“Тико”, “Жолчубек”, “Комбайн” деген каймана аттуу кайсы саясатчылар экенин билесизби?

Спортчулар сыяктуу эле кээ бир эл көзүндөгү саясатчы, аткаминерлерди да өз аты-жөндөрүнөн сырткары каймана ысымдары, же болбосо “кличкалары” жандап жүрөт. Андай каймана ысымдар кылган ишине, жүрүм-турумуна, саясаттагы кадамдарына жараша берилген десек болот. Бирок көпчүлүк адамдар каймана ысымдардын таржымалдарын биле бербейт. Эмесе билип алыңыз, окурман.

“Жолчубек”
Бул каймана атка Акаевдин кезинде облустарды башкарып,андан соң Ак үйдүн жетинчи кабатынан түшпөгөн Акаевдин аяшы, бүгүнкү вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин кайын атасы Тойчубек Касымов ээ болгон. Атына уйкаш “кличка” аталышы эле айтып тургандай, Тойчубек мырзанын бардык күч, тажрыйбасын жолдорду оңдоп- түзөөгө жумшагандыгынан улам пайда болгон. Кайсыл облуска губернатор болуп барбасын, 1-кезекте жолдордун абалына маани берип, жаңы жолдорду салдырып, эскилерин жамап-түзөп турганды адатка айландырган экен, кайран киши. Ушундан улам тар чөйрөдө аны Тойчубек эмес, Жолчубек деп атап калышкандыгы бар. Тойчубек Касымов өзү дагы бул аты менен сыймыктанчу экен.

“Тико”
Бул каймана ысымдын ээси ким деп атасызбы? Мурдагы мугалим, кийинки депутат, министр, экс-вице-премьер Камила Талиеванын “кличкасы” ушундай. Эмнеликтен экенин туюп атсаңыз керек. Көлөмүнөн улам ушундай каймана ысымга ээ болгон. Корейлердин өндүрүшүндөгү “Тико” автоунаасы автоунаалардын “миниатюрныйы” болсо, сакадай бою сары алтын Камила айым Кыргызстандагы аткаминерлердин “миниатюрныйы” окшообойбу. Жакшылап үңүлсөк, “Тико” “кличкасы каарманыбызга куп жарашкандай. “Тико” темир тулпары сапаты, ыңгайлуулугу менен мактана албаса да, өтүмдүүлүгү менен мактанбай кое албайт. Барбаган, жүрбөгөн жери жок. Чакандыгынан улам авто тыгындарда ыңгайлуу келип, буйтап-суйтап атып жеткирчү жериңе бат жеткирип коёт эмеспи. Камила айым деле билими, саясий салмагы менен мактана албаса да, өтүмдүүлүгү менен мактанар жөнү бар. Болбосо мугалим болуп жүрүп эле вице-премьер болуу баарынын эле колунан келе бербейт. Анан “Тико” автоунаасынын темири консерванын идишиникиндей эле жука, назик эмеспи, Камила айымдын да нервинин жука экени жамы журтка дайын болду. Билгендер анын болбогон нерсеге албууттанып, ачууланып, нерви ойноп кетмейи бар экенин айтышат. Бекеринен бир жыл ичинде 10дон ашык катчы, жардамчы, айдоочуларын алмаштырган жок да…

“Торпедо”
“Курманжан Датка” фондун жетектеп жүрүп, ЖК депутаты болгону Жылдыз Жолдошева “Ата-Журттун” “Торпедосу” “кличкасына” ээ болду. Калп айткан менен болобу, Жылдыз айымдын саясаттагы жүрүшү артка кайтууну билбеген торпедону элестетет. Кемеден чыгарылган торпедо зуулдап барып, объектини барып талкалап, жок кылгандай эле Жылдыз айым да көктүгүнө салганда, эр болсоң ага каршы чыгып көр. Ордунан бир козголуп, күүлөнүп алганда, ОБОН атыккандар шоона эшпей калышы ыктымал. Тийишкен депутаттардын сазайын берип, сөзүн бөлгөн спикердин айласын кетирип салат. Учурда аны фракция лидерлигинен оодарып түшкөндөргө каршы чабуулга өтүп, кечээги эле партиялашы Камчыбек Ташиевдин “сазайын” берүүгө өттү. Бул “кармашта” Жылдыз айым жеңеби, же Камчыкебизби, аны алдыда көрө жатарбыз.
“Аптекарь”
Бул каймана ысымдын ээси – мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев. Бизнесинен улам берилген “кличка”. Биз билгенден буга өзү чычалабайт экен. “Чындык ушундай да” деп жооп берет. Кыргызстандагы дары бизнесинде монополисттей эле орунду ээлеп, өлкөнүн аймагында ага тиешелүү жүздөгөн дарыканалар иштейт. Дарыканалары өтө көп болгондуктан, “Неман” дарыканалардын бренди сыяктуу эле болуп калды. “Бийлигиң болсо байлык жасайсың, байлыгың болсо бийликке жетесиң” дегенди Осмонбек мырза жакшы өздөштүргөн окшобойбу. Бизнеси менен байлыкка да, бийликке да жетип келе жатат.

“Комбайн”
Искендер Гаипкуловду ким билбейт. Ыраматылык Медет Садыркуловдун көздөй кадры болчу. Мына ушул Искендер мырзаны тар чөйрөдө “Комбайн” дешет. Бул “кличкага” ал Ош, Жалал-Абад аймагында көп жылдар бою алгач салык кызматынын инспектору, андан соң Ош облусунун салык кызматынын башчысы болуп жүргөндө кол алдындагыларга  “чү” дегенде эле комбайнчасынан олчойгон “салыкты” салып, өзүнүн да, шефтеринин да капчыгын кампайтчу дешет. Ошондо аны карап күлүп, артты карап ыйлаган салыкчылар аны “Комбайн” аташып, чачынан бутуна чейин сөгүп, ичкүптүлөрүн ичте сактап кала берчү экен. “Комбайн” атыгып жүрүп, ири капитал топтоп, бизнесин баштагандыгы өзүнчө узак сөз болуп айтылат. “Кличкасы” эле айтып тургандай, акчаны чындап эле комбайнчасынан басып койгон белем, учурда Ош мэри Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясын каржы жагынан колдоп, сүрөп, атүгүл партиянын идеологуна айланып алган кербези.

“Манты”
Тамактын аталышы кимдин “кличкасы” деп атасызбы? Өлкөнүн экинчи президенти Курманбек Бакиевдин тар чөйрөдөгү каймана ысымы болгонун көпчүлүк биле бербесе керек. Анын себеби, Курманбек Салиевич мантыны өтө жакшы көрүп, чоң табит менен жечү тура. Ылайыгы, шарты болгон жерде мантыны жасатып жегенден жадабачу экен. Атүгүл, 2005-жылдын мартында Акаевдин бийлигин таштап качкандыгын да жакшы көргөн тамагын жеп аткан учурда уккандыгы белгилүү. Бийликте турган кезинде ашпозчуларынын жасаган мантысын жеп жүрсө, эми алыскы Белоруссияда жаш колуктусунун колунан жасалган мантыны сугунуп, Кыргызстанда манты жеген эң сонун күндөрүн эстеп, сагынып жүрсө керек.

Мирбек Нарынбеков

Аварийное вскрытие автомобилей 8 (3812) 37-85-87