“Өзүңдү жеңгенден чоң жеңиш жок”

MukashevЭртең менен туруп Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Муратбек Мукашевден маек алайын деп шашып бардым. Жакында 65 жашка чыгарын билчүмүн. А десем да, бу десем да маекке макул болбой койду. Бир айтканынан кайтпаган көктүгү бар экенин мурда эле билчүмүн.
Алгачкы жолу 2010-жылы болсо керек, маек алайын деп чалып, макулдашып алгандан кийин офисин издеп жөнөдүм. Офиси шаардын четинде экен, мен ал жакка жөө жеткенче жарым сааттай кечигип калдым. Барсам “Мен сени саат 13.00кө кел дегенмин, кечигип калдың, менин азыр башка жолугушуум бар” деп маек бербей койсо болобу? Ошентип, ал күнү маектеше албай калып, башка күндү белгиледик. Ал күнү болсо, саат ушунчада Бөкөнбаев көчөсүнүн бир жерин белгилеп, ошол жерде күтүп тур деди. Мен ошол убакта келсем, ал жер көлөкөлөй турган эч нерсеси жок ачык экен, күн ысык болгондуктан жолдун берки көлөкө тарабына өтүп күтүп турдум. Бир убакта телефон чалды “Мен сени ушунча убакыт күттүм” деп. “Мен деле ошол жерде эле турбаймынбы? Мына мен” деп жолугуштук. Машинесине отургандан кийин “Белгиленген жерге туруп, айткан убакта келип, так болбойсуңбу? Бул жер сага Баткенби?” деди (мен баткендикмин да). “Бул эмне болгон киши? Катуу тиет деп ойлобойбу” деп таң калып атканмын башында. Көрсө, Муратбек Мукашев өзү ар бир күнүн, саатына чейин пландап, аны кагазга жазып коет экен, анан ошол тартиптен чыкпай күнүн өткөрөт. Бул бардык эле адамдын колунан келе бербеген иш. Азыр мени жолдошум тамашалап калат “Сен бир аэропортко, анан Мукашев менен жолукканга кечикпейсиң” деп. Чын эле, бул кишинин кыялын анча-мынча түшүнүп калган жайым бар, ошон үчүн бул жолу да “Маек бербейм” деген оюнан оңой менен кайтпасын түшүндүм.
Муратбек мырза өзү финансист болгону менен, кара сөз түрүндөгү чыгармаларды, ырларды профессионал жазуучулардан кем калбай жазат. Теманы ийне-жибине чейин кылдат иликтегенден кийин гана кагаз бетине жөнөкөй, түшүнүктүү тил менен түшүрөт. Буга чейинки биздин гезитке чыккан “Мерген жана мергенчилик” деген эссеси окурмандарыбыздын арасында бир топ кызыгууну жаратты. Бул киши өзү орус тилинде жазат, 60ка киргенде “О времени, о людях, о себе” деген китебин жазган эле. Эми быйыл 65 жашка кирип, “Жан сырлар, сан ойлор” аттуу китебин чыгарыптыр. Кыргызчага өзүнүн жакшы көргөн иниси Мундузбек Тентимишев которуп берген экен. Бүт башынан өткөргөн окуяларын, ой толгоолорун, азил аралашкан учкул сөздөрүн кошуп, кызыктуу китеп жазыптыр. Гезитибизге мындан ары ошол китептен алып берип турабыз.
Негизи эле бул кишинин тагдыры кызыктуу. Аскар Акаевдин учурунда бутунан ажырап, ошол кыйынчылыкты жеңип, кайра бутуна туруп кеткен. Эрки күчтүү адам десек жаңылышпайбыз. “Өзүңдү жеңгенден чоң жеңиш жок” деп айтат. Кийин Курманбек Бакиевдин учурунда дүркүрөп иштеп турган “Кыргызпромстройбанкын” тартып алып коюшкан. Жаңы бийлик келгенден бери адилеттик издеп келет. Бул ишти прокуратура, сот органдары кыйла убакыттан бери сүйрөгөнү сүйрөгөн. “Прокуратура, сот иштерин түшүнбөй кетсем арманда болом. Бул органдарың деле бийликтин, акчанын кулу болуп калыптыр” деп коет өзү.
65ке чыккан менен өзү шайдоот, баягыдай эле тамашалап сүйлөп, ден-соолугу чың экени көрүнүп турат. “Бул 65ке чыгып, карып калды, маек алып коелу деп атасыңар го, акыркы сөзүмдү айтууга али эрте” деп тамашалап калды. Ылайым эле ошондой болсун, Муратбек Осмоналиевич! Биз да юбилейиңиз менен куттуктайбыз! Кыргызстан үчүн күйүп-бышып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн дагы да болсо салым кошо берет деген үмүттөбүз! Сизден көп нерселерди үйрөнүшүбүз керек.

Дилбар Алимова