Замирбек СООРОНБАЕВ, КРнын Эл артисти: «Урушпайбыз дегендин өзү калп» Калича СЕЙДАЛИЕВА, КРнын эмгек сиңирген артисти: «Жолдошум мыкты жолдош, сүйкүмдүү ата боло алды»

Sooronbaev 3Sooronbaev 2Sooronbaev 1«Эркек баш болсо, аял моюн» дешет. Ар бир үй-бүлөдө бирөө моюндун, экинчиси баштын кызматын аткарат эмеспи. Анын сыңарындай отуз жети жылдан бери бири бирине эриш-аркак болуп, бир чөйрөдө, бир кызматта иштеп келе жатышкан КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев жана анын өмүрлүк жары КРнын эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиева менен үй-бүлөлүк маек курдук.

«ПК»: – Замирбек мырза, жубайыӊыз менен таанышкан күндү эскерип берсеӊиз?
Замир Сооронбаев: — Азыр театрдын алдында училище бар эмеспи, мурда эки жылдык актерлорду даярдоочу студия болчу. 1974-жылы ошол студияга келип окуп калдым. Калича да ошол студияда окучу, алгачкы жолу мына ошол училищеден таанышканбыз. Студияда бир жыл окуп, кийинки жылы Ташкенттеги театралдык институтка тапшырып, экөөбүз тең өттүк. Сүйлөшүп жүрүп 3-курста үйлөндүк. .

«ПК»: – Калича эже, Замир мырза сиз кыялданган жолдош боло алдыбы?
Калича Сейдалиева: — Менин өмүрлүк жарымды, балдарымдын атасын кантип начар жолдош боло алды дейм. Замир байкеңер мыкты жолдош болду. Аны менен катар эле балдарыбызга татыктуу тарбия берди. Негизи байкеңер балдарга аяр мамиле жасайт. Байкеңерге салыштырмалуу мен балдарга катуумун десем болот (күлүп). Кызыбыздын уулу Адил учурда биздин колубузда да, неберебизди аябай эркелетип, ийинине отургузуп алган күндөр да кездешкен.

«ПК»: – Канча уул, кызды тарбиялап өстүрдүӊүздөр? Кимиси кимиңерге окшош?
З.С: – Бир кыз, бир уулубуз бар. Улуу кызыбыз – орус тил мугалими. Жумушуна байланыштуу Түркия мамлекетинде жашаганына быйыл бешинчи жылга кетти. Кызымды Калича «кайненемдин эле көчүрмөсү» деп айтып калат. Апама окшоп өзүнүн да сүрү бар. Кызымдын баласы Адил кызым менен күйөө балам бул жерде окуп жүргөндө биздин колдо чоңоюп, бизге жакын болуп калды. Кыргызда илгери «Балаңдан бөлүп кутуласың, небереден өлүп кутуласың» деп айтчу да. Убагында бул сөзгө маани бербей жүргөн экенбиз, чын эле ошондой болот экен. Жаш өтүп, улам өйдөлөп калганда баланын жытын сагынып каласың. Ошол учурда небере пайда болот экен. Биздин неберебиз он бешке чыкты. Азыр түрк лицейинин 8-классында окуйт. Мен тамашалап «Чөбөрө көрөйүн, сени он жети, он сегизге чыксаң үйлөндүрөм» деп калам. Андан кийинки уулум Айбек ырдап жүрөт, кыргыз элине кичине таанымал болуп бара жатат окшойт. Айбектин сырткы келбетин мага окшоштурушат. А ички дүйнөсү апасыныкы го деп ойлойм. Анткени, оңой менен сөз чыкпайт, көп сүйлөбөгөн бир мүнөз адам.

«ПК»: – Жаштык-мастык кылып, жубайыңызга кол көтөргөн жок белеңиз?
З.С: – Мен жаратылышымда балага, аялга кол көтөргөн эмесмин. Апам «Сен атаңды тартып калгансың» деп айтып калчу. Аялга кол көтөргөн кишини көп туура көрбөйм. Балдарымды да чекеге чертип көргөн эмесмин. Кол көтөргөн менен маселе чечилбейт деп ойлойм. Бирок, алар менден ыйбаа кылып, тартынып турушат.

«ПК»: – Бир үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышы кадыресе эле көрүнүш эмеспи. Ал учурда ким сабырдуулук көрсөтөт?
З.С: – Албетте. Биздин үй-бүлөдө таптакыр казан-аяк кагышпайт, урушпайбыз дегендердин өзү калп болуш керек. Бир үй-бүлө болгондон кийин сөзсүз түрдө уруш-талаш болот. Эгерде аял киши абдан эрктүү, чыдамкай болсо андай нерселерди бат эле жеңип коет. А эгерде эрегишип, аял киши кошулуп баштаса, анда ал чыр-чатак өөрчүп кетиши ыктымал. Биздин үйдө чыр-чатак болгон учурда Калича сабырдуулук кылып коет болуш керек. Ошондуктан, бат эле жазылып кетебиз. Себеби, менин кыялым оор, чорт. Аны өзүм деле билем. Эсимде, илгери сүйлөшүп жүргөн кезибизде күндө сабак бүтөөрү менен киного жөнөчүбүз. Бир күнү да сабактан чыгып алып поляктардын киносуна бардык. Тасмада бири бирин ушунчалык жакшы көрөт экен. Кыз ооруп бейтапканага жатып калат. Бала ары ойлонуп, бери ойлонуп, бейтапканага барбай коет. Кыз жакшы болгонун жигити кийин угуп, кайра келет. Бирок кыз кабыл албай коет. Биз кинодон чыгып жолду ката тасманы талкуулап атып, экөөбүз урушуп кетсек болобу (күлүп). Ошондон таарынышып, эки жума сүйлөшкөн жокпуз. Аягында экөөбүз тең бир кинону көрүп эмне мынча таарыныштык деп күлдүк. Азыр да эстеп күлүп калабыз. Ал кезде кимибиздики туура болгону азыркыга чейин чечилген жок (күлүп). Анын сыңарындай, мындай учурлар көп болот. Турмуш өзү ушунусу менен кызык экен да.
К.С: – Сабырдуулук байкең экөөбүздө тең бар. Кээде жумуштан чарчап келген учурда бири -бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп, чыгармачылыктагы жагымдуу учурларды эстеп калабыз. Кээде байкеңердин ачуусу келип жатканда, мен унчукпай калам. Менин жиним келип жатканда, байкеңер унчукпай калат.

«ПК»: — Келинчегиңиздин кайсы сапаттарын баалайсыз?
З.С: – Каличанын өзгөчө бир жакшы сапаты – өтө чыдамкайлыгы. Аялдардай болуп майда-чүйдө нерселерге кийлигишип, ичи тарланбаган сапат менин келинчегимде жок экендигине мен сыймыктанам. Себеби, чыгармачылыкта ар кандай оор нерселер башынан өттү. Айрым учурларда жүрөгүнө жакын кабыл алып, ооруп калбаса экен деп чочуп да жүргөн убагым болду. Бирок анын баардыгын жеңип чыкты. Абдан сабырдуу. Театрда иштегенибизге отуз жети жыл болуп баратат. Бул убакыттын аралыгында бир да жолу чыгып «Мен Сейдалиевамын» деп ооз ачып көрө элек. Ѳзүнүн «Биздин үйдөн бир эле киши сүйлөйт» деген принциби бар.

«ПК»: -Кайын-журтка кандай күйөө бала болдуңуз? Жаңы күйөө бала болуп барганда кызыктуу учурлар болбой койбосо керек?
З.С: – Калича алты бир туугандын экинчиси. Мен экинчи күйөө баласымын. Эжең таластык да. Таласта күйөө баланы пайгамбар сыйлайт деп коет эмеспи. Ошондон уламбы, ал жерде күйөө бала андай кылат, күйөө бала мындай кылат деген нерсе жок, ушул жашка чейин эркелеп эле келдим окшойт. Алардын салты да башкача эмеспи. Аларда күйөө бала келгенде, балдыздары анын чөнтөгүндөгү акчаны таап алмайын чечиндирип, жеңелер чайга кыйнайт экен. Отко киргизгени чакырганда, мен анын баардыгын билип алып бардым. Жеңелер бир чыны чай бергенден кийин эле чыныга акча салып койдум, балдыздар келе жатканда чөнтөгүмдөгү акчаны алып чыгып сундум. Ошондон улам кээде тамашалап «Бул жаман куу экен» деп күлүп калышат. Азыр ал жеңелердин баардыгы картайышты.

«ПК»: -Түгөйүңүздөн алган алгачкы белек эсиңиздеби?
З.С: – Биз кыз-жигит болуп жүргөндө берген эң алгачкы белеги азыр деле бар. Ага кырк бир жыл болуптур. Эсимде, менин туулган күнүмө бир карасаң башка сүрөт, кичине жылдырсаң башка сүрөт болгон открытка берген. Мен аны альбомума чаптап койгом.
К.С: – Эсимде. Кайсы бир майрамды студенттердин жатаканасында тосуп жатканбыз. Бирок эмнегедир байкеңер кечигип жатты. «Эмнеге кечигип атат?» деп жиним келип атты. Бир маалда колуна сабактары узуун, чоң-чоң кыпкызыл роза гүлүн кармап алып келе жатат. Аны көрүп жиним келгенин унутуп, аябай күлкүм келди. Себеби, байкеңер розаны артына катып алган экен. Бирок, роза абдан чоң болгондуктан, катканына болбой эле көрүнүп турду. Мына ошол берген белеги эч эсимден кетпейт. Роза да абдан чоң, бир башкача эле. Мурда мен андай розаларды көрүп эле жүрчүмүн. Бирок эч ким белек кылып берген эмес.

«ПК»: – Эки жаштын ортосунда кызгануу болот эмеспи. Бири-бириңерди кызганып, ортодо таарыныч, түшүнбөстүктөр болбой койбосо керек?
З.С: – Кызганган учурлар көп эле болгон. Бирок кызганып чыр чыгарбастан, ичимден тымызын кызганам. Биз окууну жаңы бүтүп келген жылдары кыздардан каттар көп келчү. Ал кездеги кыздар да ыймандуу болгон. Каттарында да тек гана өнөргө баа берип, өнөрүңдү сыйлап таанышкысы келгендерин жазышкан. Кээде бири-бирибизди кызганып тултуңдап да калчубуз. Кызганыч деген жетимишке чыкканда да болот. Анткени ал бир үй-бүлө да. Бирок жаш өйдөлөгөн сайын көңүлдүн баары балдарга өтүп кетип, кызганганга деле убакыт болбой калат.

Кымбат Турдубекова