“Жолдошумду сүзүп өлтүрүшүп, ишти жаап салышыптыр”

Alltynbek JumaevРедакциябызга Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну Насиба Хожибековадан кат келген. Катта жолдошу жол кырсыгынан улам каза болуп, ал эми аны сүзүп өлтүрдү деп шектелген адам жазасын албай, атүгүл ишти жаап салышкандыктарын айтып зар какшайт.

Жолдошум маркум Сарпашов Жылдызбекти 2015-жылдын 18-январь күнү автоунаа уруп кетип каза тапты. Өлгөнүнө элүү күндөн ашты. Ушул убакка чейин уруп кеткен адам биздин алдыбызга келип кечирим да сурап койгон жок. Матералдык, моралдык чыгымды төлөгөндү мындай эле коелу, адамгерчилик кылып астыбыздан өтүп койгонго жарабады. Биз сот болот, бир күнү тергөөчүлөр келип бизди сурайт деп күтүп отурдук. Бирок бул иш биздин катышуубуз жок эле жабылып калганын угуп, күйүп жатабыз.
Ошондон улам чындыкты издеп, сиздерге кайрылып жатам. Жылдызбек апамдын жалгыз уулу болчу, апам 3-топтогу майып, жакшы сүйлөй албайт, сүйлөсө да өз оюн жеткиликтүү түшүндүрө албайт. Жылдызбек экөөбүздүн турмуш курганыбызга үч жыл болду. Ортодо бир жаш эки айлык уулубуз бар. Жетишпестиктин айынан кыйналсак да, жокко чөкпөй, барына каниет кылып ынтымактуу жашап жаткан элек. Январь айында жолдошум Таш-Көмүрдүн Кызыл-Алма деген жерине иштегени кеткен. 18-январь күнү «20-январь сенин туулган күнүңө карата 500 сом салам. Аз болсо да майрамдап койгула. Бул жакта шамал болуп жатат. Келем деп убара болбогула. Мен маршрутканын айдоочусунан эле берип жиберем» деп чалган, макул деп акчасын күтүп алганбыз. Ал күнү жолдошумдан кабар болгон жок. Эртеси кечке маал үйгө кайнагам келип «Баламды үйлөнтүп атам, үйгө барып жардам берип койгула» дегенинен биз сүйүнүп үйүнө барсак, жолдошум Сарпашов Жылдызбектин өлүгүн алып келип, даярданып коюшкан экен. Биз бирөөнүн үйүндө батирде жашагандыктан, жолдошумдун сөөгү кайнагамдын үйүнөн жерге берилди. Көрсө, бизге акчаны салып коюп кетип баратып, кырсыкка учураптыр.
Бизге кайнагамдар “Сот болот, сотто баардыгын сүйлөшөсүңөр” деп айтышкан эле. Тилекке каршы, эч кандай сот болгон жок, милиция органдары да келип окуянын чоо-жайын сурашпады. Биздеги маалыматтарга караганда, жолдошумду сүзүп кеткен автоунааны Жалал-Абад шаарынын “7-каналынын” жетекчиси Алтынбек Жумаев башкарып бара жаткан экен. Кийин ордуна жаш баланы коюп койгон дейт. Ал болбосо, рулда отурган адам эмнеге кечирим сурап келген жок?
Таш-Көмүр шаарынын тергөөчүсү Сейдакматов бизден сурабастан, өзү ичип алып машиненин астына кирип кеткен деген куру шылтоо менен ишти жаап салыптыр. Эгерде уруп кеткен адам чын эле акырын айдап келе жаткан болсо, буту-колу сынып, кайрылып калганча, көпкө чейин сүйрөп барып таштап койбойт да. Урматтуу Президент, ушул иш боюнча уруп кеткен адам сот жообуна тартылышын көзөмөлдөп берсеңиз! Сизден акыйкаттык күтөбүз!

Чолпонбек АЙТБАЕВ, адвокат: “Машине кимге таандык экени аныкталган эмес”
Жогорудагы катта айтылган факты боюнча маркум Сарпашов Жылдызбектин жубайы, апасы, адвокат маалымат жыйын өткөрүштү. Окуянын чоо-жайын адвокаты Чолпонбек Айтбаев түшүндүрүп берди.
– Бул маселе боюнча мага маркум Жылдызбек Сарпашовдун келинчегинин таекеси Мендалы Айтикеев кайрылган. Окуя болгондон кийин Жалал-Абад телеканалынан «7-каналдын” жетекчиси Алтынбек Жумаев жолдо келе жатып кечки саат 19:00 чамасында адам сүзүп алды» деген маалымат кеткен экен. Ошондо маркумдун туугандары «Жылдызбекти ушул сүзүп кеткен экен» деп ушул окуя менен байланыштыра башташкан. Бул ишти Таш-Көмүр ШИИБинин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Н.Сейдакматов караган. Бирок, апасы Жолдошбаева Тажикандан жана туугандарынан тосмо арыз түшкөндүгүнө байланыштуу деп 12-февралда ишти жаап койгон. Туура, биздин Кылмыш кодекси боюнча жакындарынан тосмо арыз түшсө, ишти жапса болот. Бирок, маркумдун апасы, келинчеги тосмо арыз жазбаганын айтып жатышат. Бул кырсык боюнча тешелүү экспертизалар жүргүзүлгөн эмес. Учурда уруп кеткен машина кимге таандык экени да белгисиз. Ал тургай делодо машиненин техпаспортунун көчүрмөсү жок. Жыйырма эки жашар балада кымбат баалуу “Лексус” машинеси каяктан болсун деген суроолор жоопсуз калып жатат. Биз бул иш кайрадан, кылдат иликтенишин талап кылабыз.

Жазып алган Кымбат ТУРДУБЕКОВА