЫМБЕКОВ, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо департаментине караштуу Медициналык тез жардам борборунун директору:

«Автоунаабыз жетишпейт»
– Учурда тез жардам кызматында канча автоунаа бар? Унаалар жетиштүү элеби?
– Биздин тез жардам борборунун эң негизги көйгөйү ушул, автоунаалар жетишпейт. Ар дайым айтып келем, салыштырмалуу түрдө шаардын кулачы 20 чакырымга жетпеген, калктын саны 500 миңден ашпаган кезде 60 машина бар болчу. Ал эми учурда такталбаган маалыматка таянсак, калктын саны 1,5 миллиондон ашык. Мына ушундай сандагы калкты биз болгону 30 машина менен тейлейбиз. Жайкысын баардык автоунаалар оңдолуп чыкканда 32-33кө араң жетет. Отуз үч машина менен ар бир чакырыкка кечикпей баруу бир топ эле кыйынга турат. Мындан сырткары, көчөлөрдүн, үйлөрдүн номурларынын жоктугу биз үчүн бир топ эле кыйынчылыкты жаратат. Керек болсо айрым жарандар өздөрүнүн кайсы көчөдө, кайсы үйдө жашап атышканын деле билишпейт. Болор-болбос нерсеге чакырып алгандар да жок эмес. Барсаң, татынакай эле чай ичип отурушкан болот. Менимче, бул биздин коомдун деңгээлинин чабалдыгынан болуп жаткан нерсе.

– Дарыгерлер жетиштүү элеби? Канча кызматкер эмгектенет?
– Негизинен, биздин борбордо иш аябай көп. Врачтар жетишсиз. Жалпы жонунан алганда борбордо 624 кызматкер эмгектенет. Алардын 45и врачтар. Кызматкерлер бир сутка иштеп, мөөнөтү бүткөндө алмашат. Ал эми автоунааларыбыз такыр тынбайт.

– Айлык маселеси кандай?
– Биздин жумуш оор болгонуна карабастан, айлык-акыбыз аз. Айлык аз болгондуктан айрым кесипкөй жаштарыбыз чет жактарга жумуш издеп кетүүгө аргасыз болуп атышат. Айрымдар биздин борборго тажрыйба алыш үчүн эле келип иштешет. Жетиштүү тажрыйба алгандан кийин чет жактарга кетип калышат. Албетте, бул терс көрүнүш.

Кайрылгандардын саны көп
Биз баш баккан Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментине караштуу медициналык тез жардам борборунун борбордук станциясына 2014-жылдын эсеби менен жылына 200 миӊге жакын кайрылуу болсо, анын 146 миӊ чакырыгын тейлешкен. Ал эми күнүнө жардамга чакырган телефон чалуулар 600-700 болсо, алардын 100-200үнө консультация берип, үй-бүлөлүк медицина борборуна жөнөтүлөт. Калгандарын бейтапканаларга алып барышат.
Кызматкерлердин иш күнү бардык эле кызматтар сыяктуу эртең мененки саат сегизде башталат. Бул кызматкерлер жумушка жарым саат эрте келип көнүп калышкан. Себеби, баардыгы жумуш кийимдерин кийип, айдоочулар машиналарын бир сыйра карап, дарыгерлер керектелүүчү медициналык каражаттарын ырастап, саат сегизге даяр болуп турушу керек. Саат 8.00дө мурунку мөөнөттөгүлөрдөн кезекти өткөрүп алышат да, 24 саат бою адам өмүрүнө биринчи тез жардамды көрсөтүүгө даяр турушат.
Тез жардам кызматына келип түшкөн баардык телефон чалуулар төрт түйүндө кабыл алынат. Ал жерде иштеген эжелер сиздин эмне үчүн чалып жатканыңызды, кимге, эмне жардам керектигин тактап, диспетчерлер бөлүмүнө билдирет. Ал жерден оорулууга тиешелүү бригаданы жиберет. Күнүнө 30 бригада чакырыкка чыгуу үчүн өз-өзүнчө машиналар менен даярданып турат. Негизинен, “Тез жардам” кызматында жети тармактагы бригада эмгектенет: гинекологиялык, психиатриялык, реанимациялык, неврологиялык, педиатриялык, кардиологиялык, жалпы линиялык. Тез жардам кызматынын курамын бир врач, эки фельдшер жана автоунаанын айдоочусу түзөт. Жогоруда аталган тармактар өздөрүнө тиешелүү чакырык болсо чыгышат. Маселен, шашылыш учурда жалпы линиялык бригадалар жардам көрсөтүшөт. “Тез жардамда” иштеген кызматкерлер түшкү тамакка он беш гана мүнөт убактысын бөлүшөт.

Кайырчы бутун кокустатып алып…
Биз алгач эле “Тез жардам” кызматынын бир дарыгер, эки фельдшерден турган №6 бригадалык тобу менен Совет көчөсү менен Жибек жолу көчөсүнүн кесилишинен 13:52де келип түшкөн чакырыкка бет алдык. Тез жардам кызматынын борбордук станциясынан аталган жерге 14:12де жеттик. Барсак, оозунан спирт ичимдиги жыттанган 56 жаштагы Нестерова Вера аттуу айым бутун кокустатып алып, жолдун боюнда жаткан экен. Сураштыра келсек, боору ооруп чуркап келгидей жакын тууганы жок экен. Ал ошол Совет-Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чыракта токтогон автоунаалардын айдоочуларынан бир топ жылдан бери кайыр сурап күн өткөрүп келчү экен. Ушул күнү да кайыр сурап жатып, жылып бара жаткан автоунаанын астына кирип кетип, бутун кокустатып алыптыр. Бирок, автоунаанын айдоочусу качып кетпестен, токтоп “Тез жардам” кызматын чакырган. “Тез жардам” кызматынын кызматкерлери аялга биринчи жардамды көрсөткөн соң, №4 Шаардык бейтапканага алып жөнөдүк. Жолдо автоунаанын айдоочусу С.Н аттуу жаран кырсыктын кандайча болгонун айтып баратты. «Мен светофордо токтоп тургам. Жол чырактын жашылы күйгөндө, машинамды жаңы эле акырын айдайын десем эле бул аял машинамдын «крылосуна» келип тийди. Чочуп кетип машинадан атып чыктым. Карасам, бутун темирге илдирип алган экен. Аны көтөрүп, жол боюна алып чыгып, 103кө чалайын деп жатсам, бул аял «Тез жардамга” чалбай эле кой. Мен өзүм чалам. Андан көрө мага 2000 сом таштап коюп кете бер» дейт адамды күйгүзүп! Бирок, менин адамдык сапатым ал аялды жолго таштап кетүүгө жол бербеди. Жөн жерден эле кырсыкка кабылып атам” дейт ал. Бейтапканага 2:50дө кирип бардык. Албетте, тез жардамдын кызматкерлери үчүн оорулууну аларга өткөрүп берүү кыйынга турду. Себеби, пациенттин жанында өздүгүн аныктай турган эч кандай документи жок эле. 15:30да гана №4 Шаардык бейтапканадан борбордук станцияга келип токтодук. Ошону менен бир жарым саат бир пациент менен алек болуп жүрдүк.

Эки жашар баланын буту күйүп
Борбордук станцияга келген соң кайра эле 3:31де «2 жашар баламдын бутун күйгүзүп алдым» деп келип түшкөн чакырыкка бет алдык. Болжогон жерибизге жолдогу тыгындардан, автоунаалардын “Тез жардам” кызматына жол бошотуп бербегенинен улам кырк мүнөт дегенде араӊ чакырылган дарек боюнча жетип бардык. Барсак, эки жашар баласынын бутун чайнектеги кайнак сууга күйгүзүп алган экен. Наристе апасына ээ-жаа бербей чырылдап ыйлап жатты. Тез жардам кызматынын кызматкерлери биринчи жардамды көрсөтүп, баланын бутун таңып коюшту. Андан соӊ апасына консультация берип, кайра станцияны көздөй жөнөдүк. Ал жерге 16:37де жеттик.

Көчөлөрдүн аталыштары, үйлөрдүн номерлери жок
Борбордук станцияга келип түшкөн чакырыктар өтө көп болгондуктан, борборго келип эле кайра чакырыкка чыгууга туура келип атты. Бул жолу 16:43тө келип түшкөн чакырыктын негизинде гинекология бөлүмүнүн №4 бригадасынын дарыгерлери менен Ак-Босого жаңы конушунун Манас көчөсүндөгү №5 үйгө бет алдык. Шаар тургундарынын басымдуу бөлүгү кызматынан чыгып үйлөрүнө бара жаткан маал болгондуктан, көчөлөрдүн баары тыгын. Мындан сырткары, тез жардам унаасы баратканда жолдогу келе жаткан башка унаалардын жол бошотуп берүүсү тозок эле экен. Кээ бири бошотсо, жол чырагынын кызыл күйгөнүнө карабай кээ бири анын артынан ээрчип, тоскоолдук жаратканы да жок эмес. Жолду ката ушундай тыгындарга туш болсок, Ак-Босого жаңы конушунда көчөлөрдүн аттары, үйлөрдүн номерлери жок болгондуктан, аталган даректи таппай, бир топ убараландык. Дагы бир таң калтырган нерсе – ары-бери өтүп бара жаткан ошол жердин тургундарынан көчөнүн атын сурасак билишпейт. Же “Тез жардамды” чакырган жарандар эшикке чыгып, тосуп алышпайт. Бир жарым саат дегенде үйүн араӊ таап бардык. Барсак, жетинчи баласы тогуз айлык боюнда бар 34 жаштагы А. Нурбарчын аттуу аял: «Мени төрөт үйүнө алып баргыла» деп автоунаабызга отурду. Ал айым өзү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынан бир ай мурда келген экен. Каттоого да ошол жерден туруптур. Жанында эч кандай документи, ал тургай өздүгүн тактай турган паспорту да жок экен. Качан гана дарыгер «Паспортуңду алдыр» дегенде гана кызын жиберип, үйүнөн алдыртты. Ал айымды Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып келдик. Себеби, жалгыз гана ошол бейтапкана каттоосу жок кош бойлуу аялдарды кабыл алат экен. Ал эми башка эч бир бейтапкана каттоосу жок албай тургандыгын дарыгерлер жолдо айтып да, жинденип да жатышты. Мына ошону менен биздин “Тез жардам” кызматы менен болгон сапарыбыз аягына чыкты.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА